Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Шаардык кеңештин айрым депутаттары жыйындар мындан ары кыргыз тилинде өтүшү керектиги тууралуу маселени козгоп чыгышты.

Шаар кеңештин өткөн жуманын соңундагы жыйынындагы узак талкууда бул демилге колдоо тапкан жок. Бирок жыйынды эки тилде жүргүзүү менен кыргыз тилине артыкчылык берүү сунушу жактырылды.

Кош тилдүү шаардык кеңеш

Былтыр Жогорку Кеңеш мамлекеттик кызматта иштегендерди кыргыз тилин билүүгө милдеттиндирген мыйзам кабыл алган болчу. Бирок президент Алмазбек Атамбаев документке кол коюудан баш тарткан эле.

Регламент боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга ар квартал сайын чогулат. Сессия негизинен расмий тилде - орус тилинде өтөт.

Жыйындардарды мамлекеттик тилде өткөрүү демилгесин “Республика” фракциясынын депутаты Жусупбек Коргонбай уулу көтөрүп чыкты. Андан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер баяндамасын кыргыз тилинде жүргүзсүн деген да сунуш болду. Узак талаш-тартыштан кийин сессияны эки тилде өткөрүү маселеси добуш берүү менен чечилди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди:

- Биздин фракциянын депутаты Элвира Сариеванын сунушун колдодук. Ага ылайык, сессия эки тилде өтөт, бирок кыргыз тилине артыкчылык берилет. Биздин жыйындар эми ар кандай өтөт: теңи кыргызча сүйлөйт, теңи орусча. Негизи тил боюнча маселе жок жерден эле башталды.

Айрым депутаттар сессияны жалаң кыргызча өткөрүү үчүн котормочуларды жалдаш керек болоорун, мындан улам шаар казынасына ашыкча жүк келерин айтып чыкты. Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов болсо жыйынды эки тилде алып бара албай турганын билдирип, эгер кыргызча өткөрүү талап кылынса спикерликти өткөрүп бере турганын айтып чыкканы маалым болду.

“Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев мамлекеттик тилге өзгөчө маани берилиш керек деген ойдо:

- Мен билбейм деп туруп маселеден кетип калуу туура эмес чечим. Биз ошого барышыбыз, үйрөнүшүбүз керек. Өзүн сыйлаган бардык эле өлкөлөрдө сессиялар өз мамлекеттик тилинде эле өтөт. Эн башкысы каалоо керек. Эгер мекенимди, ошол мекенимде жашаган жакындарымды жана шаардыктарды жакшы көрсөм, анда мен ошол жерде жашаган элдин тилин үйрөнүшүм керек. Ошол тил аркылуу жергиликтүү үрп-адат, маданиятын үйрөнүүгө өтөсүң. “Тилди үйрөнбөйм, жаман көрөм, бирок элин жакшы көрөм" деген эки ача маселе

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Союзбек Салиев болсо эң ириде тилге эмес, ишке көңүл буруу зарылдыгын, сабырдуулук керектигин кеп кылууда:

- Эң башкысы - иштин жыйынтыгы. Жакшы иштеп, маселени жакшы кароо. Бирок биз тил маселесине да көңүл бурушубуз керек. Шаардык кеңеш – Бишкектеги эң жогорку орган. Бирок тил маселеси толеранттуу, эч кимге басым жасабай жүрүшү керек. Бишкектин өзгөчөлүгү, бул жерде 30 пайыздан жогору башка улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын арасында биздин дагы шайлоочулар бар. Ошондуктан биз эки тилде өткөрөлү дегенге токтолдук. Ар ким оюн эркин айтсын. Бирок биз котормочуларды коюп, тийиштүү шарттарды түзүп беришибиз керек.

Мамлекеттик тил боюнча стратегия

Кыргыз тил меселеси былтыр Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Парламент тилге байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана толтуктоо киргизүү боюнча долбоорлорду жактырган. Анда мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген жобо бар болчу. Мамлекеттик тилде сүйлөбөгөндөр бул эреже алардын конституциялык укуктарын басмырлай турганын айтып, каршы чыгышкан.

Бирок президент Алмазбек Атамбаев парламент кабыл алган бул мыйзам долбоорго кол коюудан баш тарткан болчу. Андан кийин мамлекеттик тилди өнүктүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча президенттин жардыгы чыккан. Ага ылайык жумушчу топ түзүлгөн.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Алмаз Кулматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жумушчу топ тилди өнүктүрүү боюнча стратегиянын долбоорун даярдады:

- Мамлекеттик тил – кыргыз тили Конституцияга ылайык, эл аралык мамиленин, сүйлөшүүнүн, жалпы кыргыз элин, Кыргызстандын элин бириктире турган факторго айланууга тийиш. Стратегияда андан башка да чаралар камтылган. Мисалы мектепте балдар кыргыз тилин окуп эле атат, бирок тилди билбей чыгып атат. Дагы бир коркунуч: эч бир тилди жакшы билбеген муун калыптанып калышы мүмкүн. Глобалдашкан дүйнөдө биздин жарандар, биздин жаш муун мамлекеттик тилди жакшы билип, расмий тилди да билип, дүйнөлүк тилдерди да өздөштүрүп чыкса деген жобо ошол программада камтылган.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча долбоор 2014-2020-жылдарга белгиленген жана ал үч этаптан турат. Документ жакын арада Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин талкуусуна коюлмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG