Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Бишкекте кумсалар чогулган кафеде чыр чыкты


Күн желеге түспөлдөш желек ЛГБТнын символу катары белгилүү.
Күн желеге түспөлдөш желек ЛГБТнын символу катары белгилүү.

Бишкектеги кафелердин биринде майрам өткөрүп жаткан кумсалардын жыйынына “Кырк чоро” уюмунун өкүлдөрү барып үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу “Азаттыкка” сексуалдык азчылык өкүлдөрү кабарлады. Маалыматты “кырк чорочулар” да тастыктап, кафеде эки жигит "баш кошуп" жатканынан улам бул кадамга барышканын билдиришти. Бирок ЛГБТ өкүлдөрү мындай маалыматты тастыктаган жок. Абалга милиция көз салып жатканы айтылууда.

Дүйнө жүзүндө 17-май – гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күн катары белгиленет. 1990-жылы ушул күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кумсалык психикалык оору эместигин жарыялаган. Бул датаны утурлай 11-майдан бери түрдүү мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да ЛГБТ өкүлдөрү гомофобияга жана трансфобияга каршы жумалык өткөрүп жатышкан эле.

Кыргызстанда кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш аны март айында кабыл алган. Эл аралык коомчулук буга адам укугун бузуу катары баа берүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG