Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Хакимов: Биригели, кыргыз диаспоралары!


Айбек Хакимов
Айбек Хакимов

23-мартта АКШнын Нью-Йорк шаарында чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын бүткүл дүйнөлүк биринчи форуму өтөт.

Форумдун маани-маңызы, чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын кызматташтыгы менен маселелери тууралуу уюштуруучу, АКШда негизделген “Кыргыз клаб” бирикмесинин жетекчиси Айбек Хакимов Нью-Йорк шаарынан “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Сиздер чет жердеги кыргыз диаспораларынын биринчи форумун өткөргөнү жатасыздар. Мындай иш-чараны өткөрүүгө эмне түрткү болду?

- Бул форумду өткөрүү идеясы мурда эле пайда болуп, ишке ашпай келген. Анан биз “Кыргыз клаб” ушул демилгени колго алып, чет жердеги кыргыз диаспораларынын бардыгы жолугуп, сүйлөшүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, балким келечекте бирге кызматташуусу үчүн ушул форумду өткөрүүнү чечтик. Анткени 20 жыл ичинде биздин мекендештер бүт дүйнөгө жайылды.

Ар кыл өлкөлөрдө уюмдар түзүлүп, кошуундар, маданий борборлор түзүлө баштады. Натыйжада биригүүгө, чогулуп сүйлөшүүгө мезгил жетти. Ошентип форумду өткөрүүнү чечтик. Мындай чечимди кабыл алуу да оор болду. Бирок өзүбүздү колго алдык.

Байкашымча, аракетибизден натыйжа чыга баштады. Азыр форумга катышуу үчүн ар кыл өлкөлөрдөн, Италиядан, Орусиядан, Араб Эмираттарынан кыргызстандыктар келе башташты. Бүгүн Кыргызстандан да келишет.

- Жалпы алганда канча өлкөдөн кыргызстандыктар келе жатышат?

Форумга катышуу үчүн Италиядан келген делегация
Форумга катышуу үчүн Италиядан келген делегация
- Азыр он өлкөдөн ар кыл уюм, кошуундар катталды. Алар биз отурукташкан АКШ, Канада, Англия, Германия, Түркия, Араб Эмираттары, Казакстан, Гаитидеги кыргызстандыктар. Бул өлкөлөрдөн жалпы 30 кыргызстандык, АКШнын штаттарынан 20-30дай кыргыз жараны келет.

- Нью-Йоркто өтө турган бул форумдун алкагында көбүрөөк кайсы маселелерди талкуулайлы деп жатасыздар?

- Бизде ар кандай маселелер бар. Алар: маданий, экономикалык, бизнес багытындагы маселелер. Албетте саясий маселелер да талкууга коюлат. Маданиятты жайылтуу, ар кандай фестивалдарды өткөрүү, фильмдерди көрсөтүү, артистердин АКШга келиши өңдүү аракеттер маданий маселеге кирет. Экономика багытында диапоралар арасында бизнести өнүктүрүү, балким ишкерчилик боюнча чогуу кызматташуу боюнча ой-пикирлер талкууга алынат.

Ал эми саясат багытында чет жердеги кыргызстандыктардын шайлоого катышуу жагдайы негизги маселелердин бири болот. Анткени өткөн президенттик шайлоодо чет өлкөдөгү нечендеген кыргызстандыктардын ичинен болгону 3 миң адам гана шайлоого катыша алды. Себеби бир топ административдик тоскоолдуктар болуп, мамлекет чет жердеги жарандарынын шайлоого катышуусун камсыздай алган жок.
Маекти толугу менен бул жерден угуңуз.



- Чет жердеги кыргызстандык диаспоралардын биринчи форумун өткөрүү демилгелерин интернеттеги “Фейсбук” социалдык түйүнүн колдонгон чет жердеги кыргыз жарандары өтө жылуу кабыл алып, колдоп жатышат. Эми чет жердеги кыргызстандыктар биригип, кандай күчкө ээ боло алат? Чогулуп эмне иш жасай аласыздар?

- Булардын бири катары биз бирге иш алып баруу максатында Кыргыз диаспораларынын ассоциациясын түзүү демилгесин көтөрөлү деп жатабыз. Чет жердеги кыргыз жаранын эң башкы милдети өзү жүргөн жерде маданиятты жайылтуу болуп саналат. Кыргыз жарандарынын өздөрү да өнүгүп өсүшү, окуп, бизнестерин ачышы керек.

Бул багытта бири-бирибизге кандай көмөк көрсөтө алаарыбызды сүйлөшөбүз. Анан бардыгыбыз биригип Кыргызстанга кандай жардам бере алабыз деген эң маанилүү маселе бар. Өлкө үчүн колдон келген эмне иш кыла алабыз деген суроону талкуулайбыз.

- Чет жердеги кыргызстандыктардын да өзүнчө көйгөйлөр бар. Алар талкууга алынабы?

"Кыргыз клаб" бирикмесинин мүчөлөрү
"Кыргыз клаб" бирикмесинин мүчөлөрү
- Кыргыз жарандарынын жашап жаткан өлкөдөгү маселелерин да карайбыз. Маселен, ишке орношуу, документ алуу, мыйзамдуу жашоо, жергиликтүү бийликтер менен мамиле түзүү багытындагы кыргызстандыктар жүргөн мамлекеттерде ар кыл маселелер бар. Маселен, Орусияда башка, АКШ өзүнчө маселе бар. Бул багытта тажрыйба, сунуш, ой-пикирлерди алмашабыз.

- Акыркы мезгилде өзгөчө Орусиядагы кыргыздар тууралуу көп сөздөр айтылып жатат. Маселен, Орусиядагы кыргыз мигранттары бири-бирин тоногон, өз кыздарына шек келтирген учурлар талкууга алынып жатат. Натыйжада Кыргызстандан сырткары жүргөн мигранттар болобу, кыргыз диаспорасы болобу ынтымактуу деп айта алабызбы?

- Албетте бир катар маселелер бар. Мен да интернеттеги видеону көрдүм. Бирок интернеттеги бир видео менен бардык кыргызстандыктарды айыптап, баары ушундай дегенге болбойт. Андай учурлар да бар.

Чет жердеги кыргыз жарандарынын басымдуу бөлүгү андай эмес. Башка өлкөдө жүрүп биз бириккенге аракет кылып жатабыз. Биз бирдиктүүбүз. Өтө турган бул форум да биздин бирдиктүү экенибизди, аймактарга карап бөлүнбөгөнүбүздү көрсөтөт.

- Рахмат. Форумду жакшы өткөрүп алыңыздар.

XS
SM
MD
LG