Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

"Сыйабан": Кыргыз болуш кыйынбы?


Кыргыздардын салт-санаасын үйрөнүүнү каалагандар арбын.
Кыргыздардын салт-санаасын үйрөнүүнү каалагандар арбын.

“Сыйабан” аттуу баптеманы – рубриканы – сунуш кылмакчыбыз. 2010-жылы жарык көргөн кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө “Сыйабан” сыйлуу конокторду кабыл алып, масилеттешүүчү жай экени жазылган.

Бул баптема эки аптада бир жолу обого чыгып, артынан интернет-сайтыбызга жайгаштырылып турмакчы. Анда адамдарды терең ойго сала турган адамзат жана улуттук дөөлөттөр тууралуу, ошондой эле саясий, маданий, руханий жана башка олуттуу маселелер боюнча алым-сабак айтыштар жүрөт.

“Сыйабандын” бет ачары кыргыз тилин үйрөнүү кыйынбы, кыргыздын каада-салтынын кайсы жактары эскирип, кайсылары заманга бап келип турат сыяктуу маселелерге арналды. Жапон, автралиялык, орус улуттарынын кыргызча дурус сүйлөгөн өкүлдөрү бизде конок болуп, аңгеме-дүкөн курушту.

Кудай буйруса, кечигип барам

“Азаттык”: Урматтуу коноктор, куттуу төрүбүзгө куш келипсиздер! Бири-бириңиздерди биринчи көрүп тургандыктан, ар ким өзүн тааныштырып кеткени туура го.

- Менин атым Атсуши Куваяма, кыргызча Адилет. Бул атты чогуу жашаган кыргыз үй-бүлөм мага берди. Мен азыр тил үйрөтүп Нарында иштеп атам. Мен «Жайка» деген уюмда волонтёрмун.

- Менин атым Богданова Кристина. Өзүм Таластан келгем. Бишкекте БГУда окуйм.

- Менин атым Кент Матисон, Австралиядан болом. Бул жерде аялым, балдарым менен жашайм. Илимий технология жана тилдер институтунда иштейм.

- Менин атым Маргарита Грот. 20 жылдан бери Бишкекте жашайм. Азыр Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окуп жатам.

«Азаттык»: Таластык карындашыбыз Кристина бир аз кечигип келди. Эмне себептен?

Кристина Богданова
Кристина Богданова: Жолдо маршрутка жок .

«Азаттык»: Таластык болсоңуз, кайсы уруудансыз: кушчусузбу, саруусузбу, кытайсызбы же жетигенби?

Кристина: Жок, орусмун. Досторум ар кайсы улуттан, көп досторум бар.

«Азаттык»: Өткөндө биз менен маегинде Адилет досубуз айтты эле, кыргыздар кечигип келгенине мен көнүп калдым, анан “кудай буйруса” деген сөз мага аябай жагат деп. Кечиккенди нарындыктар үйрөттүбү?

Адилет: Ооба, баарын мага кыргыздар үйрөттү.

«Азаттык»: Бизнесиңиз бар да, бирөө менен саат баланчада жолугалы деп коюп, кечиккенде кедергисин тийгизип жатабы ишке?

Адилет: Башында ошондой деп ойлочумун. Бирок келечекте эмне болорун билбейбиз да, кудай эле билет. Ошон үчүн ар кандай кокустукка баш ийгенди жакшы көрөм.

«Азаттык»: Кыргыздардын “кудай буйруса” деген кулк-мүнөзүнө биротоло баш ийип, ошого көнүп калган турбайсызбы?

Адилет: Ооба.

Сөөгүм орус, этим кыргыз

«Азаттык»: Кристина, өзүңүз жөнүндө бир аз кеп салып берсеңиз, ата-энеңиз эмне болуп иштейт?

Кристина: Атам кой, уй кармайт. Апам үйдө. Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынан болобуз. Азырынча ата-энем Таласта эле калабыз дейт. Себеби, биз бир жыл Орусияда жашаганбыз. Атамдарга Орусияда жашаган жакпай калган, Кыргызстанда жакшы дешет.

«Азаттык»: Орусиянын эмнеси жакпай калды экен силерди кыргызсыңар деп кысым болгон жокпу?

Кристина: Жок, андай болгон жок. Ал жакта кыргыздар жок болчу, казактар бар болчу.

«Азаттык»: Эмне себептен муну айтып жатам, менин Виктор деген досум Орусияга Оренбург жакка кетип, кыргызсың деп дайыма эле кодулай бергендеринен кайра келип алган. Кент, сиз 17 жылдан бери Кыргызстанда жашайт экенсиз, үч балаңыз бар деп уктук, аттары жөнүндө айтып бербейсизби?



«Азаттык»: Кыргызда ат койгон өзүнчө ритуал, жөн койбойт, кой, козу, же улак атап туруп ат койчу эле?

Кент: Биз анткен жокпуз. Кыргыз досторубуз сүйүү, сый менен ат беришти. Ошол бизге жетет. Австралиялыктар өтө жөнөкөйбүз.

«Азаттык»: Маргарита, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз, Бишкекте чоңойдуңузбу? Америкада Калифорнияда болгон экенсиз.

Маргарита Грот
Маргарита:
Немис тамырым бар. Бирок өзүмдү орус сезем. Мен Америкага баргам. Бул жерде студенттер арасында алмашуу программасы бар. Ошол программага катышып, Америкага бардым, ал жерде 9 ай жашадым. Менин апам мугалим болуп иштейт, атам курулуш фирмасында иштеп жатат. Кыргыз-түрк «Манас» университетин кыргыз тилин үйрөнүш үчүн тандадым.

«Азаттык»: Эми баарыңыздарга жалпы бир суроо бергим келип жатат, Адилет, сиздин келгениңизге канча болду?

Адилет: Төрт ай.

«Азаттык»: Мына төрт айда Адилет кадимкидей эле нарындыктардай сүйлөп калган экен. 30-40 жыл жашаган, ал турсун 2-3 муун өткөн адамдар, мен аларды айыптаган жерим жок, кыргыз тилин үйрөнүш кыйын, же бизди окутпайт деп айтышат. Чын эле кыргыз тилин үйрөнүш ушунча татаалбы?



«Азаттык»: Кристина, сиз жашаган айыл аралашпы, же жалаң эле орус тилдүүлөр турабы?

Кристина: Жок, кыргыздар менен аралаш. Чечендер да бар.

«Азаттык»: Сиз кичинекей кезиңизден эле үйрөнгөн турбайсызбы, эне-атаңыз да кыргызча билеби?

Кристина: Жок, эне-атам түшүнөт, бирок сүйлөй албайт. Мен өзүм да билбей калдым качан тилди үйрөнүп алдым? Досторумдун баары кыргыздар, орусча так билишпейт, алар менен жүргөнгө тилди үйрөнүш керек болчу. Эки сиңдим жана апчем менден жакшы билишет кыргызчаны.

«Азаттык»: “Апче” деп, даана таластык турбайсызбы. Эми ушул эле суроону, Кент, сизге да жолдогум келип атат. Сизге кыргызча үйрөнүш оор болдубу?

Кыргызстан көп улуттуу өлкө
Кент: Аз-маз оор болгон. Эне тилди билүү кыйын эмес, бирок чет элдик тилди, мисалы, мен үчүн кыргыз тилин үйрөнүш кыйын болгон. Бирок кыргыз досторум аябай чыдамдуу болгон, мага жардам берген. Кыргыздар менен иштедим, ошондуктан, айрым убактан кийин тилди үйрөндүм, дагы үйрөнүшүм керек.

«Азаттык»: Маргарита, Бишкекте кыргыздар өздөрү кыргызча сүйлөгүсү келбейт, же билбейт. Аларды ачыгын айтканда, бул жерде “киргиздер” дешет эмеспи. Сиз Бишкектин шартында тил үйрөтүп жаткан экенсиз, канчалык түйшүк жаратты?

Маргарита: Жок, оор болгон жок. «Манас» университетинде абдан жакшы система бар. Мисалы, азыркы мектептерде ошондой система жок. Ошондуктан балдар он жыл бою кыргыз тилин билбей калышат. Бир гана кыргыз тилин эмес, элдин маданиятын үйрөнүү абдан кызыктуу. Маданият менен мамилелерди, терең сезимдерди үйрөнүү абдан кызыктуу.



«Азаттык»: Мен жакында эле окудум, Британиядан деле башка жакка көчүп кетишет экен. Ошондо көбүнчө Австралияны айтышыптыр. Сиз болсо 17 жылдан бери Кыргызстанда туруп жаткан экенсиз, ошондой керемет жериңиз болсо, бияктын эмнеси менен тартып атат?

Кент: Башында 1-2 жылга келгенбиз. Жаман болсо кайра үйгө кетсек болот деп ойлодук. 1-2 жылдан кийин көнүп калдык, бизге жакты. Кыргызстан аябай кооз жер, тоолору мага аябай жагат. Австралияда тоолор жок. Эң негизиси: бул жакта жакшы мамиле бар, досторду тапканбыз. Кыйынчылык, жамандык аз-маз болот. Бирок, эң негизгиси: бизде мамиле бар.

Атсуши Куваяма (Адилет)
«Азаттык»:
17 жыл болсоңуз, сиз эки революцияны тең көргөн экенсиз. Мисалы, көбү тынчтык болбойт деп көчүп кетип атабыз деп айтышат. Дайыма эле тополоң болуп атканынан сиз коркпойсузбу?

Кент: Коркпойбуз. Себеби кудайга ишенебиз. Кыргызстанда акыркы 20 жылдын ичинде саясат, экономика, коомдо аябай көп өзгөрүү кирген. Кээде проблема болот. Бирок, тилекке каршы, өзгөчө 2010-жылы биз аябай көп зомбулукка күбө болдук. Бул эч кимге керек эмес. Бизге биримдик керек. Ар бир жөнөкөй киши сый, мээ менен ойлонсо, менимче, проблема болбош керек.

Самопал ичпегиле

«Азаттык»:
Адилет-сан, жапон дегенде бизге сакэ, сумо, гейшалар элестейт. Кыргыздын өңүн, жүзүн көрсөтө турган кандай салттар эсиңизде калып атат?

Адилет:
Алар Жапонияда мурда болчу. Бирок азыр андай жок. Биерде бүт баары чайды чогуу коноктор менен ичип, отуруп сүйлөшүү мага аябай жагат. Кымыз, бозо суусундуктары мага аябай жагат. Ошондуктан, мен кеткенден кийин Жапонияда аларды жасашым керек го.

«Азаттык»:
Өткөндө бир аңгемеңизде айтып аттыңыз эле, кыргыздар аракты көбүрөк ичип коёт экен деп?

Адилет:
Айрыкча ооруганда көп ичишет, э? Дары болот, ич дешет ко. Жапонияда дагы бар, бирок башка алкоголдук ичимдектерди ичишет.

«Азаттык»: Жапонияда деле көчөдө мас болуп темтеңдегендер болобу?

Адилет:
Ооба.

«Азаттык»:
Анда биз кыргыздар эле мас болот экенбиз десек, жапондор деле мас болот турбайбы.

Адилет:
Мен көчөдөн кичине ичип алып, анан үйгө келем.

«Азаттык»:
Самопал ичип калсаңызчы?

Адилет:
Оо, ичтим. Кичине ичсе дагы аябай мас болуп калат экенсиң. Таза арак ичиш керек.





Тил билсең – чоң болосуң

«Азаттык»: Кыргыз тилин билгендиктин пайдасын көрдүңүздөрбү?

Кристина: Кыргыз тилин билгенибиз пайда болду. Ар кандай болот, мисалы, кафеде официантка болуп иштегенде. Таласта бардык эле орустар кыргызча билет. Бул жакта шаарда орус болуп кыргызча так сүйлөйт экенсиң деп аябай баалашат экен.



Кент: Пайда, менимче, көрүнөт. Себеби тилди билсең, анан маданиятын да билсең болот. Канча көп тил билсең, ошончо пайдалуу экен. Мисалы, Кристина бизге келсе, кандай жакшы, себеби орусча, кыргызча да аябай жакшы билет.

«Азаттык»: Быйылкы окуялардан кийин кыргыздарга мамиле ар кандай айтылып атат. Мисалы, ашкере улутчул болуп баратат деген баалар айтылды. Сиздер, кыргыздар тараптан кодулоо мамилесин байкай алдыңыздарбы?

Кристина: Жок, мен андайды сезген жокмун.

Кент: Мен байкаган жокмун. Ар жерде ар кандай эл болот. Мен уккам, Германияда эмигранттар аябай көп экен. Жаңы келгендер менен жергиликтүү кишилердин ичинде кээде проблема болот. Себеби башка тилде сүйлөсөң, же маданият башкача болгондо мамиле кылыш кыйын. Бирок тынчтык, жумшак сөздөр менен жакшы мамиле болот. Ошондуктан бири-бирибиз менен кандай бирге жашасак болот дегенге үйрөнүшүбүз керек. Эң негизгиси, бизде маданият болот сөзсүз. Кыргыз маданияты, Германия, Япония маданияты болот. Бирок эң негизгиси: биз адамбыз, теңбиз.

Кристинаны ала качпагыла, жигити таластык

«Азаттык»: Эми кыргыздын салт-санаасы жөнүндө дагы айта кетели. Кайсы жөрөлгөлөрү сиздерге жагат, же кайсылары жакпайт? Мисалы, Кристина, Таласта салт-санааны аябай бекем кармайт кыргыздар. Ошону байкап жүрөсүзбү? Айтып берсеңиз, кыргыздын кайсы салты сизге аябай жагат, кайсылары жакпайт?



«Азаттык»: Адилет-сан, кыргыздын кандай салттары сизге жагат?

Адилет: Жогоруда айткандай, “кудай буюрса” деген менталитети аябай жагат. «Дордой» базарына барганда, жаш балдар «жол, жол» деп кыйкырып, кайраттуу иштегендери мага аябай жакты. Себеби келечекте ой-максатка карабай, жолдун оозуна барганды аябай жакшы көрөм. Кыргыздардын кокустук адаштырып ийген жолдон өзүн баалаган менталитети мага аябай жагат.

Маргарита: Маршруткада, автобуста, троллейбуста кыргыздардын карыяларга орун бергени мага абдан жаккан. Себеби Орусияга барганда карыялар метродо кичинекей отургучтарын алып киришет, ошого отурушат.

«Азаттык»: Эч ким орун бербейт го?

Маргарита: Ооба. Мисалы, сүмөлөктү эки жыл мурун үйрөнүп калдым. Сөйкө салуу абдан кызыктуу. Кыз куумай, оюндар, бешбармак, казы да кызыктуу.

«Азаттык»: Жакпаганычы?

Маргарита: Жакпаганы - ал салт эмес, адат го, кечигип келүү. Мисалы, менин досторумдун баары кыргыздар, бирок, алар өз убагында келишет, берген сөздөрүн аткарышат. Бирок, кээ бир учурда болот.

«Азаттык»: Жергиликтүү эл бул жагын оңдосо, тиги жагын жасаса болот эле дегендей кемчиликтерин, мүчүлүштүктөрүн байкап жүрөсүздөрбү?

Кент: Башка эл жөнүндө эч жаман айткым келбейт. Бирок жалпы Кыргызстандагы меймандостук мага өзгөчө жакты. Кыргыз эли жөнөкөй эл, Австралияда биз дагы ошондойбуз. Себеби, мейман келсе, анын үйүнө жөн гана тамак үчүн эмес, эң негизиси мамиле үчүн барасың. Мен айылдарга барганда эл аябай жөнөкөй, элде акча барбы, жокпу, нан, чай, каймак, варенье коюшат. Биз үчүн алардын үйү ачык. Бул аябай сонун. Бир нерсе мага кичине ыңгайсыз, “дагы алыңызчы, дагы алыңызчы” дешет. Мен түшүнөм, ал аябай жакшы кожоюн, мени сыйлайм, урматтайм дегендик. Бирок мен аябай көп жей албайм.

«Азаттык»: Сиз тамакты шыкаганын айтып атасызбы, же аракты шыкаганын айтып атасызбы?

Кент: Өзгөчө аракты. Айыл деген аябай кызыктуу. Мен башкаларга бекер берсем болот, бирок өзүм үчүн алалбайм.

Жапондор кыргыздын санын көбөйтөбү?

«Азаттык»: Адилет-сан, Нарында, Кыргызстанда дагы канча жүрөйүн деп атасыз?

Адилет: Эки жыл.

«Азаттык»: Сиздин да сүйлөшкөнүңүз кыргыз эмеспи?

Кент Матисон
Адилет: Азыр аракет кылып атам анда-санда свиданиеге чакырганга.

«Азаттык»: Жакса Жапонияга алып кетип каласыз да?

Адилет: Ооба, болбосо мен бул жерде калам.

«Азаттык»: Алып кеткенде өзүбүз аз эл болсок, ого бетер азайып калып атпайбызбы. Француздар дагы келип көп кыздарыбызды алып кетишти, андан көрө калганыңыз жакшы го, кыргызга окшошсуң, саныбыз бир кишиге болсо да көбөйөт.

Адилет: Кудай буюрса.

«Азаттык»: Кристина болсо сырын айтып салды, анын жигитине калың жагынан жардам беребиз. Маргарита, эгер сизге кыргыз жигити кол сунуп, жактырып калдым, бүт тагдырымды сага байлагым келип атат деп айтса, кандай кылат элеңиз?

Маргарита: Мен үчүн айырмасы жок. Себеби мен улутту көрө албайм, бир гана адамды көрөм. Ошондой эле бир генетикалык чөйрөдө үйлөнүп, балалуу болгондо генетика бузулуп калат. Ошол себептен аралаш үй-бүлөлөр жакшы. Алардын балдары абдан сулуу, ден соолугу да жакшы болот.

«Азаттык»: Бир саптан кыргызча ырдап, же кыргыздын жакшы сөзүн айтып берсеңиздер?

XS
SM
MD
LG