Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49
Кайран тил ай, кайран тил, өсөлбай тур,
Кара чырак жаккансып өчөлбай тур.
Эсен хандын эсебин тапкан тилим,
Эркеч-Тамдан беркарай өтөлбай тур.

Ат бороюн сыдырып кеталбай тур,
Ааламды кой, Ак үйгө жеталбай тур.
Алмамбетти Кытайдан апкелген тил,
Ат-Башынын суусунан кечалбай тур.

Кайран тилим, калкылдап агалбай тур,
Калка болор калкы жок каралбай тур.
Өгүз хандан беркарай өлбөй келип,
Өз элине тилмечти табалбай тур.

Сагымбайдын тууcун саялбай тур,
Саякбайдын чуусун саяалбай тур.
Кыяматтан кылт этпей келген тилим,
Кыз-уулуна өзүнүн жагалбай тур.

Мекенинен мээримди табалбай тур,
Мелт-калт болуп мелмилдеп агалбай тур.
Мезгилинде Мекенин мээсин чаккан,
Мэриянын мээсин чагалбай тур.

Өз жерине өзөгүн саялбай тур,
Өз элине канатын жаялбай тур.
Өтүн алган кезинде Азиянын,
Өкмөттүн каалгасын кагалбай тур.

Калган тилди Манастан ыйман кылып,
Каргаларга толтурдук кырман кылып.
Калып барат Сүйүнбай, Сооронбайлар,
Калып барат окулбай “Сынган кылыч”.

Көөдөнсүзгө ырайым кылса деген,
Көз издедик Мухаммед, Ыйса менен.
Арам дүйнө кутурткан балдар чыкты,
Айтматовдой дөөлөрдү “мырка” деген.

Жайы болдук жалпы үйгө түшкөндөрдүн,
Жалаң байлык, акчаны түш көргөндүн.
Жайытына айланды Кыргызстан,
Жатынына орусча бүткөндөрдүн.

Ороп алып мыйзамды бүйлөсүнө,
Орус тилин айлантып күндөшүнө.
Эне тилин коргоочу жигиттериң,
Эки катын алганды үйрөтүүдө.

Солоп алып мыйзамды бүйлөсүнө,
Соода жолу ушул деп дүрбөтүүдө.
Созолонуп ант берген жигиттериң,
Сойкукана ачканды үйрөтүүдө.

Ала-Тоону толтурдук саман тилге,
Ата салттан айырган арам тилге.
Даанышман тил айланды даакы сакал,
Дамбал кийип жер чийген “халал” тилге.

Мээси иштеген эл элек, көз тийип тур,
Мечиттериң менменсип көк чийип тур.
Меке болчу Мекениң жерди тиктеп,
Мектептериң көчөдө жөткүрүп тур.

Алп Манастын ааламдык сөзүн түзгөн,
Азат кылат ким тилди өкүм күчтөн?
Алып жаткан өңдөнүп кетет кээде,
Алоокенин ким бирөө өчүн бизден.

Кыргыз деген кыйлага барган экен,
Кылымдардан алчусун алган экен.
Эч бир душман жеңалбай, акырында,
Эл ичинде мындай сөз калган экен:

–Жагынганды жактырат, байкагыла,
Жалган мактап кыргызды жайкагыла.
“Кабылансың, баатырсың, укмушсуң!” деп,
Карегинен айланып алкагыла.

Байкатпастан башынан артуу кылдыр,
Баш кийимин башкага тартуу кылдыр.
Каада-салтын талкалап, чайкагыла,
Кара көзүн кыргыздын кайсагыла.
Касиети жок болот калпак менен,
Касиети кыргыздын калпагында,–
Деген экен кытай чал кайтарында.

...Коюн сойгон, колтуктап ашын берген,
Коногуна тартуулап атын берген.
Бапак берген чеченди көрөлекмин,
Чечен бапак бергенче башын берген.

Башы бар эл базарды желек кылбайт,
Башы бар эл балдарын жемек кылбайт.
Башы бар эл эч качан башкаларга,
Башындагы калпагын белек кылбайт!..

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес!

Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес,
Жыргагандын баары эле турмуш эмес.
Кыргыз туруп кыргыздын тилин чанган,
Кыдыр болуп кетсе да кыргыз эмес!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG