Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Эксперт Илим Карыпбеков Жогорку Кеңеште кыргыз тилине байланыштуу чыккан маселелер боюнча маек курду.

"Азаттык": Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламентте жалаң кыргызча сүйлөш керек деп, буга байланыштуу талаштар чыгууда. Мунун арты эмнеге алып келиши мүмкүн жана ал талап канчалык мыйзамдуу?

Илим Карыпбеков: Бул маселенин эки тарабы бар. Биринчи кезекте, депутаттар алган жанагындай багытты бир аз радикалдуу деп эсептейм. Себеби тилди кыйноо, мажбурлоо жолу менен үйрөтүү, даңазалоо, баалуулугун көтөрүү мүмкүн эмес.

Бирок ошол эле учурда бул биздин кыргыз аткаминерлер жөнүндө айтылып жатат да. Бул жерде депутаттарды да бир чети түшүнсө болот. Кыргызча сүйлөөнүн үлгүсүн биздин аттуу-баштуулардан көрсөк болот. Ошондуктан эгерде министрлер, же дагы башка чиновниктер кыргыз улутунда болсо аны мажбурлоо жолу менен эмес, кандайдыр бир моралдык-этикалык жактан бир аз уяткарып “өзүңүз кыргыз болуп, кыргызча билбейт экенсиз”, десе болот. Болбосо аны мажбурлап “жок, сиз сүйлөшүңүз керек, болбосо кетишиңиз керек”, - дегендин кесепети абдан оор болот.

Өзүңүз билесиз, бизде "улутчулдук, кыргыз тилин мажбурлоо, башка улуттарга көзү түз эмес" деген сөздөр көп жазылып жүрбөйбү. Ошондой учурда биздеги башка улуттагы адамдар Кыргызстандан чыгып кетип жатат. Ошолордун арасында да кайсы бир бөлүгү ичинде уйгу-туйгу болуп, “кетсемби, же кетпесемби” деп аткандарга парламенттегидей көрүнүш “мына, буларда парламенттин деңгээлинде расмий тил Баш мыйзамда бекитилгенине карабастан мажбурлап, кыйнап жатат” деп, аларга акыркы түрткү болуп кетиши мүмкүн.

Мындай көрүнүштөр көп адамдын кетишине түрткү болуп, ошол эле учурда "кыргыздар улутчул, ушундай жол менен гана иш-аракеттерге барат" деген ой пайда болуп, бул өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Парламент азыр өтө эле ачык иштеп жатпайбы. Ал жерде өзүңүздөр көрүп жатасыздар, элдин башы, журттун башы дегендер чогулат. Алар тескерисинче маданияттын, деңгээлинин бийиктигин, акыл-сезиминин бийиктигин көрсөтүшү керек.

“Азаттык”: Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн, коргоп-колдоонун башка кандай жолдорун тапса болот?

Илим Карыпбеков: Бул комплекстүү, өтө чоң иш-чаралар болушу керек. Бир эле нерсе менен чечип коюш деген нерсе туура эмес. Эгер бала бакчаны деле алсак, адегенде ага шарт түзүү керек. Шарт түзүүдө эң биринчи кезекте китептерди, окуу жана үйрөнүү методикаларын көп чыгарышыбыз керек.

Бизде азыр мектепте, бала бакчада кыргызча китептер дээрлик жок. Ушул жактан башташыбыз керек. Мамлекеттик деңгээлде кыргыз улутундагы адамдар үйдө балдары менен кыргызча сүйлөөрүн даңазалашыбыз керек.

Совет доорунан бери орусча сүйлөп калган адамдарга тил үйрөтүү методикасы такыр башка. Мисалы, мен кыргызча сүйлөп, кыргыз мектепте окусам да, азыр сиз менен сүйлөшүп жатып, орусча сөз кошпогонго зор аракет кылып жатам.

Орусча сүйлөгөн аймакта жүрүп, күнүгө орус тилди колдонуп калгандан кийин таптакыр кыргызча сүйлөп, бир да орусча сөз кошпоо өтө эле кыйын.
Мамлекеттик деңгээлде кыргыз улутундагы адамдар үйдө балдары менен кыргызча сүйлөөрүн даңазалашыбыз керек.

Азыр өзүңүз билесиз, электрондук багытта көп адамдар аралашып иштеп жүрөт. Интернетке күнүгө киребиз, маалымат алабыз. Бири-бирибиз менен кат алмашабыз. Ошонун баары орус тилинде жүрүп атат.

Тил комиссиясы көп сөздөрдү кыргызчага которуп жиберген. Бирок ошол эле учурда ал кыргызча сөздөр түшүнүксүз. Түшүндүрмөсүн сураганда да биз аны кайсы жерден алабыз, сөздүк жок. Ошол эле сөздөрдү орусча түшүндүрмөсүн интернетке кирип таба коюш бир заматта, ал эми кыргызчаны такыр таппайсың. Андай сөздөрдүн чечмелөөсүн билиш үчүн тил комиссиясынын телефонун билип, ал жерден да тиешелүү адисти таап, анан сураш керек болот. Бул тоскоолдуктарды жаратат. Андан көрө мен орусча сөздөрдү колдонуп кеткеним оң деп орусча колдонуп кетебиз.

Ошондуктан тилди жайылтуунун ыкмалары өтө чоң. Бирок сөзсүз түрдө радикалдуу, мажбурлоо жолу менен эмес, тескерисинче билим берүү, маданияттык-этикалык деңгээлди көтөрүү жолу менен болуш керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG