Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Мурда башка мааниде колдонулуп жүрүп, кийин башка мааниге өтүп кеткен сөздөр да тилибизде арбын учурайт. Мисалы, кыргыздар “товарды - мал” деп коюшкан. “Алар Анжияндан келгенден кийин дүкөнүн малга толтуруп койду” дейт. “Дүкөнүн товарга толтуруп койду” деген маанини билдирет. Бүгүн мал дегенди кыргыз товар деп түшүнбөйт. Мал десе төрт түлүктү: уйду, койду, жылкыны, төөнү түшүнөт.

Кыргыз тилиндеги “ор, ороо, аң, аңгек” сөздөрү менен монгол тилиндеги “нур, нура” сөздөрү уңгулаш, түбү бир. Монгол тилиндеги “нур, нура” деген сөздөр “жар, туңгуюк, түпкүр” дегенди түшүндүрөт. Мисалы, “нор, ор, ус, суу” деген “урап түшкөн терең суу” дегенди түшүндүрөт. Ушул сөзгө “нура, нурак” деген сөздөр жана Орто-Нура, Чет-Нура, Баш-Нура деген жер аталыштары уңгулаш. “Мөрөн” деген сөз монгол тилинде деңизге куя турган чоң сууну билдирет. Эми “Көкө-Мөрөн (Мерен)” десек “Көк суу, Көк дарыя” дегенди билдирет. “Муз-Булак, Муз-Төр, Ак-Муз, Мура, Амур” деген аталыштардын уңгулары “мөр, мур, муз” болуп, этимосу “суу, дайра, өзөн” дегенге барып такалат. Мисалы, Ак-Буура дарыясын айрым илимпоздор “Ак төөгө - Ак буурага" салыштырган. Бирок дүйнөгө анык далилдүү эмгектери менен атагы чыккан түркологдор “буура” сөзүнүн суу менен эч кандай байланышы жоктугун, мындай этимология илимге жакындабай турганын, ал эми түндүктө жашаган эвенк элинде “бура” деген сөз “суу, өзөн” дегенди түшүндүрөрүн, Ак буура деген Ак дарыя, Кара буура деген Кара дарыя дегенди түшүндүрөрүн далилдешкен. Ошондой эле Буура-Сай, Ак-Буркан, Бурган деген жер-суу аттары да бар.

Азыркы убакта айрымдар таңуулап жүрүшкөндөй Енисей дегенди Эне-Сай же Эне-Суу деп түшүндүрүү элдик нукура чындыкка жакындабайт. “Ене” деген “чоң суу”, сай деген суу ага турган жер. "Енисей – Чоң суу, Чоң дарыя” дегенди түшүндүргөн эле сөз”.

Азыркы унутулган сөздөрдүн көбүн жер-суулардын аттарынан табууга болот. Анткени ал аталыштар чындыкты жаап-жашырбай, болгонун болгондой кылып айтып берүү касиетине ээ. Мисалы, Кыргызстандагы Кызыл-Суу Тажикстанга жеткенде “Сурхоб” болуп өзгөрүп кетет. Анткени тажикча “сурх-кызыл, об-суу” деген сөз.

Көгарт, Кызарт деген аталыштардагы “арт” деген өзүбүздүн тилде “ашуу” дегенди билдирет. Же “Көктөгү ашуу”, “Бийик ашуу” деп түшүнсөк болот. “Арт” деген сөз азыр деле айтылып, колдонулуп келет. “Алар тиги көрүнгөн белди артып кетишти” дейт же “Артуу, артуу бел экен” деп коет. Ал эми “Кызарт” дегендин “кыз” дегени “кыз” эмес, кыр дегендин эле бир түгөйү деген маанини берип келгени окумуштуулар тарабынан аныкталган. Демек “Кызарт” – Кыр ашуу, Көкарт - Тоо ашуу” дегенди билдирет.

Эми “Чүй” дегенге келсек. Чүй казакча–Шүй. Суй - Иран тилинде суу дегенди билдирет.

Ал эми кыргыз тилиндеги - “суюк, сугар, супсак, сууса, суусундук” деген сөздөрдүн баарынын уңгусу “суу” дегенден таралат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG