Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Ысык-Көл күтөт, бирок канчага?


Жай чилдесинде Ысык-Көлгө келген туристтердин агымы күчөдү. Быйылкы жылы Ысык-Көлдө эс алуунун баасы канча?

Ысык-Көлгө эс алуу үчүн сапар тарткандардын көбү жолго Бишкектин Батыш автобекетинен чыгышат. Ал жерден маршруттук такси, болбосо жеңил унаа менен сапар улоого болот.

Учурда маршруттук таксилер менен Чолпон-Ата шаарына баруу 250 сом, ал эми жеңил таксилер Чолпон-Атага 500, Караколго чейин 600 сом менен жеткирет.

Каалагандар көлгө жеткирүү боюнча башка компаниялардын да кызматын пайдалана алышат. Мисалы, “Супер такси” кызматы Бишкектен Чолпон-Атага 2800 сомго алып барат.

Чолпон-Ата шаарына жакын “Алтын-Көл” пансионатында эс алып жүргөн Асылкан Шайназарова учурда көлдө саякатчылардын саны көп экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Кара-Ой айылындагы “Алтын-Көл” пансионатында киши көп, азыркы учурда пансионатта 1500 адам бар. Жаныбызда “Рахат” пансионаты бар. Алардын бизден да киши көп, көл жээкте бут койорго жер жок. Былтыр ушул маалда келгенде “Алтын-Көл” боюнча 30 гана адам бар эле. Билбейм, августа кандай болот...

Шайназарова күнүнө 425 сом төлөп эс алууда. Ал өз жолдомосунун баасын мындайча түшүндүрдү.

- Бул жолдомо негизи он күн. Аны экиге бөлүп, кызым экөөбүз беш күн эс алып жатабыз. Бирок биздики жеңилдетилген жолдомо. Биз азыр люкс жайдабыз жана ага жалпы 4250 сом төлөдүк. Болбосо ушундай эле шарттагы жайлар 1600 сомго чейин турат. Ошол эле учурда 1200 сомдон төлөп эс алгандар да бар экен.

Көптү үмүттөндүргөн жайкы эс алуу

Ири пансионаттар менен катар эле жеке менчик үйлөр да бүгүн күндө конокторду күтүп алууга даярдыктары көрүүдө. Курорттук аймак саналган Бостери айылынын тургуну Бакыт Тажыканов эс алуу жайларынын бааларын айтып берүүдө.

- Жеке үйлөрдөгү эс алуу жайлары күнүнө 200 сомдон жогору, 500гө чейин. Ал эми жөнөкөй коттеждеги орундар 350 сомдон жогору. Пансионаттар миң сомдон 2-3 миң сомго чейин жетет.

Саякатчыларга кызмат көрсөткөн Ak-Sai Travel туристтик фирмасынан баасына жараша жолдомолордун түрүн табууга болот.

Туристтик фирмадан “Азаттыкка” буларды билдиришти.

- Баасы бир күнгө 550 сомдон башталган түрдүү жолдомолор бар. 1300, 1500 сомдук жолдомолор да бар. Булардын түзүлгөн шарттары ар кандай. Мисалы, 550 сомдук жолдомо “Копиратор” пансионатына берилет. Бул Чок-Талда жайгашкан, шарттары жөнөкөй, дааратканасы жана чайынган жери сыртта. Ал эми Бостеридеги “Алтын -Кум” пансионатына 32 доллардан жолдомолор бар. “Кыргыз деңизине” жолдомолор 1900 сом. Буга тамак-ашы жана дарылануусу да кирет.

Туристтик фирмалар, ошондой эле көлдүн тургундары Кыргызстанда саясий туруктуулук болуп турса, быйыл туристтердин саны арбын болот деп үмүт артышууда.

Өткөн жылы апрель жана июнь окуяларынан соң чочулаган туристтердин көбү Ысык-Көлгө келген эмес. Анын айынан Кыргызстан туристтерден түшүүчү арбын кирешеден кол жууган.

XS
SM
MD
LG