Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Юрьевкадагы чатак ырбабайбы?


Юрьевка айылынын тургундары. Чүй облусу, 7-август, 2013.
Юрьевка айылынын тургундары. Чүй облусу, 7-август, 2013.

Чүй облусунун Юрьевка айылындагы таксисттер мушташып, эки адам оор абалда ооруканага жаткырылды.

Мушташта Рустам Тейфуровдун жети кабыргасы сынып, башынан жаракат алып, бети-баша көгала, денеси шишип кетиптир. Жабыркагандардын экинчиси Малик Мамедовдун абалы деле ушундай. Экөө тең азыр Кант шаарынын ооруканасында жатат.

Жабыркагандардын туугандарынын айтымында, жүргүнчү ташып оокат кылган айылдаштар Рустам менен Таалай кардар талашып уруша кетишип, Таалай беш досу менен биригип, Рустамды жана анын досу Маликти катуу сабап, суунун ичинде муунтушкан.

Таалай Шамбетов мушташканын тастыктап, бирок жанында иниси гана болгонун, аларды катуу сабабаганын айтат:

Малик Мамедов
Малик Мамедов
- Эркектер урушат да, ошондой мушташ болду. Эч кандай аша чапкандык болгон жок. Тигилер болсо ар кандай сөздөрдү айтып, жыгач менен башка соккулады деп жатышыптыр. Андай болсо дароо өлүп калмак да. Айылда кыргыздар менен түрктөрдүн ортосунда эч кандай деле маселе жок, эч ким аларды кырабыз, кеткиле деген жери жок. Ушул чатактын азабынан эле бир аз түшүнбөстүктөр болуп калды, бирок жалпысынан баарыбыз ынтымактуу жашап, иштеп эле жүрөбүз. Менин түрк досторум толтура, таптатынакай эле жүрөбүз.

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү жабыркагандардын туугандарынын арызынын негизинде кылмыш ишин козгоп, Таалайды камакка алган. Кийинчерээк арыз ээлери экинчи тарапка нааразылыгыбыз жок деп, арызды кайтарып алышкан.


Рустам Тейфуровдун жети кабыргасы сынып, башынан жаракат алып, бети жана денеси соккудан шишип кетти.
Рустам Тейфуровдун жети кабыргасы сынып, башынан жаракат алып, бети жана денеси соккудан шишип кетти.
“Азаттыктын” кабарчысы барган кезде айылдык клубдун жанына чогулган жергиликтүү жоон топ түрк улутундагылар кысымга дуушар болуп жатабыз деп даттанышты.


"Өзүбүздүн талаага чыга албай калдык, буудай, бедени тепсеп жүрүшөт. Өз талаамдагы куурайларды өрттөсөм “сен эмне өрттөп жатасың?” деп келишти. Бул менин жерим, силер ансыз деле малыңарды оттотуп жүрөсүңөр жайы бою десем, “бул биздин жерибиз, эмнени кааласак ошону кылабыз”, - дешет. Бул жер үчүн салыкты мен төлөп жатам, бул менин жерим. Менин ата-энем бул айылда 70 жылдан бери турат, булар болсо кечээ келип алышып “жер меники” дешет. Мен эмне кылышым керек? Менин ата-энем ушул колхозду курган, алардын эмгеги бар, мээнети көрүнүп турат. Биз салыкты Кыргызстанга төлөп атабыз, Түркияга эмес. Ушул нерселер бизди аябай ыза кылат. Бизди эл катары эсептешпейт" - деди Сабир Сафаров.


Таалай Шамбетовдун үйү, машинеси
Таалай Шамбетовдун үйү, машинеси
Кыргыз тургундары болсо түрктөр кысымга алынган жок жана жапа тарткан тарапты арызды кайтарууга эч ким мажбурлаган эмес деп билдиришти. Таалай Шамбетов чатак боюнча маселе чечилген, бирок жабыркагандын туугандары ишти атайын козгоп жатат деген ойдо.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Айбек Арзыматов окуя тууралуу буларды айтты:

- Бул чатак боюнча кылмыш ишин козгой турган маалда жабырлануучу тарап өзү тосмо арыз менен кайрылып, ошонун негизинде ишке чекит коюлган. Азыр эч кандай иштер жүргөн жок. Болгону иликтөө иштери эле жүрүп жатат: качан болгон, эмне болгон, каякта болгон деген.

Маалымат катчынын айтымында, Юрьевкада абал азыр тынч, милиция кызматкерлери күнү-түнү көзөмөл жүргүзүп жатышат.

Юрьевка айылынын тургуну Сабир Сафаровдун айтымында, кыргыздар түрктөрдү Түркияга кетүүгө тынымсыз үндөйт
Юрьевка айылынын тургуну Сабир Сафаровдун айтымында, кыргыздар түрктөрдү Түркияга кетүүгө тынымсыз үндөйт
Юрьевка айылында төрт миңге жакын киши жашайт. Алардын жарымынын көбү кыргыздар, азыраагы - түрктөр. Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Эстебес Сатыбалдиевдин айтымында, тиричиликке байланышкан талаш-тартыштардын улуттук түскө ээ болгон учурлар буга чейин да болуп келген. Ал бул өңдүү маселелерди жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүлүп келатканынан, бул ирет да чатакташкандар жарашып, кайра эле эл камыр-жумур оокатын кыла баштаарына ишендирди:

- Мындайлар болуп келген, дагы болот. Албетте, токтойт. Ушунча жыл камыр-жумур жашап келген эл кайда бармак эле? Бул маселени биз чечебиз, бийлик, депутаттар, аксакалдар чечет. Бул маселе жабылат. Бир жума ичинде эл муну унутуп калат.

Акыркы жылдары Чүй облусунун Искра, Петровка, Маевка айылдарында кыргыздар менен дунган, күрт, түрк тектүү жергиликтүүлөр ортосунда чатактар катталган. 2010-жылы Ош, Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек улуттарынын ортосунда чатак каргашалуу Июнь окуясы деген ат менен тарыхта калды.

Соңку жылдары кыргыз бийлиги улуттар аралык мамилени жакшыртуу саясатын артыкчылыктуу багыттардын бири деп, атайын концепция иштеп чыккан. Анын негизинде Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча агенттик түзүлгөн. Кыргызстанда сексенден ашык улут жашайт.
XS
SM
MD
LG