Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Кыргыз-өзбек алакасындагы жылыштар


Акыркы күндөрү кыргыз-өзбек чек араларын тактоо иши жанданды. Ташкенде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кызматташуунун жаңы «жол картасы» боюнча макулдашууга кол коюшту.

Алакасы сууп кеткен кошуна мамлекеттердин саясий-экономикалык жана гуманитардык багыттардагы кызматташууларын жакшыртуу жана жолго коюу боюнча кандай аракеттерди жасоо керек? Ушул суроолорго бүгүнкү «Арай көз чарай» берүүбүздө жооп издейбиз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева, профессор Абдыкерим Муратов жана экономика илимдеринин кандидаты Эркин Абдыразаков катышты.

«Азаттык»: Айымкан айым, акыркы айларда расмий кыргыз-өзбек тараптардын диалогго келип, мамилелерди жакшыртууга аракеттер болуп жатканы маалым. Ага кандай өбөлгөлөр таасир этти же Ислам Каримовдун дүйнөдө өтүшү шарт түздүбү?

Айымкан Кулукеева: Мен бул пикирге кошулбайм. Ислам Каримовдун көзү тирүүсүндө эле 2016-жылдын 24-июнунда Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин жогорку денгээлдеги эки тараптуу жолугушуусу болгон.

Ошол жолугушуудан кийин кыргыз-өзбек мамилесинде жылыш башталды десек болот. Анын жыйынтыгы менен өкмөттөргө бир топ тапшырма берилген. Президент Каримовдун көзү өткөндөн кийин биздин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёевдин Самаркандда жолугушуусу болуп, анда да эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулашкан. Көп өтпөй эле сентябрь айында Бишкекте өткөн КМШ мамлекет башчыларынын жыйынын алкагында өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр болду. Жыйынга Өзбекстандын жетекчилери келе албай калганына байланыштуу тышкы иштер министри А. Камилов катышкан. Министрди биздин президент кабыл алып сүйлөшкөн. Андан көп өтпөй эле Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Абылгазиев баштаган 100дөн ашык адамдан турган делегация Анжиян шаарына барып келди, кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

“Азаттык”: Ташкен шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кызматташуунун жаңы “жол картасына” кол коюлду деп айтылды. Анда кандай чаралар камтылган билсек болобу?

Айымкан Кулукеева: Ислам конференциясы уюмунун жыйынынын алкагында тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу жылуу маанайда өттү. Анда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин кызматташуулары боюнча конкреттүү программалар жазылган. Мисалы, жылына бирден кем эмес Тышкы иштер министрлеринин расмий сапарларын уюштуруу, орун басарларынын жолугушууларын өткөрүү ж.б. маселелер каралган десек болот.

«Азаттык»: Эркин мырза, эки кошуна өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыктын солгундап кетиши бир топ кедергисин тийгизди. Мамилелер жакшыруу жолуна түшүп жаткан бүгүнкү шартта Кыргызстан Өзбекстан менен экономиканын кайсы багытына артыкчылык берип, же кечиктирбей чече турган маселе деп эмнени айтаар элеңиз?

Эркин Абдыразаков: Фергана өрөөнү жашылча-жемишке бышыкчылыктуу келгендиктен биз аларды эрте жаздан тарта эле алып турчубуз. Ал токтоп калган. Февраль-март айларында продукциялар өтө кымбаттап кетчү, муну тезинен колго жолго коюшубуз керек. Өзбекстан Кытайга Ош аркылуу чыгып жатты эле, бул транспорттук коридорду берип, логистиканы жандандыруу зарыл. Андан сырткары бизде экологиялык жактан таза эт, сүт өндүрүлөт. Биз аларды Казакстанга, Орусияга, Европага алып барабыз деп жөн эл убара боло бербей кошуна Өзбекстанга сатууну өнүктүрүшүбүз керек. Ансыз деле азык-түлүк продукциялары аткезчилик жолу менен чыгып жатат, аларды мыйзамдаштыруу абзел. Арзан эле берип жибербей алар менен эт-сүттү кайра иштетүүчү биргелешкен ишканаларды уюштуруубуз керек. Аларда багбанчылык тажрыйбасы абдан күчтүү, адисттерди даярдоо жагынан кызматташсак болот. Азыр Ошто, Ноокатта логистикалык борборлор курулууда. Алардын потенциалын пайдаланып, бири-бирибизде жок продукцияларды алмашып туруу жагын колго алсак неге болбосун? Мурда чек ара боюнда соода-сатык аянтчалары бар эле, кийин такыр эле иштебей калган, аларды да жандандыруу зарыл. Эки өлкөнүн ортосунда банк системасы такыр иштебей калган, аны өнүктүрүү керек. Биз мазутту жана жер семирткичтерди алардан арзан алчубуз. Бул жагын да кызматташууунун “жол картасына” кошуу керек...

“Азаттык”: Кечээ жакында эки өлкө делегациялары Анжиянда жолукканда жөнөкөй жарандардын чек аралардан өтүүсү жеңилдейт деди эле, азыр абал кандай, өзгөрүү байкалабы?

Эркин Абдыразаков: Ушул убакка чейин чек ара бекеттеринен автоунаалар жана жарандардын өтүшү өтө сейрек болуп калган. Азыр “Достук” бекетинде автоунаалар, жарандар кезекке турууда. Эки тарап тең бири-бирин аябай сагынып калганы байкалып турат, каттам жолго салына баштады.

«Азаттык»: Абдыкерим мырза, Сиз эки өлкө ортосундагы гуманитардык кызматташтыктары боюнча жазып, иликтеп жүрөсүз. Кайсы тармактарды сиз бөлүп көрсөтүп, эмнелерге көңүл буруу керек деп ойлойсуз?

Абдыкерим Муратов: Эки өлкөнүн кызматташтыгында гуманитардык багыттарды өнүктүрүү да өтө маанилүү. Убагында Өзбекстан бизге, биз аларга адистерди даярдап берип кызматташып келгенбиз. Педогогикалык окуу жайларда мугалим кадрларды окутуп берчүбүз, кийин солгун тартып кетти. Анын себеби, Өзбекстан Кыргызстандын дипломдорун тааныбай койду да. Биринчи кезекте эми эки өлкө бири-биринин дипломдорун таанышы керек. Биздеги бир топ илимдин кандидаттары, докторлору Ташкенден коргоп келишкен. Оштогу жогорку окуу жайларында Өзбекстандан окутуучу-профессорлору келип сабак өтүшчү. Чек аралар жабылгандан кийин алар да токтоду, аны калыбына келтирүү керек. Мындан сырткары биз Өзбекстандагы кыргыз мектептерине барып методикалык жардамдарды көргөзүп турчубуз, бизди аябай жакшы кабыл алышчу. Алар азайып кеткен. Анын артынан кыргыз мектептеринде окуучулардын саны да азайган эле. Кыргыз мектептеринин келечеги жок дей башташты. Алака жакшырса Кыргызстан алардагы кыргыз мектептерине ар тараптуу жардам бериши керек...

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыныз)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG