Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Тил комиссиясынан тилдер комиссиясына?


Кызыл-Кыядагы мектеп мугалими Вера Васильева
Кызыл-Кыядагы мектеп мугалими Вера Васильева

Кыргызстанда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны өлкөдөгү бардык улуттардын тилин коргоп-колдоп, өнүктүргөн комиссия кылып кайра түзүү демилгеси айтылды.

Бишкектеги кыргыз-орус алака-катышына арналган жыйындагы мындай сунуш коомчулукта талкуу жаратты. Эгер иш ушундай нукта кетсе, анда эми гана даражасы көтөрүлүп келаткан кыргыз тили кайрадан өнүкпөй калат деп патриоттор тынчсызданууда.

Өлкөдөгү бардык улуттардын тилин өнүктүрүү боюнча сунушту “Замандаш-Кыргызстан” партиясы менен Кыргыз-орус славян университетинин өкүлдөрү сунуштап жатат. Аталган жогорку окуу жайдын кафедра башчысы Бекбосун Бөрүбашев муну бардык тилге бирдей мамиле жасоо аракети менен түшүндүрдү:

- Кыргызстанда жалаң эле кыргыз тили эмес да. Орус, казак, өзбек жана башка тилдер да бар. Ошол жыйында "Казакстанда да ушундай экен, бардык тилдерди өнүктүрөлү" деген сунуш айтылды. Кыргыз тилинин тагдыры – кыргыздардын колунда. Аны башка улуттар көтөрбөйт. Кыргыз тилин мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыкпасак өнүкпөйт. Биз чынында негизги мазмунду көтөрбөй, курулай популист болуп жатпайбызбы.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Аалы Молдоканов аталган комиссиянын азыркы абалын кейиштүү деп баалады. Көп тил билүүнүн пайдалуу жактарын белгиледи:

- Ошону менен балким оңолуп кетербиз. Анткени биз оңоло албай жатабыз. Бир кезде белгилүү эле саясатчы катуу кетип атканда, ошонун тизгинин тартып коюш үчүн эле биздин комиссияны уюштуруп койгон экен. Азыр болсо комиссия менен эч кимдин иши болбой жатпайбы. Мына, үч айдан бери төрагасы жок отурабыз. Балким ошондой кылып жаңыртып түзсөк, кичине жаңы кан куюлуп, оңолуп кетербиз. Элет жеринде, алыскы айылдарда орус класстарын ачышыбыз керек. Кыргыз жаштары Орусияга барып жерин шыпырып, итинин богун тазалабай, ошол жерде теңата болуп, бир деңгээлде жүрүшү үчүн орустун тилин жакшылап үйрөнүшүбүз керек.

Бирок мындай демилгеге каршы чыккандар да болууда. Айрым патриотчул күчтөр бул демилге орусиячыл күчтөрдөн тарап жатат жана кайрадан орус тилинин үстөмдүгүн кайтаруу алгачкы кадамы деп жазып жиберишти.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, бул аракеттер телчиге албай жаткан кыргыз тилине жолтоо болот:

- Кыргыз Республикасы деген мамлекетте ушул күнгө чейин түпкү элдин тили – мамлекеттик тил боло албай жатса, аны дагы жырып, "бөйрөктөн шыйрак чыгарып атканга" мен каршымын. Кыргызстанда орус тили коргоого эч муктаж эмес. Мен орус тилине каршы эмесмин. Бирок менин Кыргызстанымда менин тилим канча жылдан бери жабыр тартып келатат!


Кыргызстанда “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам 1989-жылы кабыл алынган. Кыргызстанда орус тилине расмий деген статус берилген. Жакында парламентте бул мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү долбоору карапган. Андагы мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз кыргыз тилин билиши керек деген жобо кызуу талкуу жараткан болчу.

XS
SM
MD
LG