Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Кыргызстанда 42 миңден ашык үй-бүлө "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүүдө. Бул мыйзам кабыл алынмайын алардын жашаган турак жайлары мыйзамсыз жер тилкелерине курулган болуп эсептелет.

74 жаштагы пенсионер Керез Дүйшалиева 2006-жылы сатып алган 50 сотых жеринин убайын көрө албай келет. Анткени жергиликтүү фермерден сатып алган жер тилкеси трансформация болбогондуктан айдоо жери катары саналып, ага куруп алган чакан үйүнүн тагдыры ара жолдо турат.

"Бирде түрттүрөт экен, бирде текшерилет экен" деген сөздөрдөн жүрөк калганы аз келгенсип, мыйзамсыз курулган делген үйгө каттоого туруу да мүмкүн болбой, социалдык тейлөөлөрдөн өксүп келе жатканы тууралуу буларды айтып берди:

- Балдар окууга бара албайт, бала бакчага балдарды албайт. Анткени каттообуз жок. Моралдык маселе да толтура. Адам өзүн киши катары сезе албай жашайт. Бир нерсеге ээ экенин түшүнбөй жатат. Эми ар бир чиновник эле менин чөнтөгүмө акча түшпөй калат деп бут тосо берген болбойт да.

Кызыл китеби жок жерлерде жашагандар четинен үй курууда

Кызыл китеби жок жерлерде жашагандар четинен үй курууда

Колдо турган жер тилкесине беш баласын үй-жайлуу кылып отурукташтырууну көздөп келаткан эненин акыркы үмүтү эми өкмөттүн чечимине байланган. Ал шаар ичинде толгон-токой мыйзамсыз курулуштарга көз жумуп келген өкмөт эмнеге карапайым элдин көйгөйүн көз жаздымда калтырат деп кейиди.

- Шаарды карасаңар канча мыйзамсыз үйлөр салынып жатат. Канчалаган жерлер сатылып, үйлөр курулууда. Бардыгынын артында чоңдор, байлар, чиновниктер бар. Мен болсо 2006-жылдан бери өзүм сатып алган жерге балдарыма үй салып, неберелеримди жашата албай жатам.

Каттоосуз күн көргөн конуштар

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаковдун айтымында, Кыргызстанда 90-жылдардан тарта айдоо жерлери айылдык кеңештин эле чечимдери менен элге берилип, үйлөр түшө баштаган.

2005-жылкы революциядан кийин парламентте жер-жерлерде айыл чарба жерлерин басып алып, үй салуу аракети күчөп жатат деген маселе көтөрүлүп, аны токтотуп, сугат жерлерин сактап калуу максатында жер тилкелерин трансформациялоого мораторий киргизилген.

Жаңы онуштардын бири

Жаңы онуштардын бири

Бул мыйзам учурунда айдоо жерлеринен үй куруу участокторуна айланбай калган жерлерге түшкөн конуштардын бардыгын ичине камтып, алардын мыйзамсыз болуп калышын шарттаган. Мындан улам 2009-жылга чейинки үйлөрдү мыйзамдаштыруу максатында Эсенгул Исаков 2013-жылы мораторийди алып салып, жер участокторун трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган менен ал колдоо таппай, ушул күнгө чейин маселе созулуп келатат.

- Себеби Башкы прокуратура тарабынан жер боюнча көп кылмыш иштери козголо баштады. Ошон үчүн азыр мыйзам өтпөй жатат. Себеби ар бир министр "прокуратура 5-10 жыл өтсө да мага иш козгойт экен" деп коркот. Бизде азыр турмуш токтоп калгандай болуп турат. Министр кол койбой орун басарына түртөт, анысы дагы бирөөнө түртөт. Эч ким моюнуна жоопкерчиликти алгысы келбейт. Дагы кызык жагдайлар бар. Мисалы, Кеминде Бейшеке деген айыл бар. Канча эл жашап, канча муун чоңойсо дагы трансформация болбоптур. Жогорку Советттин токтому бар, ал Жогорку Кеңештен чыкпай калган. Ошонун баары аныкталбадыбы. Ушуларды эч ким карабай туруп, мыйзам долбоору көз жаздымда калып жатат.

"Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамды карап чыгууну мурунку чакырылыштагы парламент өкмөткө өткөн жылдын июнь айында тапшырган. Сентябрь айында каралат деген мыйзам долбоору ордунан жылбай, азыр өкмөттө жатат.

Өкмөткө талап коюлду

Жер көйгөйүнүн азабын тарткандар бүгүн Бишкекте чогулуп, өкмөттүн өкүлүн угушту. Өкмөттүн агро өнөр жай жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев мыйзам долбоору март айында караларын билдирди.

- Бир нерсени белгилеп кетким келет - бул элдин сабырдуулугу. Баарыбыз үмүт менен жашайбыз да, ошол үмүт менен мына-мына чечилет деп күтүп келатканыңарга чоң рахмат. Сабырыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Биз мөөнөттү көрсөттүк. 1-апрелге чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз.

Ар бир министр "прокуратура 5-10 жыл өтсө да мага иш козгойт экен" деп коркот. Бизде азыр турмуш токтоп калгандай болуп турат.

Бүгүнкү жыйынды уюштурган “Трансформация” кыймылынын жетекчиси Бекназар Айталиев эгер өкмөт элдин көйгөйүн чечип бербесе, эл митингге чыгарын эскертүүдө.

- Карапайым элди баскынчылар дебей, түшүнүү менен кабыл алыш керек. Буларды социалдык маселеден кыйналып тургандар деп түшүнүш керек. Өкмөткө резолюция кабыл алдык. Эгер 11-мартка чейин өкмөт мыйзамды парламентке киргизбесе, анда биз да митингге чыгууга аргасыз болуп калабыз.

Расмий маалыматтар боюнча, 1983-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстандын 33 районундагы 218 айыл аймагынын 13 478 гектар айдоо аянты турак жай курууга берилип кеткен. Анын ичинен 11 784 гектары - сугат жерлер. Бул жерлерде жашаган 42 миңдей үй-бүлөнүн абалы менен 2014-жылы мекеме аралык комиссия таанышып, эсеп-чотун тактаган эле.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG