Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

“Кырк чоро” коомдук кыймылы мамлекеттик бийлик түзүмдөрү менен кызматташтыгын дагы кеңейтти.

Мурда беш министрлик менен макулдашкан коомдук кыймыл жакында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Чек ара кызматы менен кызматташуу тууралуу меморандум кабыл алышты.

Ишмердиги коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып келаткан коомдук кыймыл менен бийликтин расмий кызматташуусун айрым адистер колдогон жок. “Кырк чоро” уюму кээ бир мекемелерде күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүп, укуктарын ашыкча пайдаланып, мыйзамды бузуп жатат, ашкере улутчул деген сынга кабылып келет.

Соңку кездери “Кырк чоро” уюмунун жигиттери чет элдик эмгек мигранттары иштеп жаткан айрым ишканаларга, сауналарга жана сойкулук менен алектенгендер жайгашкан батирлерге өз алдынча рейддерди уюштуруп келишет. Алар кыздарды жана кардарды милицияга өткөрүп, видеолорду интернетке жүктөп турушат. “Кырк чорочулар” муну "улуттук намысты коргоо аракети" катары сыпатташат.

Мамлекеттик кызматтарга аралашууда

"Кыргыз чоролору" коомдук уюмунун идеология бөлүмүнүн жетекчиси Уран Рыскуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, чоролор беш министрлик менен чогуу иштешүү тууралуу өз ара меморандумга кол коюшкан. Алардын ичинде ИИМ, прокуратура, УКМК, Геология жана минералдык ресурстар агенттиги жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бар. Эми бул тизме Чек ара кызматы жана ӨКМ менен толукталууда.

- Эгерде кимдир бирөө бизди мыйзамсыз десе жаңылат, биз жети министрлик менен меморандум түздүк. ӨКМ ар бир айыл өкмөттө биздин ондон балабызды окутуп, чукул кырдаалда бирге иштешебиз. Ошондой эле Чек ара кызматы менен меморандумга ылайык, биздин балдар Баткенде кадимкидей айлык алып иштеп атат. Алар чек арачыларга жергиликтүү эл тууралуу, чек арадагы маалыматтар менен бөлүшүп турат.

Аракеттеринин мыйзамдуулугун ушинтип тастыктаган "кырк чорочулар" март айында өлкөдөгү сүт азыктарын чыгарган ишканалардын бирине барып, мөөнөтү эскирген балмуздактардын тышын алмаштырып, сатыкка чыгарып жатканын айтып чыгышкан.

Мындан башка мыйзамсыз жүргөн чет элдик мигранттарды аныктап, "Жунда" заводун, Бишкек-Торугарт жолун куруп жаткан жумушчуларды текшерген фактылар бар. Ошондой эле тоо-кен жаатындагы чалгындоо иштеринде, экологиянын сакталып жатканы боюнча да чет элдик компанияларды текшерүүгө ала калып жүрүшөт.

Бири да кармалып, соттолгон жок

Бирок коомчулуктун "кырк чорочуларды" колдобогон башка бир бөлүгү аларды аша чаап кетишти деп сынга алышууда. Милиция деле алардын аракеттеринде мыйзам бузуулар бар экендигин танбайт. Ошол эле учурда алардын аракеттеринде кылмыш курамы тастыкталган жана ал иш соттун кароосуна берилген учур али коомчулукка белгисиз.

Бишкек ШИИБнын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин билдиргенине караганда, милиция чоролорду дээрлик колдойт:

- Үч кишисине иш козголуп, кайсы бир берененин негизинде иш кыскарган. Ошондой эле Биринчи май райондук ИИБда иш козгоп, ал дагы кыскарды. Булар улуттук көрүнүштөрдөгү туура эмес кылыктарга каршы күрөшүүгө аракет кылып жатышат, булардын андай кадамын биз да колдойбуз.

Ушундан улам “Кырк чоро” өңдүү коомдук уюмдардын мамлекеттик органдын милдетин аткарып жүргөнү - мамлекеттин алсыздыгынан кабар берет дегендер бар.

Азыркы замандын ОБОНубу?

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин мүчөсү Бактыбек Калмаматов “Кырк чоро” өндүү уюмдарга текшерүү укугунун берилишинин аягы башаламандыкка алып барышы, улутчулдукту күчөтүшү ыктымал деп санагандардын бири.

- Бакиевдин учурунда бизде ОБОН дегендер бар болчу. Бул бийликтин тушунда ошондойдун эле башкачасы жарала баштады. Эми алдыда шайлоо келатканын эске алсак, саясатчылар өздөрүнө ыңгайлуу кыймылдарды түзүп алып, курал кылып колдонуп атат. Кандай гана кыймыл болбосун, алардын артында кимдер турганы билинип турат, кыймыл-аракетинен эле билсек болот. Бул башаламандыкка алып барат. Бул биздин мамлекеттүүлүктүн бар экенинен күмөн саноолорду жаратат.

Коомчулукта 2010-жылы түзүлгөн топ 40 уруудан 40 жигит Алтайга барып келгенин жар салган болчу. Кийинчерээк алар “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесин негиздеп, 2011-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Жакында уюмдун экинчи канаты катары “Кырк кыз” уюму түзүлгөндүгүн жарыялашкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG