Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Мааниси жоголгон Эмгекчилер күнү


Ошол кездеги Фрунзе шаарында бул күн чоң шаан-шөкөт менен өтчү

Ошол кездеги Фрунзе шаарында бул күн чоң шаан-шөкөт менен өтчү

1-май Кыргызстанда эс алуу күнү катары жарыяланган. Эмгекчилердин тилектештик күнүнүн урматына өлкөнүн айрым аймактарында майрамдык иш-чаралар өттү.

Улуу муундун өкүлдөрү майрам шаңы, анын мааниси Союз маалындагыдай эмес десе, азыркы муундун айрым өкүлдөрү бул күндү "жалкоолор майрамы" деп аташат.

Жашы сексенден өтүп калган Зарылбек Баймырзаев Совет учурунда чабан болуп иштеген. Ал мезгилде бул күнү күжүрмөн эмгекчилердин аты аталып, сыйланып келгени маалым. Бүгүн Ала Тоо аянтында майрамдап жүргөн Зарылбек карыя жылдан-жылга бул күндүн мааниси жоголуп баратканына кейиди:

- Ал учурда республиканын бардык аймактарынан алдыңкы эмгекчилер келишчү. Борбордук аянтта парад, сыйлык тапшыруу чоң азем менен өтчү. Азыр андай жок, эмне үчүн майрамдап жатканын билбегендер көбөйдү. Бүгүн эмгек жөнүндө сөз деле болгон жок окшойт. Ал кезде жумушчуларга бул күн өзгөчө майрам эле...

Бишкекте Эмгек күнүнүн урматына спорттук мелдештер өттү

Совет мезгилинен тарта майрамдалып келаткан бул күндүн мааниси улуу муундагылардын гана эсинде сакталып калбаса, азыр жаштар арасында бул майрамды демейдеги эс алуу күндөрүнүн бири катары кабылдагандар көп.

Анткен менен 1-май жүзгө чукул өлкөдө белгиленет. Бирок ар өлкөдө ар башка мааниде майрамдалат экен. Маселен, коңшу Казакстанда Улуттар аралык биримдик күнү катары кабыл алынган.

Кыргызстанга майрам Совет бийлиги аркылуу жеткен. Жергиликтүү журналист Жалил Сапаров 1-майды Кыргызстанда Эмгек күнү катары белгилөөнүн кажети жок деп эсептейт.

- Эми ал кезде коммунисттик идеологияны жайылтуу керек эле. СССРдин элдери эмгекти сүйөт, эмгекчил деген ураанды бекемдеп турчу. Анан коллективизм деген баалуулук бар эле. Эми ал заман өттү, капиталист доордо жашап жаткан учурда Эмгек күнүн белгилөөнүн кереги жок.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалы эс алган күндөрдүн санын кыскартуу керек дейт. Анын айтымында, даталуу күндөрдү иргеп, азыркы заманда маанисин жоготкон майрамдардан баш тартса болот.

- Бүгүн мен үчүн жалкоолордун майрамы. Эмгек күнү деп эс алуу жарыялагандын өзүн кандай түшүнсө болот? Ансызда май айынын жарымын эс алып өткөрөбүз. Кадимки эле иш күн кылып койсо болмок.

"Кыргыз концепт" компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев үчүн да бүгүн кадимки эле күндөрдүн бири. Үмөталиев Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан кийин деле Эмгек күнүнүн белгиленип келатканын мындайча түшүнөт:

- Өткөн доордун адамдары көпчүлүк болуп майрамды белгилөөгө таасир болуп жаткандыр. Же болбосо Орусияга көз каранды болгондой элес калтырат. Ал эми Орусиянын парламентинде коммунисттер дагы деле бар, алар таасирдүү. Эми көз карандысыз өлкө болгондон кийин, алардын көз карашынан чыгышыбыз керек.

Бул күнү Кыргызстан профсоюздар уюму жер-жерлерде жумушчулардын укугунун корголушун, татыктуу маяна алуусуна, иштөөсүнө шарт түзүү деген чакырыктын алдында ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет.

1-май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өтүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG