Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Сөөк деген сөздүн мааниси

Бүгүн сиздерге сөөк деген сөздү чечмелейли. Кишинин сөөгү, малдын сөөгү, айрым жер-жемиштердин сыртын каптаган катуу кабыгын да сөөк деп койгон. Мисалы: өрүктүн сөөгү, алчанын сөөгү.

Сөөктүн дагы бир мааниси теги, түбү, тукуму дегенди түшүндүрөт. “Сөөгү таза жан экен”, “сөөгү таза мал экен” дейт. Адамга карата да айтылат. “Айсалкын сөөгү таза жан, ата-энеси асыл адамдар эмес беле” дейт.

Сөөктүн үчүнчү бир мааниси - өлүк дегенди түшүндүрөт. “Адыл көз жумган экен, сөөгүн алып келгени кетишти” дейт.

Төртүнчү мааниси кудалык жактан жакындыкка карата колдонулат. “Бөкөнбай кызын Баратбайдын уулуна берип сөөк жаңыртты” дейт же “Алым экөө араздашып жүрүп сөөк өчтү болду” дейт. “Сөөк өчтү” деген бири-бирине элдешкис душман болду деген мааниде.

Эми мына ушул сөөктөн келип чыккан сөз тизмектерине келели. “Сөөк жаңыртуу” деп коёт. Мурда куда-кудагый болгон адамдар менен экинчи ирет кыз алышып, кыз беришип кудалашуу.

“Сөөк кармоо” деп коёт. Өлүктү сууга алып, жууп, кепинге алганды ушинтип айтат.

“Сөөгү агаруу” дейт. Бир мааниси семирди, тыңыды, эттенди, оңолду дегенди түшүндүрөт. Мисалы: “Тору айгыр Соң-Көлгө чыкканы сөөгү агарды, жаныбар” дейт.

Дагы бир мааниси ыраазы кылуу, ыраазы болуу. “Сен аны мактап сүйлөп сөөгүн агартпадыңбы” деп коёт.

“Сөөк кымыз” деген да сөз бар. Кеч күздөгү кымызды ушинтип атайт. “Мукаш обдула берип, “сөөк кымыздан” куйбайсыңарбы?” деди.

“Сөөк уста” деп да коёт. Сөөктөн ар кандай үй тиричилигине байланыштуу буюмдарды жасаган устаны “сөөк уста” дейт.

“Сөөгү бош” дейт. Чымыр эмес, борпоң кишилерге айтылат. “Саткын сөөгү бош неме окшойт, агасына караганда 60ка чыкпай жатып эле шалдыраган чал болуп калды” дейт.

“Сөөгү бошоо” деген да сөз бар. Бирөөлөрдүн кыйналганын, азап тартканын көрүп туруп боору ооруу, зээни кейүү, жашып жиберүү. “Аянттагы чырактай балдардын октон кулаганын көрүп туруп, сай сөөгүм бошоп кетти”, - дейт.

“Сөөгү жашуу” деген да бар. Начарлап, алдан, күчтөн кетүү. “Мен да бир кез алдуу- күчтүү жан элем, мына эми сөөгүм жашып, ордумдан козголо албай калдым” дейт.

“Сөөгү жукаруу” дейт. Арып-ачып, арыктап калуу. “Жаз чыкты, сөөк жукарды, мал арык” дейт.

“Сөөгүм ыраазы” дейт. Бирөөнүн кылган ишине абдан ыраазы болуп, алкоосун билдирүүчү күчөтмө сөз.

“Сөөгүнө батуу” дейт. Кандайдыр бир нерсенин запкысын, кыйынчылыгын тартып, көкөйү кесилип, азапка батканда ушинтип “сөөгүмө батты” деп коёт.

Сөөгүнөн суу чыгуу” деген да бар. Мунун маанисин да бүгүн көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Жаны ачуу, жандүйнөсүнө карама-каршы жасалган ишти көрүп туруп ичинен кайноо, кыжыры келүү. Мисалы. “Атасы баласын сабаганда апасынын сөөгүнөн суу чыкты” дейт.

Ким бирөөнү эсинен кеткис кылып кордогондо “сөөгүнө тамга салды” деп коёт.

“Сөөгүнө сиңүү” деген да бар. Малдын же жандын көнүмүш адатка айланган жорук-жосунун айтат. Маселен: “Бул кырчаңгынын сөөгүнө сиңген бир адаты - желени көргөндө эле аңкилдек атып тизгин ди бербей калмайы бар” же “Омор илгертен берки сөөгүнө сиңген адатын таштачу түрү жок” дейт.

“Сөөгү сөпөт болуу” дейт. Тыптыйпыл болуп, жер менен жексенделип, чирип жок болгонду айтат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG