Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Дүйшеев: Кыргыз тилин бийликтегилер колдонбой жатат


Жалал-Абад облусундагы орус тилдүү Кочкор-Ата мектеби
Жалал-Абад облусундагы орус тилдүү Кочкор-Ата мектеби

Тил маселесинин тегерегинде Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин профессору, филология илимдеринин кандидаты Жумакадыр Дүйшеев "Азаттыкка" маек курду.

- Кыргыз тили Кыргызстандагы бардык улуттарды бириктирчү тил болушу керектигин президент Роза Отунбаева белгилеген. 11 жыл мектепте кыргыз тили сабагы өтүлөт. Эмнегедир натыйжасын бербей келет. Же кеп тил үйрөтүү методикасында болуп атабы?

- Тилди үйрөнүүдө сүйлөө менен сүйлөшүүнү айырмалап билиш керек. Карым-катнаштын бирдиги катарында элдин жан дүйнөсү, руханий байлыгы, элдин акылмандык, даанышмандыгы жана философиясы менен этномаданияты, менталитети, коомдук түшүнүгү тилге сиңирилген.

11 жыл окутса да үйрөнбөй аткандыгынын бирден бир себеби кыргыз тилин мамлекеттик тил катарында жогорку бийликтегилер колдонбой жаткандыгында. Бул жагдай кыргыз тилин үйрөнгөн менен баары бир колдонулбайт экен деген түшүнүктөрдү жаратууда. Ошондуктан кыргыз тилди үйрөнүүнү каалабай, дили берилбей жатат.

- Ушул маселеде бирдиктүү бир методика иштеп чыкса болобу? Азыр ар бир университет өзүнчө, тил үйрөтүүчү курстар өзүнчө жол-жоболорун иштеп чыгышкан. Ошол эле кыргыз-түрк “Манас” университетин алалы, кыргыз тилин Түркиядан келген студенттер бир жылда эле мыкты үйрөнүп кетүүдө.

- Методикасы, башкасы жок жалаң кыргызча сүйлөгөн Тян-Шандагы калың элдин арасына келген чет элдиктер эки-үч, алты айда эле кадимкидей кыргызча сүйлөп атышат. Демек буга методика деле күнөөлүү эмес. Бул жерде башкысы каалоо, ниет. Дил жок болуп атат, окугусу, үйрөнгүсү келбейт. Үйрөнүп алган менен деле ал тилдин зарылчылыгы жок, коомдо колдонбойт.

- Башка улут өкүлдөрү бул документтердин мамлекеттик тилге өткөрүлүшү жана тил үйрөнүү маселелердин козголушу айрым кыйынчылыктарды жаратарын белгилешүүдө. Алардын укугу кандай болот?

- Бул жерде укук бузулбайт. Кыргыздардын өзүнүн ыкшоолугунан мамлекеттик тил ушуга чейин ордун таба албай келет. Мисалы Прибалтика, Закавказьени, Казакстан, Өзбекстанды алалы, эч кандай укуктары бузулган жок. Уюштургуч, бардык элди бириктиргич тил катары колдонсо жакшы болбойт беле.

- Айрым жерлерде орус тилиндеги көрнөк-жарнактарды алып жатышкан экен. Анткен менен Орусияга барган мигрант улан-кыздар орусча билбейт деп айтылууда. Баары мамлекеттик тилде боло берсе кандай болот?

- Орус тили илимге, билимге, маданий дүйнө таанымга, чоң-чоң залкар окумуштуулардын эмгеги менен таанышканга керек. Муну окуп, үйрөнүү да зарыл. Ар бир адам өзү эле каалашынча үйрөнүп алат. Тээ алыскы райондордо айрым адамдар билбесе билбей калаар. Бирок аларга деле мектептерде окутулуп атат. Алар деле каалоо, зарылчылык жок болуп жүрө берген. Анан Орусияга барганда үйрөнүүгө туура келди.

Тил үйрөнүүгө зарылчылык болуш керек. Ошондо анан үйрөнөт. Биз деле илгери айылдан келгенде жумушка кириш үчүн орус тилинде арыз жазчубуз. Үлгүнү алып эптеп-септен бирөөлөрдүн жардамы менен жазып, анан үйрөндүк. Көбүнчө тилди тез үйрөнүүнүн ыкмасын киргизиш керек. Оболу тил менен дилди аныкташ керек, анан чөйрө керек.
XS
SM
MD
LG