Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Бүгүн - Эне тилдин эл аралык күнү. ЮНЕСКО эл аралык уюму 1999-жылы 21-февралды Эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген.

ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 7 миңдей тил болсо, анын 50 пайызы жоголуп кетүү коркунучунда турат. Ал эми кыргыз тилинин абалы кандай? Соңку жылдары жакшырдыбы? Бул тууралуу филология илимдеринин кандидаты, профессор Кадыралы Конкобаев "Азаттыкка" айтып берди.

“Азаттык”: Кадыралы мырза, ЮНЕСКОнун изилдөөсүнө караганда дүйнө эли 7 миң тилде сүйлөйт экен. Бирок келээрки жүз жылдыкта дүйнө тилдеринин саны эки эсеге азайып, 3 500 гана тил калат деп жатышат. Окумуштуу катары сиздин соңку маалыматыңыз кандай?

Конкобаев: Мурдагы изилдөөлөр боюнча 7 миңдей тил бар болчу. Бирок акыркы 50 жыл ичинде бул тилдердин саны 3-4 миңге азайды. Ар бир 10 жылда, 50 жылда, 100 жылда тилдердин саны барган сайын азайып жатат. Акыркы жылдары маалымдоо каражаттары "кыргыз тили жок болуп бара жаткан тилдердин ичине кирди" деген жаңылыш маалыматты жазып жүрүшөт. Бул сөз Маньчжуриядагы Фую кыргыздарынан улам чыккан. Аны түшүнбөй, жалпы Кыргызстанга чаптап жатышат. Дүйнө жүзүндө азыр жанагы 3 миң, 6 миң, 7 миң тилдин ичинде 250гө жакынынын адабий жазма тили бар. Кыргыз адабий тили, кыргыз элдик оозеки тили ошондой чоң тилдердин катарына кирет. Бүгүн дүйнөдөгү кыргыздардын саны 6 миллионго чукулдап калды.

“Азаттык”: Лингвисттердин айтымында, бир миллион адам сүйлөгөн тил - саламаттыгы чың тил деп саналат. Бул жагынан алганда кыргыз тилинин абалына кандай баа берсе болот? Кыргызстандын канча пайызы кыргыз тилинде сүйлөйт?

Конкобаев: Канча пайыз эл кыргызча сүйлөйт деген изилдөө азырынча жок, так айтуу кыйын. Бирок бүгүнкү кыргыз оозеки тили активдүү, кыргыз жашап турганда колдонула турган тил. Кыргыз Республикасы деген мамлекеттин курулушунан кийин кыргыздын бүгүнкү адабий тили жоголуп кетпейт. Бул келечеги бар деген маанини туюндурат. Ал эми адабий тилдин колдонулушу боюнча айта турган болсок, бүгүн чынында эле мамлекеттик башкаруучулардын илим, укук, эл чарбасындагы иштеринде адабий тилдин колдонулушу чектелүү. Ушу чектелген функционалдык кызматтык абалдан улам эле кыргыз тили начарлагандын үстүндө деп карапайым эл айтып жатат да.

“Азаттык”: Илимпоздор тилдин колдонуу чөйрөсүнүн тарышын жана жок болуусун ал тилди алып жүрүүчүлөрдүн санына, ошондой эле коомдук турмуштагы маанисинин төмөндөшүнө, натыйжада өкмөттүн жетишерлик колдоосу болбой калышына байланыштырышат. Тилди сактап, багуу боюнча мамлекеттин саясатына кандай баа бересиз?

Конкобаев: Жыйырма жылдан ашык эркиндикке чыккандан берки кыргыз адабий, мамлекеттик тилине карата болгон камкордук начар деп ачык эле айта алам. Өкмөт тарабынан комиссиялар түзүлүп, ар кандай сөздөр айтылганы менен тийиштүү деңгээлде колдоо жок. Натыйжада бүгүн бирдиктүү координация жасай турган, кыргыз тил илиминин проблемаларын изилдей турган изилдөөлөр жок, сөздүктөр да чыкпай калды. Мунун баары өкмөттү башкарып тургандарды ойлондурушу керек.

“Азаттык”: Тилдин дагы бир көйгөйү болуп, тилге болгон суроо-талаптын жоктугу эсептелет. Эл кайсы тилди билүү материалдык пайда алып келсе, ошол тилди үйрөнүүгө ашыгат. Кыргыз тили башка чет тилдер менен теңтайлашып жашап кетиши үчүн илимдин, техниканын тилине айланышы зарыл. Бул багытта жылыштар барбы?

Конкобаев: Көйгөйлүү, туура суроо. Бирок бул маселелердин баарын чечүү үчүн мамлекеттик тилди өнүктүрө турган ырааттуу саясат, ырааттуу каржылоо, ырааттуу адистерди даярдоо болушу керек. Биз 70 жыл орусча башкаруу алдында болуп, орусча билим алдык. Бүгүнкү жетекчилер, интеллигенциянын өкүлдөрү дагы тарбияны, билимди орусча алгандыктан бардыгы ошого көнгөн. Эгемендикти коргоонун эң башкы жолдорунун бири мамлекеттик тилди мамлекеттик башкарууда, ар кандай мамлекеттин эл чарбасынын тармактарында колдонууга жетиштирүү деген бул аябай чоң, оор кызмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG