Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Коммунисттер Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөргө каршы


Коммунисттер партиясы Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүү жана толуктоолорго каршы чыгып, президент Алмазбек Атамбаевди бул мыйзамга кол койбоого чакырууда. Партия лидери Исхак Масалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жаңы өзгөрүүлөр боюнча иш берүүчүгө көбүрөөк укук берилип, жумушчуну эмгек келишимге таянып кызматтан алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калган. Натыйжада коммунисттер бул жагдай жарандардын конституциялык укугуна шек келтирерин айтып, мындай өзгөрүүлөрдү киргизген өкмөттү айыптоодо.

Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүү жана толуктоолорду июнь айында жактырган. Кодекс президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Буга чейин өкмөт Эмгек кодекси замандын талабына ылайык өзгөртүлүп жатканын билдирген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG