Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

23-сентябрда Кыргызстандын "Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынганына 27 жыл болду. Бирок, кыргыз тили мамлекеттик тил катары өз макамына толук ээ боло алган жок.

Айрыкча, мамлекеттик башкаруунун жогорку бийлик бутактарында маанилүү документтер адегенде орус тилинде жазылып, андан кийин кыргыз тилине которулгандыктан Конституция баштаган мыйзамдарды түшүнбөгөн жарандар арбын.

Буга эмне себеп? Эмне үчүн мыйзамдар мамлекеттик тилде жазылбайт? Эмне үчүн мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн миңдеген каражаттардын кайтарымы болбой жатат? “Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга мыйзам долбоорунун автору, профессор Сыртбай Мусаев, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов жана Жогорку Кеңештин лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыр Султанбаев катышты.

“Азаттык”: Сыртбай мырза, эне тилдин энеси аталган академик Бүбүйна Орузбаева сизди мындан 27 жыл мурун кыргыз тилин мамлекеттик тилге айландыруу үчүн азыркы мыйзам долбоорун даярдаган алгачкы автор деп жазган. Азыр ошол мыйзам максатына жетти, кыргыз тили чыныгы мамлекеттик тил макамына толук ээ болду деп айта аласызбы?

Мамлекеттик тил мыйзамын жакшы аткарбаган аткаминерлерге сөгүш берип, кызматтык чара көрүүгө мезгил жетти.

Сыртбай Мусаев: Чындыгында биз өзүбүз аз нерсени жасап, көп нерсени талап кылган адамдар экенбиз. Ошондуктан "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынганына 27 жыл болсо дагы ал мамлекеттик тил катары милдетин биз ойлогондой деңгээлде аткарбай жатат. Буга биринчи кезекте жогорку бийликтин саясий эркинин жоктугу, экинчи кезекте ушул мыйзамды ишке ашыра турган мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринин мамлекеттик тилге болгон кайдыгер мамилеси башкы себеп.

Андан кийин ошол мекемелерде иштеген кандаш, жандаш уул-кыздардын мамлекеттик тил жөнүндө көз караштарынын, түшүнүктөрүнүн, атуулдук аң-сезимдеринин төмөндүгү жана космополитизмге батып кетишкени өбөлгө түзүүдө.

Бул жерде эң биринчи кыргыздын интеллигент сөөрөйлөрү күнөөлүү. Анткени, улуттун мээси да, акыл-эси да, көзү да интеллигенция болот. Биздин интеллигенция эмдигиче толук калыптанып бүтө элек. Үбөлүк жутуп алгансып какая басып, галстукту мууна байланып жүргөнү менен интеллектуалдык деңгээлдери төмөн болуп, эне тилди өнүктүрүү милдетин так аткара албай жатышат.

“Азаттык”: Эгемберди мырза, сиз депутат болгон кезиңизде мыйзамдар адегенде мамлекеттик тилде жазылсын, анан зарыл болсо гана орус тилине которулсун деп дайыма чакырык таштаган адам элеңиз. Азыр эми Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияны башкарып жатасыз. Демек, мамлекеттик бардык иш кагаздар, документтер кыргыз тилинде жүргүзүлүүсүн камсыз кыла алдыңызбы?

Эгемберди Эрматов: Бүгүнкү күндө мамлекеттик ишкана, мекемелер иш кагаздарын мамлекеттик тилде толук жүргүзөт деп айтуудан алыспыз. Бирок, ага карабастан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү үчүн керектүү болгон бардык окуу куралдарын, үлгү китептерди чыгарып, таратып бергенбиз. Атүгүл электрондук китеп кылып чыгарып, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин колуна бердик. Сөздүктөр, сүйлөшмөлөр, үлгү китептер менен толук камсыз кылдык, үйрөнүүгө шарт жок деп айтканга негиз жок калды.

Сыртбай айткандай, бардык маселе ошол жерде иштеген атуулдардын жана алардын жетекчилеринин эрксиздигинен, тилге карата мекен сүйөр сезимдеринин жоктугунан, мамлекеттик тилге кош көңүл карагандыгынан ишке ашпай жатат.

Кыргыздар “токмогу күчтүү болсо, кийиз таяк жерге кирет” деп айткандай, айрым министрликтердин жетекчилеринин мекен сүйөр аракеттеринен улам иш кагаздары толук мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат. Бирок, андайлар аз.

Бул маселеге жакында өкмөттүн отурумун арнап, жогорку бийлик кызматкерлери мыйзамды кандай аткарып жаткандыгы боюнча отчет беришет. Мамлекеттик тил мыйзамын жакшы аткарбаган аткаминерлерге сөгүш берип, кызматтык чара көрүүгө мезгил жетти.

Үбөлүк жутуп алгансып какая басып, галстукту мууна байланып жүргөнү менен интеллектуалдык деңгээлдери төмөн болуп, эне тилди өнүктүрүү милдетин так аткара албай жатышат.

“Азаттык”: Абдыкадыр мырза, Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан мыйзамдар адегенде орус тилинде жазылып, анан котормо бөлүмүндө кыргыз тилине которулат. Мыйзам жазуу техникасын билбеген котормочулар которгон мыйзамдардын кыргыз тилиндегиси орус тилиндегисинен мааниси боюнча айырмаланарын жарандардын көбү айтып жүрүшөт. Ал тургай 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын кыргыз тилиндегиси менен орус тилиндегиси айырмаланат, ошон үчүн орус тилиндегисин гана пайдалануу керек деп чакырык таштагандар да болгон. Мыйзамдар эмне үчүн кыргыз тилинде жазылбайт?

Абдыкадыр Султанбаев: Мен орус тилинде жазылып, кыргыз тилине которулган мыйзамдар такыр түшүнүксүз деген кескин пикирге каршымын. Себеби, мыйзам даярдоо Жогорку Кеңештин ички маселеси. Мыйзамдар кыргыз тилине жакшы эле которулуп, элге кыргыз тилинде эле тартууланып жатат.

Ырас, Конституцияга ылайык кыргыз тили мамлекеттик тил, орус тили расмий тил болгондугуна байланыштуу иш кагаздары жана расмий документтер эки тилде даярдалат. Эки тилде даярдалып жаткандан кийин сиздер айтып жаткандай кемтиктер болушу мүмкүн.

Мен кечээ атайын сотко кайрылып, мамлекеттик тил боюнча түшүнбөстүк же карама-каршылык болду деген доомат менен сотко кайрылгандар болдубу деп сурадым. Андай дооматтар такыр болбоптур. Бирок, эки тилде даярдалып, котормо болгондуктан кемтиктер болушу мүмкүн. Андай кемтиктерди жоюу аракеттери кийинки кезде катуу жасалып жатат.

Ал эми мыйзамдардын кыргыз тилинде жазылбай жаткандыгынын объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Конституция боюнча эки тил болгондон кийин ошого ылайык эки тилде жазылып жатат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG