Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды оболу мамлекеттик тилде жазып, анан расмий тилге которууну сунуштады.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева, жаш активист, Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Аалы Молдоканов, жаш активист Чынара Эсенгул.

“Азаттык”:
Кесиптешиңиз Курмантай Абдиев кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамдарды оболу мамлекеттик тилде жазып, андан кийин которуу керек деген мыйзам долбоорун алып чыкты. Бул сунушту колдобогон да депутаттар болду. Урмат айым, сиз бул мыйзамды колдош керек деп айттыңыз. Мыйзамды оболу мамлекеттик тилде жазууга депутаттар даярбы?

Урмат Аманбаева: Конституцияда мыйзамдын түп нускасы мамлекеттик тил болуп жатат. Мыйзамдарды мамлекеттик тилде жазуу эч кандай деле тоскоолдук жаратпайт, мажбурлоо да болбойт. Биз Баш мыйзамдагы нормаларды сактап, аны аткарганга аракет кылып жатабыз. Эгер кыргыз тили өнүкпөсө, колдонулбаса, мыйзам жазылбаса, мамлекеттик тил деген макамын жоготуп койот. Каршы чыккан 2-3 депутат болду, бирок бардыгы эмес. Алар деле түшүнөт деп ойлойм.

Бизде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көп эле аракеттер жасалып жатат, бирок тиешелүү каражат бөлүнбөйт. Тилди зордоп эмес, Кыргызстанда жашаган адам өз ыктыяры менен үйрөнүш керек. Эгер биз өзүбүз мыйзамды мамлекеттик тилде жаза баштасак, анда колдонобуз, тилдин өнүгүүсүнө жол беребиз. Даяр эмеспиз деп 23 жыл жүрдүк, анда дагы ошентип 23 жыл жүрөлүбү?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Аалы Молдоканов: Мамлекеттик тилде кабыл алынган мыйзам, мамлекеттик тилде мыйзам жазган киши бар бекен? Айталы, түбөлүк депутат Өмүрбек Текебаев деген бар. Эгер жазса, ушул киши жазып, акыркы Конституцияны кыргызча жазганга аракет кылат эле. Эми абал башкача болуп атат. Депутат көтөрүп чыккан демилге жакшы кадам. Мен Жогорку Кеңеште он жыл котормону жетектеген кишимин, котормо эмне экенин жакшы билем.

Азырынча бизде мыйзам жазып киришкенге ал-акыбалыбыз жетпейт. Анын бир топ шарттары бар. Илимий стиль, мыйзамдын тамгасы, анын духу ошонун баары өчпөй, так болушу керек. Кеп биз мамлекеттик тилде мыйзам жазууга даабай турганыбызда эмес, кеп даярдыгыбыз жоктугунда.

“Азаттык”: Мамлекеттик тил маселеси тууралуу сөз болгондо дайыма талаш-тартыш болот. Деги эле мыйзамдар менен мажбурлап үйрөтүү натыйжа береби?

Чынара Эсенгул: Мыйзам чыгаруу системасы, мыйзамдардын өздөрү бул башка нерсе. Кайсы тилде болбосун тил - бул курал. Ошондуктан ал куралды туура колдонуу бизге байланыштуу. Жогоруда айтылгандай, мыйзам чыгаруу органы мыйзамдарды мамлекеттик тилде чыгарууга даярдыгы жок.

Көп нерселер айтылды, бирок мен популисттик аргументтер болуп жатат деп ойлойм. Азыр ата-энелердин балдарын орус мектептерге бергени да турган маселе болуп жатпайбы. Бул экономикалык категория болушу мүмкүн. Айылдык деңгээлде орус тилге, дүйнөлүк деңгээлге келсек англис тилге муктаждык бар. Ошондуктан бир канча тилде билим берүүгө аракет кылышыбыз керек. Ал эми мыйзамдар аны жөнгө салыш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG