Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Кырсыкта набыт болгон айдоочунун жакындары орус элчилигинин үстүнөн даттанат


"Zanoza.kg" сайтынан алынган сүрөт.
"Zanoza.kg" сайтынан алынган сүрөт.

Бишкекте Орусия элчилигинин катышы бар жол кырсыгында набыт болгон айдоочунун жакындары милицияга даттанат. Алар бүгүн Патрулдук милиция башкармалыгына арызданарын маркумдун жубайы Нелли Лексина “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Элчиликтен эч ким бизге келген жок. Айрым гезиттер дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери маркумдун жакындарына телефон чалганын жазышыптыр. Эч кандай коңгуроо болгон жок. Жолдошумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын өзү мурда иштеген компания жүргүздү, - деди Лексина.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова бул боюнча комментарий бере албай турганын айтты. Ал эми жол кырсыгына катышкан дипломаттын мындан аркы ишмердиги кызматтык териштирүүдөн соң билинерин, жабыркаган тарапка кенемте төлөп берүү жагы караштырылып жатканын кошумчалады. Бирок канча сумма болору азырынча так эмес.

16-февралда Бишкекте элчиликтин Toyota Land Cruiser Prado унаасы менен «Мерседес-Спринтер» кагылышкан. Катуу ылдамдыкта бараткан жолтандабас кызыл жарыктан өтүп жүк ташуучу автоунааны сүзгөнү тартылган видео интернетке тараган. Кырсыкта «Мерседес-Спринтер» автоунаасынын айдоочусу көз жумган. Орус дипломаты да ооруканага түшкөн.

XS
SM
MD
LG