Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

“Улут намысы”, миграция көйгөйлөрү, патриархалдык өлкө


“Сапаргүлгө тарбия”

Жакында Орусиядагы кыргыз кызды өз улутундагы эркектердин тобу “суракка алган” видео интернет тармактарында тарап, жалпы коомдо чоң талкууга алынды. Видеонун мазмунунда Сапаргүл аттуу кызга “тарбия” көрсөткөн топ өздөрүн Орусиядагы кыргыз мигрант кыз-келиндердин жүрүш-турушун көзөмөлдөгөн “морал сакчыларындай” көрсөтүшөт. Сапаргүл - чет өлкөдө жашаган кыргыз кыздардын аморалдык жүрүш-турушунун мисалы катары каралып, сексуалдык мамиле түзгөнү үчүн башка улуттагылардын зомбулугуна кабылып, сексуалдык кулчулукка сатылуусунун айынан «тепкиге» кабылат. Мындай “тарбия” социалдык тармактарда “мыкаачы”, “жапайы” жана “кылмыш иш” катары сынга алынса, көпчүлүк эркектер бул “морал полициясынын” ролун аткаргандарды “кыргыз элинин патриоттору” катары мактоого алышты. Кыздын денеси жана ага ээлик болуу маселеси бул талкуулардын өзөгүн түздү – Кыздын денесине ким ээ? Кыздын өзүбү? Үй-бүлөсүбү? Улутубу? Диаспора коомчулугубу? Же мамлекетпи?

“Сапаргүлдүн” видеосу интернетте жайылгандан кийин кыргызстандык медиа талкууну андан ары улантып, бул тууралуу макалаларды окурмандарга тартуулады. “Азаттыктагы” “Москва: Кыргыз кыздарын тескеген улутчулдар” аттуу макалага келген окурмандардын электрондук ой-пикирин анализдегенде, эки тараптуу карама-каршылыктарды түзгөн ойлор басымдуулук кылды (мисалы: аял-эркек, ыймандуулук-ыймансыздык, мекенчилдик-мекенчилсиздик жүрүм-турум). Ушул ойлордун арасында кыздардын сексуалдык жүрүш-турушу жана өмүргө коркунуч туудурган “тарбиячылардын” аракети - мекенчилсиздик катары каралган. Ошол эле учурда заманга жараша түшүнүктү ачык карама-каршылык катары сурөттөшкөн. Айрым аял окурмандар кыргыз кыздарына карата адилетсиз дискриминацияга көңүл бурушуп, азыркы өткөөл учурдагы оорчулукта үй-бүлөнү каражат менен камсыздоонун кыйынчылыгынан, аялдары үй-бүлөнү багуу үчүн Кыргызстандан кетип, мигрантка айланууга мажбурлаган эркектердин эки жүздүү мамилеси катары сынга алышты.

Ошол эле учурда, көп окурмандар бул маселени радикалдуу жолдор менен басууга үндөштү. Айтылуу “тарбиянын” парадоксу төмөнкүдөй көрүнүштөгү контекстте жатат: биринчиден, бул эл аралык миграция жана мигранттардын оор жашоо турмушу; экинчиден, улуттук сезими күчөгөн кыргыз диаспорасы. Ушул контекстте гендердик жана социалдык-экономикалык класс сыяктуу коомдук теңсиздикти орноткон миграция көйгөйлөрү - “улуттук намысты” маданий, физикалык жана демографиялык маселер менен чырмаган комплекстүү маселе экени даана байкалат. Белгилей кетчү нерсе, чет өлкөдөгү жаш кыргыз кыз-келиндердин ыймансыз жүрүш-турушу көбүнчө диаспора уюмдарындагы талкуунун башкы маселеси болуп келген жана буга үй-бүлөнүн, коомчулуктун тынчсызданганы маалым. Бул видео баштаган ызы-чуу биздин ыкчам өзгөрүп бара жаткан коомдогу гендердик маселенин актуалдуулугун ачыкка чыгарды. Үй-бүлөлүк салт, совет доорунун мурасы болгон коомдук мейкиндиктеги билим алуу жана иш менен камсыздалган аялдардын боштондугу эми экономикалык өзгөрүү заманындагы батыш либералдык демократиянын таасири сыяктуу өз ара карама-каршы идеологиялар Кыргызстанда орноп жатканына карабастан, гендердик маселе күн сайын күчөп бара жатат. Аялзатынын жаш өкүлү катары, коомдо нормативдуу болуп эсептелип жана проблемалаштырылбай келген гендердик дискриминация маселесинин кандайча критикалык деңгээлге чыкканына кыжалат болосуң.

Аялга каршы аялдын мыйзамы
Орусиянын ири шаарларындагы кыргыз кыздарынын “ыймансыздыгы”, сексуалдык кулчулукка сатылуусу, улуттар аралык никеде тургандыгы, никесиз төрөлгөн балдар, аборт, ташталган ымыркайлар жана башка толгон токой маселелер боюнча коомдук сын-пикир учурда критикалык даражага жеткени байкалат. Кээ бир медиа булактары аялдардын укуктарынын бузулушуна көңүл бурса, айрым коомдук талкуулар күнөөнү кайра кыз-келиндердин өзүнө жана алардын үй-бүлөсүнө коюшат. Бул аргументтер эки параллель карама-каршылык мүнөздө берилгендиктен, мигрантар жөнүндөгү талкууда аялдар менен байланыштуу маселе канчалык комплекстүү экендиги эстен чыгарылып эки радикалдуу көз караш орун тиреше келет.

Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты
Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты
Жогорку Кеңештин жыйындарынын биринде жаш депутат айым Ыргал Кыдыралиеванын 22 жашка чейинки кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салуу жөнүндөгү сунушу коомдук ызы-чуунун чокусу болду. Мындай сунушту депутат жакынкы маалда шайлоочулары менен өткөрүлгөн талкуулардын жыйынтыгынан келип чыкканын айта кетти. Бул жаш депутат айымдын сунушу кээ бирибизге абдан орой угулуп жана коомдо гендердик дискриминациянын күчөп жатканын көрсөтүп, тынчсыздантпай койбоду. Кыдыралиева айымдын сунушу ар кыл медиаларда талкууланып, түрдүү ой-пикирди жаратты. Биздин оюбузча парламенттин миграция маселелери боюнча чама көрүү аракети, албетте, орундуу. Бирок берилген сунуштун негизинде кыз-келиндердин намысын жалпы улуттун намысына байлоосу көңүлдү бурбай койбойт.

Аял катары, депутат өз аргументин аялдардын укугунун тепселенишине, мигранттардын көйгөйлүү шартына же эл аралык мыйзамдар тарабынан корголбогон эмгек мигранттардын укугуна, глобалдык капиталисттик күчтөрдүн соккусунун таасириндеги Кыргызстандагы улуттук жана гендердик мамилелердин өзгөчөлүгүнө байланыштырган жок. Бизди бул маселенин тамырсыз анализделиши канааттардырбады. Анткени бул сунуш патриархалдык мамлекеттин концепциясынын негизинде түзүлүп, мында аял мамлекеттин менчиги же болбосо субъектиси катары каралып, ар түрдүү мыйзамсыз аракеттердин курманы гана болбостон, ошол эле мезгилде мамлекет тарабынан көзөмөлгө алына турган “салт бузуучулар” катары көрсөтүлүшүндө турат. Дагы бир жолу баса белгилесек, чет өлкөгө чыгууга тыюу салууга болгон аргументтер чет жердеги кыргыз кыз-келиндеринин бакубатуулугу эмес, улуттун намысын актоонун негизинде турукталган.

Өлкөнүн жарандары катары, биз деле мыйзамсыз документтер менен жашы 18ге жетпеген өспүрүмдөрдүн чет өлкөгө баруусуна кайдыгер карай албайбыз. Бирок биздин оюбузча, бул жаш өспүрүмдөрдү коргоону, гендер жана социалдык-экономикалык класстын ажырымын токтотууну, өрчүгөн улутчулдук, элет жергесиндеги жакырчылык, жумушка орношуу жана билим алууга чектелген мүмкүнчүлүк менен кеңири тараган коррупцияны токтото албаган мамлекеттин жана коомдун кемтиги катары каралуусу зарыл. Маселенин тамыры жаш муунду глобалдык капитализм түзгөн оор шарттардан - эл аралык миграция менен жакырчылыктан коргой албай жаткан кыргыз мамлекети жана коомунун өзүндө жатат. Ал эми биздин жаш муун ушундай шарттарга дуушар болуп, карама-каршылыкты камтыган салттык-нормативдик ориентация менен глобалдык неолибералдык агымдын астында тарбияланып келе жатышат.

Жогоруда айтылганга кошумчаласак, Кыргыз Республикасынын конституциясына ылайык жашы 18ге чейинки жарандар “балдар” категориясына кирет, ал эми 18ден өткөндөр ал категориядан чыгып, жетилген адам катары каралат. Бирок азыркы учурда мамлекет 16 жашка чейинки жаш муунга акысыз билим берүү менен чектелип, 16дан жаңы ашкандарга өз келечегин чечүүгө толук шарт түзүп бере албайт. Ушундай контекстте, жашы 16дан ашкан жаш (кыз) балдар коррупция жолу менен паспорт алышып, башка мамлекеттерге кетип жатканы баарыбызга маалым. Демек, Кыдыралиева айымдын сунушу өзү Конституцияга жана демократияга карама-каршы келет. Себеби, ал сунуш жеке жарандын эркин кыймылын чектөө болуп саналат. Мындан тышкары, бул аракет совет доорундагы элдин эркин кыймылын чектеп, жарандарды көзөмөлгө алып, алтургай жазалоо салтын көпчүлүктүн эсине салбай койбойт. Мындай проблемалаштырылбаган “шайлоочулардын” көйгөйүн депутаттардын маселе катары көтөрүүсү, демократиялык шайлоо жана өкүлчүлүк, ошондой эле аялдардын саясатка катышуу процесстерине шек келтирүүсү мүмкүн.

“Баасы төмөн аялзат”

Бул жерде биз баса белгилеп айтпасак деле, Кыргызстандагы кыз ала качуу адаты далай окумуштуулар тарабынан изилденип, талкуу жаратып келет. Совет доорунда деле бул адат таптакыр жоголуп кетпегени менен мындай баш кошуу ыкмасы азыркыдай кеңири тараган эмес. Демократиялык жолду тандап алган кыргыз коому адам укугун бузган бул адаттын жайылуусун улуттук салтка шылтай келишет.

Жакында ала качууга каршы күрөшүүгө түрткү болчу – ала качкан адамды жазага тартуунун мөөнөтүн узартуу боюнча сунуш Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынбады. Бул маселеге байланыштуу бир канча талкуулар жүрдү. Ала качууга эң жогорку жаза 3 жыл, ал эми мал уурулукка айыпталган кишини 11 жылга чейинки жаза тартуу мөөнөтүн салыштырып көрсөткөн, басмырланган аялдардын карикатуралары да пайда болду. Аялдар дуушар болгон мындай кырдаалды жөн гана салт менен актабоо керек. Ала качуу - укук бузуу, ошондуктан, ал кылмыш катары каралуусу зарыл. Кылмыш катары мамиле жасалбаса, бул аялдын өз шеригин тандоого жана үй-бүлө курууга болгон укугун бузуп, каада-салт менен акталып кала берүүсү мүмкүн. Бирок мындай ой-жүгүртүү дароо эле кыргыздын салт жана маданий үрп-адаттын четке кагып, кыргыз аял затын тил алгыч кылып тарбиялаган “батышчыл көз караш” катары сын пикирге алынат. Ошондуктан, биздин парламент коомго бул кылмышка каршы мындан да катуу мыйзам чаралары керектигин ойлобогону таң калычтуу эмес. Кыргызстан гендердик дискриминация мүнөзүндөгү бийлик менен аялдын денесин көзөмөлгө алган патриархалдык мамлекет экендиги дагы бир жолу ачыкка чыгарды.

Корутунду
2012-жылдын башында жаңылыктар түрмөгүндө пайда болгон талкуулар Кыргызстандагы аялга каршы ар тараптуу дискриминация кеңири таралгандыгын далилдеп турат. Өлкөдө кыз-келиндердин экономикалык ишкердикке кеңири катышуусу күтүлсө, кыздын өз денесине өзү ээ болуусу жана турмуш шеригин тандоого болгон эркиндиги ар тараптан чектелип келет. Бул көрүнүш чет өлкөдө жашаган кыргыз коомчулугунун арасында критикалык деңгээлге жеткенин Сапаргүлдүн мисалынан көрдүк. Андан да өкүнүчтүүсү - кыз-келиндердин эркин кыймылын жана денесине ээлик кылган патриархалдык практика эл арасында эле эмес парламенттин деңгээлинде орун алганы ачык эле көрүнүш. Парламент мүчөсүнүн өлкөнүн Конституциясына карама-каршы келген мыйзамды сунуштоосу - гендердик маселенин тамыры жөнүндөгү түшүнүктүн тайкылыгын жана жашы жете элек, жашы жеткен, өлкөдөгү, сырттагы жалпы кыргызстандык аялдардын маселесин комплекстүү карабагандыгын көрсөтүп турат. Кыргызстанда кыз-келиндердин денесин жана эркин кыймылын көзөмөлгө алууну көздөгөн жана аны аткарып келген патриархалдык тенденция индивидуалдык, үй-бүлөлүк, жада калса диаспоралык жана мамлекеттин деңгээлге жеткенин көрсөтөт.


Жазгүл Сманова (Йонсе Университети, Түштүк Корея),
Рахат Жолдошалиева (Торонто Университети, Канада)
XS
SM
MD
LG