Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Кыргыз-исланд бир тууган


Алгач Исландиядагы “Кефлявик” эл аралык аба майданына конуп, чек ара бекетин өтүп баратканымда эле кыргыз атуулдугумду көргөн чек ара кызматкери кесиптештеринин баарын чакырып, менин паспортумду аларга көрсөтүп жатып “Hann er kirgiska frá Kirgisistan!” дегенин уктум. Ал мөөрүн басып, исландча “Velkomin til Íslands!” же “Исландияга кош келиңиз!” деп документтеримди кайра кайтарды. Көрсө, “Кыргызстандан кыргыз келди!” деп чек арачылар менен сүйүнүчүн бөлүшкөндөгүсү экен. Кызыгы, кайра кайтып жатканымда дал ошол кызматкерге туш болдум. Жашы отуздарга жетпеген жигит Кыргызстан тууралуу сурап, кыргыздар жөнүндө көп укса да, “Сиз мен көргөн биринчи кыргызсыз” деп айтты.

Исландиянын борбор калаасы Рейкьявикти кыдырып жүрүп, кызыктуу адамдар менен кыргыздар жөнүндө баарлаштым. Мен ал жакка түндүк жана түштүк уюлдарга жакын жерлерде гана кездешүүчү табияттын кубулушу – уюлдук шооланы (полярное сияние) көргөнү сапар тарткан элем.

Белгилей кетчү нерсе, исланддар да байыркы кыргыздардай жаратылышка, тоо-ташка, ай менен күнгө, асманга сыйынып, көптөгөн колдоочу пирлери болгон экен. Ал эми азыр алар тарса (христиан) динин тутунушат. Алар кыргыздардай койдун этин көп жешет. Исланддардын ата-теги скандинавиялык викиңдер жана ирландиялык кельттер.

Рейкьявиктин деңиз бекетинин боюнда туруп, өмүрүмдө көрбөгөн планетабыздагы эң чоң жаныбар - көк киттерди таң калып карап турсам, орто жаштагы жергиликтүү түгөй жаныма келип калды. “Киттин этин жеп көрдүңүз беле?” деп элүүгө чамалап калган аял менден кызыгып сурап калды. “Жок, жемек турсун, мен бул жаныбарларды биринчи жолу көрүп жатам” деп жооп бердим. Аларды ээрчип, киттин этинен даам татып көрөйүнчү деп бир ашканага баш бактык. Кит сууда жашаганы менен балык эмес. Жаныбарлар дүйнөсүнүн эң чоң сүт эмүүчүсү киттин эти балык менен тооктун этинин синтезиндей сезилди.

Ал ортодо чачын ак бубак баскан киши кайсыл жактан келгенимди сурады. Кыргызстандан экенимди уккан соң, бир кызыктуу маек куруп берди. Анын айтымында, кыргыздар менен исланддар тууган элдер. Ал киши сөзүн мындайча баштады.

“Кыргыздар Батыш Сибирдин түндүгүн байырлап жүргөндө, Түндүк муз мухити жана Бериң кысыгы муз болуп тоңуп турганда, кыргыздар көптөгөн элдер менен мамиле курган. Алардын бири азыркы исланддардын бабалары викиңдер. Викиңдер азыркы Украинадан тээ Ыраакы Чыгышка чейин барышкан. Ошентип, биздин ата-бабаларыбыз байыркы кыргыздар менен алака түзгөн. Кыргыздар викиңдерди жакшы коноктоп, Скандинавияга 20 чакты сулуу кыргыз кыздары келин болушкан. Жылкыны асырап кармоону кыргыздар бизге үйрөткөн. Дал ошол викиңдерге келин болгон кыргыз аялдары күйөөлөрү менен азыркы Ирландияга жортуулга чыгышкан. Ирландияны байырлап, жергиликтүү кельт эли менен жуурулушуп, азыркы Исландияга келип отурукташып калышкан. Биздин өңүбүз да скандинавдардай эмес, биз алардан айырмаланып турабыз. Себеби бизде кыргыздардын каны бар да!”

Кызык сөзгө муюп, күн батканын да байкабай калыптырмын. Ал кишинин айтып бергени мага катуу таасир калтырып, терең ойго салды. Анын аялы да ортого кебин салды.

“Жада калса биздин аты-жөнүбүз да кыргыздардыкындай. Эркектердин фамилиясы атасынын атынан кийин “уулу” (“son”) деген сөз менен бүтөт. Аялдардыкы болсо “кызы” (“dóttir”) деп аяктайт. Скандинавияда гана эмес дүйнөдөгү эң биринчи айым президент (Вигдис Финнбогадоттир) Исландияда шайланган. Силердин (ошол кездеги) президентиңер (Роза Отунбаева) мурдагы СССРдеги эң алгачкы аял башкаруучу. Советтер Союзу маалында кыргыз өнөрпоздору келип турчу, азыр такыр эле келбей калышты.”

Кыргызстандын искусство чеберлеринен эң биринчи болуп комузчу Самара Токтакунова, акын Эстебес Турсуналиев, балерина Айсулуу Токомбаева жана ырчы Токтонаалы Сейталиев Исландияда 1984-жылы алгачкы жолу кыргыз музыкасын исландиялыктарга тартуулаган экен.

Бул исланд түгөйдүн баянын уккан соң, мейманканага келип, кыргыз-исланд тууганчылык байланышын издеп ааламторду “тытып” чыктым. Эң таң калычтуусу, чынында эле ушул тууралуу илимий божомолдор жана гипотезалар бар экен.

АКШдагы Стэнфорд университетинин 2001-жылы жарык көргөн “Евразия жүрөгү” деген аталыштагы илимий эмгекте “кыргыз эркектеринде кездешүүчү генетикалык R1a1 гаплотобунун үлүшү исланд эркектеринин 25% да кездешет” деген далил бар экен. Ал изилдөөдө дезоксирибонуклеин кычкылынын (ДНК) “Y” хромосомасы изилденген. Стэнфорд университетинин генетиктеринин изилдөөсүнө таянсак, кыргыздардын исланд гана эмес, ишкашимдиктер, тажиктер, поляктар, пуштундар, украиндер, орустар жана бартаңдар менен да генетикалык байланышы бар экен.

Америкалык илимпоздордун айтымында, кыргыздардын "Y" хромосомасындагы R1a1 гаплотобунун төмөн көп түрдүүлүгү тиешелүү тарыхый мезгилдеги негиздөөчү эффектти тастыктайт. Бул гаплотоптун кыргыз генинде кездешкенинин өзү эле кыргыздардын прото-индо-европа тилдүү элдердин байыркыларына таандык экенин далилдейт. Америкалык генетиктер “Кыргыздар көчүп-конуу, түрдүү улуттар менен нике куруу жана башка этностор менен жуурулушуунун негизинде өңү-түсү жана тили өзгөргөн” деген тыянакка келишкен.

Түтүндүү булуң

Рейкьявик жер шарындагы эң түндүктөгү байтак шаар жана болгону 118 миң калкы бар. Исландиянын өзүндө 300 миңге жетпеген адам жашайт. Рейкьявик дүйнө жүзүндөгү эң таза шаар жана так ортосунан көк чаар балыкка толгон Эллида дарыясы агып өтөт. Түнкүсүн уюлдук шоола Атлантика мухитинин түндүгүндөгү чакан арал мамлекетти өзгөчө кооздукка бөлөйт.

Арал Түндүк уюлга жакын жайгашканына карабастан жылуу. Жер астындагы кайнар булактар, ысык суулар, жанар тоолордун түбүндөгү жалындуу лава жана Рейкьявиктеги Төрнин көлү – абанын температурасын мелүүн кармап турат. Өлкө боюнча борбордук жылытуу системасы таптакыр жок. Исландиялыктар кайнар булактарды түтүк менен киргизип алып имараттарды жылытышат. Асфальты ар дайым жылуу жана ошондуктан кар көп турбайт жана тоңбойт.

Өлчөмү боюнча Кыргызстандын Жалал-Абадындай Рейкьявикте эки аба майдан жана эки деңиз бекети бар. Рейкьявиктин эң көрүнүктүү жери 1787-жылы таштан салынган Домкиркян ибадатканасы. Халгримскирка чиркөөсү 1986-жылы 38 жылга созулган куруу иштеринен соң аяктаган. Бул Исландиядагы эң бийик (75 метр) диний мекеме. Чиркөөнүн так ортосунда 25 тонналык орган жайгашкан. Ал эми өлкөдөгү эң бийик имарат Рейкьявиктеги Смараторг мунарасы – 78 метр.

СССРдин жана АКШнын жетекчилери катышкан белгилүү “Рейкьявик саммити” Исландиянын борбор калаасындагы Хөфди деген байыркы чакан үйдө 1986-жылы 11-12-октябрда өткөн. Жолугушууда Михаил Горбачёв жана Рональд Рейган өз өлкөлөрүндөгү өзөктүк куралдын санын азайтуу туурасында баарлашкан.

Рейкьявиктин же кыргызча которгондо “Түтүндүү булуңдун” эң алгачкы тургуну Ингольфур Арнарсон 870-жылы Скандинавиядан жер которгондон соң Норвегиядан IX жана X кылымда көчмөндөр келе баштайт. Викиңдер аралга биринчи ирет III кылымда келип кеткени белгилүү.

Норвегия Хандыгы алсыздап турган чакта, Исландия 1395-жылы Дания Хандыгына кошулат. Исландия же кыргызча айтканда “Жанар тоолуу арал” – 1944-жылы көз карандысыз болгон. Дүйнө жүзүндөгү азыркы күнгө чейин иш жүргүзгөн эң байыркы парламент – Альтиң 930-жылы алгач ирет жыйын өткөргөн. Исландияда 1989-жылга чейин сыра сатууга тыюу салынган экен.

Исландияда көлөмү Кыргызстандын бир дубанындай мөңгүлөр, жер астынан атылып чыкканда бийиктиги 100 метрден ашкан оргума суулар, активдүү он чакты жанар тоолор, ысыктыгы 40°С ашкан шаркыратмалар жана көптөгөн токойлор бар. Рейкьявикти курчап турган Факсафлой булуңунда киттер, кашалоттор жана касаткалар кайыктардан такыр коркпой эле ээн эркин сүзүп жүрүшөт.

Исланддар ар бир күнүн таң эртеден геотермалдык бассейнде сүзүүдөн баштайт. Арал өлкөдө Европадагы эң чоң күнөскана бар экен. Күнөсканада жашылча жана мөмө-жемиштин бардык түрү өстүрүлүп, ал жерде өндүрүлгөн азык-түлүк Исландиянын 300 миңге жетпеген калкына алты айга чейин үзгүлтүксүз жетет. Үч жыл мурда 2010-жылдын 14-мартында Эйафьядлялөкүл мөңгүлүү жанар тоосу атылып, учактар таптакыр каттабай калганда, күнөскана исландиялыктарды тамак-аш менен толук камсыздады. Эйафьядлялөкүл – кыргызчага “аралдагы муздуу тоо” деп которулат.

Ирланд менен инуитти болсо ким тууган?

Ал ортодо ирланд кесиптешим да алардын бабалары кельттер кыргыздар менен мамиледе болгонун жана туугандык катнаштары бардыгын айтып чыкты. Эми атактуу ирландиялык “Гиннес” сырасын ичкен соң, мурдагы кесиптешим өзүнүн божомолун айтып кирди.

“Түндүк муз мухити аркылуу кельттер азыркы Орусиянын Түндүк элдери менен катнашы болгон. Биз кеме курууну жөнгө салып, көптөгөн элдер менен эзелтеден мамиле курганбыз. Алардын бири байыркы кыргыздар. Албетте, сен мен билгендей, кельттер катташкан байыркы көк көздүү кыргыздарга такыр окшобойсуң. Ошентсе да азыркы ирланддар кыргыздардай эле урууга бөлүнүшөт. Кыргыздарда ар бир уруунун өзүнүн тамгасы бар эмеспи, дал ошол сыяктуу эле бизде да ар бир уруунун өз эн белгиси бар. Ирланддар да кыргыздардай намыскөй. Кыргыздар ирланддардын тууганы болгону үчүн силерге Ирландияга виза бекер да! Мени карачы, менин эмнем байыркы кыргызга окшобойт?!”

Данияга баш ийген Гренландияны байырлаган инуиттер да “кыргыздар биздин туугандарыбыз” деп чыкты. Өңү-башы кыргыздарга окшош инуиттер, мындайча айтканда эскимостор 2010-жылы октябрда бир ай бою “Кыргыз ак калпагы” деп аталган маданий иш-чара өткөргөн. Дүйнөнүн эң түндүгүндөгү Уумманнак балдар үйүндөгү тарбиялануучулар калпак кийип алып, кыргызча ырдап-бийлеп гренландиялыктарды таң калтырган. Балдар үйүнүн тарбиячысы, актёр жана коомдук ишмер Оле Йөрген Хаммекен баш болгон инуиттердин тобу былтыр өз өнөрлөрүн тартуулап Кыргызстанга келип кеткен. Анын айтуусунда, байыркы кыргыздар Бериң кысыгы аркылуу Аляскага, андан ары Канаданын түндүгүнө жана Гренландияга жер которушкан. Алардын бир тобу Аляскадан Борбордук жана Түштүк Америкага карай жол баскан.

Албетте, тарых тактыкты сүйөт. Жогоруда жазылгандар аттын кашкасындай анык жана так далилдер эмес жана илимий максаттарды көздөбөйт; көптөгөн талкуу-талаштарды жана толгон токой сын менен ой-пикирлерди жаратышы мүмкүн. Кантсе да илимий божомолдор, гипотезалар, генетикалык изилдөөлөр, аз сандагы далилдер жана уламыштар кыргыздардын, байыркы калктардын бири экенин далилдегенсийт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG