Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Кыргызстандын айыл чарбасына тиешелүү жерине мыйзамсыз салынган 38 миңден ашык турак жайдын 42 миңге чукул тургуну 2009-жылдан бери кожоюндук макам ала албай, арсар абалда.

Мындай кырдаалды жөнгө салуу үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна берилген мыйзам долбоорлору парламентте кызуу талкуу жаратып, акыры кандай чечим кабыл алынары белгисиз. Ал эми жер саткан шылуундардын айынан эки анжы абалда жүргөн жарандардын бири паспортсуз жүрсө, биринин балдары туулгандыгы тууралуу күбөлүккө ээ боло элек. “Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Жумабеков, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкарма башчысы Айнура Кенжебаева жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдыжапар Бекматов катышты.

2100 гектар жер анклав болуп калган экен. Мындай иштерге чекит коюлуш керек, бирок айрым жарандарыбыз дагы эле мыйзамсыз иштерге барып, гектарлаган жерди сатып алып, карапайым адамдарга арзан баада сатып жатышат.

“Азаттык”: Айнура айым, өкмөт 2009-жылдын 31-июлуна чейин айыл чарбасынын сугат жерлерине уруксатсыз салынган 38 миң 194 турак үй бар экенин, анда 42 миңге чукул адам жашарын аныктады. Мыйзамсыз курулган үйлөрдүн саны ушуну менен токтоду деп айта алабызбы же азыр дагы курулуп жаткан үйлөр, демек кожоюнсуз жайлар барбы?

Айнура Кенжебаева: Бул кырдаалды иликтөө милдети Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөткө берилип, жумушчу топ түзүлгөн. Анын алдына сугат жерлерине канча турак жай салынганын аныктоо милдети коюлган. 2014-жылдан бери жумушчу топ тактаганда азыр айтылгандай сандар ачыкка чыкты.

2009-жылы 31-июлда мыйзам кабыл алынганга чейинки мезгилде салынган үйлөрдү тактаганда өлкө боюнча 232 айыл өкмөтүндө ушундай фактылар бар экендиги аныкталды, бирок негизги көйгөй Сокулук районундагы Военно-Антоновка, Ново-Павловка жана Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөттөрүндө экен. Башка айыл өкмөттөрүндө көйгөй мынчалык катуу эмес.

Ушул фактылар аныкталгандан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине өзгөртүүлөр киргизилип, жаза күчөтүлдү. Тилекке каршы, 2009-жылдан кийин да салынган үйлөр бар. Мыйзам чыккандан кийин турак жай салгандар ошол мыйзамдын негизинде жооп беришет. Мисалы, Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүндө 36 кылмыш иши ачылып, Жогорку Сотко чейин 4 гектар жерге там салынгандыгы боюнча териштирүү болуп, чечим кабыл алынды. Ал жерге курулган үйлөр жакында бузулат.

“Азаттык”: Дастан мырза, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо дээрлик бардык саясий партиялардын талапкерлери жерди трансформациялоочу мыйзам кабыл алабыз деген убадаларды беришкен. Азыр ошону аткаруу аракети болуп жаткансыйт. Анын кесепети жалпы өлкө коопсуздугуна терс таасир тийгизет деген кооптонуу жокпу?


Дастан Жумабеков: Бул мыйзамды өкмөт алып келди. Долбоордо 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат жерине салынган үйлөрдүн документтери даярдалып, бирок мораторий жарыяланганда токтоп калган үйлөрдүн тагдырын чечүү жобосу жазылган. Биз долбоорду кароодон мурун аябай талашып-тартыштык. Себеби, 2100 гектар жер анклав болуп калган экен. Мындай иштерге чекит коюлуш керек, бирок айрым жарандарыбыз дагы эле мыйзамсыз иштерге барып, гектарлаган жерди сатып алып, карапайым адамдарга арзан баада сатып жатышат. Ага жергиликтүү кеңештин башчылары, тартип коргоо органдары жана бийлик жетекчилери алдын ала чара көрүп, бул жерге болбойт деп тыюу салуулары керек эле.

Мораторий киргизилбесе, анда бүгүн жерибиз калбай калмак. Керек болсо үлүш жерлерине үй салып алган фактыларга кез келдик.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, Жогорку Кеңеш сугат жерлерин башка категорияга айлантууга тыюу салган жана жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бирок чынын айтуу керек, ал жер саткан шылуундарга дагы бир жылчык береби деген коркунуч күчтүү. Демек, мыйзамга чыныгы муктаждардын гана тагдырын чече турган кандай жоболорду киргизүү зарыл деген ойдосуз?

Абдыжапар Бекматов: Эң туура, бирок мындай кырдаал жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин башаламан, жоопкерчиликсиз иштеринин айынан пайда болуп, мораторий жарыяланган. Мораторий киргизилбесе, анда бүгүн жерибиз калбай калмак. Керек болсо үлүш жерлерине үй салып алган фактыларга кез келдик. Биз мындай кырдаалды жөнгө салуу үчүн калктуу пункттарды горизонталдуу түрдө гана өстүрбөй, вертикалдуу түрдө да өнүктүрүшүбүз керек. Андан тышкары кайрак, бактуу жерлерди эл жашачу жерге айлантуу аракети көрүлбөй жатат.

Эгер бул мыйзам кабыл алынса, жер саткыч шылуундарга дагы бир жылчык ачып береби деген кооптонуу бар. Демек, ошол мыйзамды парламентке алып келип жаткан адамдардын да кызыкчылыгы бардай сезилет. Себеби, мен депутат кезде да чатактуу үч райондун жерине тийбей, Кыргызстандын башка жерлериндеги турак жайларды мыйзамдаштырса болот деп аракет кылганбыз. Анын жолун тапса болот. Ал эми мыйзам кабыл алынса мыйзамсыз башка аракеттерге жол ачылышы мумкүн.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG