Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

“Өнөр алды - кызыл тил” деген кыргыз. Калк калк болгону адегенде сөзгө таянып, сөздү жолдош кылган. “Баарынан сөз улук, баарынан сөз алды” деген.

Кыргыздын кызыл тил тарыхы бери дегенде эле 2000 жылдык узак жол баскан. Кененине сөз жетпейт да, тереңине көз жетпейт. Ушу кезде жат кадырынан өз кадыры, аз кадырынан көп кадыры кемип, баарынан да сөз кадыры кемип турган чакта оймоктой ой дүйнөсүнө он сегиз миң аалам баткан калкыбыздын Балбан Сөзүнө, Баба Сөзүнө башыбызды ийип, мына ушул “Сөз дайра” түрмөгүбүздү жарыкка алып чыккан элек.

Кыргыздын туу тутуп, тулга кылар, тушу туташ, түбү түптүү, уңгусу уюл, төшү Жерге, төбөсү Көккө, тарыхы ташка, тамыры башка катылган көөдөн дүйнөсүнүн көркү сөз болгон. Демек ал кыргызы менен кылым кезип, азса азып, тозсо тозуп, булактан аккандай кулактан кулакка агып, Атадан Балага, Энеден Денеге тарап, муундан муунга кан болуп жүгүрүп олтуруп, телегейди тегеренип келип, тегин жерден бүгүнкү күнгө жетпесе керек.

“Ажал баарын алат, жалгыз гана Сөздү алалбайт!” деген экен Кыргыз Атаң.

“Сөзгө өлүм жок!” деген экен Кыргыз Атаң.

Анда эмесе, Сөзгө келиңиз? Сөз алыңыз, кадырлуу окурман?!



* * *

Аалам - бизди курчап турган кең дүйнө. М: Асман, Жер, Түн, Күн, Ай, Жылдыздар. Жерден башка дагы Күндү айланган 8 планета бар.

“Манас” эпосунда: “Жеткен жан келер жөргөлөп, Жердин өзү дөңгөлөк” деген саптар бар.

Аалам деген “Манаста” бардык эл, дүйнө жүзү, жумурай-журт деген мааниде да колдонулат.

Аалы же наалы - өтүктүн такасын жешилип кетүүдөн сактоо үчүн урулган айчык темир.

Аалым деген сөз бар. Билимдүү, илимдүү, окумуштуу адамдарды “аалым” деп атаган.

Абайы деген сөз бар. Кыл кошулуп, жүндөн токулган калың кездеме же кооз ат жабуу. Муну көбүнчө ат жабуу үчүн колдонгон.

Абалтан- байыртан, мурунтан, илгертен, эзелтен дегенди түшүндүрөт.

Адам Ата, Аба Эне (Обо Эне) – Библия менен Куранда Адамзаттын түпкү ата-энеси ушулар. Жарык дүйнөгө эң биринчи жаралган адамдар. Адам Ата менен Аба Энени Кудай бейиштин багына кийирип жиберсе, алар азезилдин тилине кирип кетишет. Анан Кудайдын айтканын аткарбаган жазыгы үчүн бейиштен кубаланып, кадимки жер үстүндөгү бүгүнкү жашоого айдалып чыгарылат.

Адамноо – жапайы адамды, киши кийикти кыргыз ушинтип атаган.

Ажо - Эне-Сай кыргыздарын 840-жылдары Ажо башкарып турган. 847-жылы Ажо дүйнөдөн кайткан. Ошондон кийин кыргыздар бүлүнүп, бытырап, бөлүнүп-жарылган. Мындан улам кыргызда “ай деп коёр Ажо жок, кой деп коёр Кожо жок” деген ылакап чыккан.

Адал - таза, ак иш, адилет жумуш, ичип-жегенге тыюу салынбаган тамак. Азыр айрым өз эне тилинин кадырын сыйлбаган, башка элдин баскынчылык саясатына, арам дүйнөсүнө оңой азгырылган, калкынын каада-салтын сатып ийгенден аянбаган саткын кыргыздар өз тилиндеги “адал” деген сөздү “халал”, “Алла” деген сөздү “Аллах” деген сөз менен алмаштырып, айтып жүрөт. Бул кыргыз тилине кылган кыянаттык,таптакыр туура эмес.

Ант – эч качан бузулбай турган, салттык ыйык убада, бүтүм, шерт, касам.

Алман – салыктын бир түрү. Өткөн доорлордун биринде бийлик ээлери тарабынан шашылыш кырдаалга, зарыл иштерге байланыштуу элден чогултулган акча, мал, баалуу буюм, тайым. Азыркы “марафон”.

Мисалы: Манастын күмбөзүн саларда:

Алман салып кыргыздан
Алты миң эркеч бир жыйнап... деген саптар бар.

Ак сары башыл - мунун маани-маңызы да унутулуп баратат. Кыргыздар башына оор иш түшүп турган кезде же катуу оору, кырсык чалганда же сүйүнгөндө кудай жолуна атап мал сойгон. “Ак сары башыл” ырымы алгач пайда болгон кезде союлган малдын өңү ак, боз болгон. Бирок бара-бара өңү ылганбай калган.

Айчык же айчыктуу туу – түрдүү түстөгү кездемеге жарым айдын элеси түшүрүлгөн туу.

Ак деген сөз байыркы кыргызда жакшылык алып келүүчү, ырайым кылуучу түшүнүк катары саналган.

Мисалы: ак мал, ак чөп, ак жер, ак тоо, ак артыш ( “артыш” деген арчанын байыркы аты, алтайлык кыргыздар арчаны азыр да “артыш” деп атайт), ак мылтык, ак үлдү (кылыч), ак жыра (найза), ак бөрү, ак бичик (китеп) ж.б.

Кыргыз элинде “Теңир жалга!, “Кудай жалга!” деген синонимдик туюнтмалар менен катар “Ак жалга!” деген тилек да азыркыга чейин айтылып келет.

“Ак санатай, ак жолтой, ак көңүл, ак пейил” деген сөздөр ошондон калган.

Ажымоолук деген сөз бар. Ажымоолук киши экен деп коет.

Байыркы уламыштардын биринде Коңурбай кыргыздардын үшүн алып, коркутуп туруу үчүн барып турган кежир, өтө тээжик, нары жыгыл десе бери жыгылган, эч бир тамакка тойбогон Ажымоолук деген соргок дөөсүн Ала-Тоого атказган. Ажымоолук жолунан чыккан жандардын баарын жалмап отуруп, Ат-Башыга жетип, Ат-Башыны жутуп коердо Ат-Башы дайрасына тайгаланып өлгөн. Бул эми узак баян...

Ошентип оң айткан сөзгө көнбөгөн, оң сүйлөсөң тескери сүйлөгөн кудай тажаткырды кыргыздар ошол Ажымоолук дөөнүн аты менен “ажымоолук” деп атап койгон. Сөз ошондон калган.

Ажыраш аяк - туулуп өскөн жеринен башка жерге көчүп кетерде туугандарын, коңшуларын, жолдош-жоролорун чакыртып меймандап, коштошуу жөрөлгөсү. Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө Алтайда калган кыргыздарга жана башка урууларга “ажыраш аяк” берген. Ошондон тартып бул жөрөлгө кыргызга салт болуп кирген.

Аза - өлгөнгө кайгырып, күйүт тартуу, аза күтүү салты.

Азалоо деген сөз бар. Азала деп да коет. Жакын адамы өлгөндө куда-сөөгү, көңүлү чукул адамдары мал жетелеп же башка бир нерсе алып барып көңүл айтуу иши. Мурунку заманда көбүнчө мал беришчү. Азыр ал көбүнчө акча менен алмашты.

Азар-түмөн- өтө көп, сансыз, эсепсиз дегенди түшүндүрөт.

(уландысы бар)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG