Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Мамлекеттик жана расмий тилдердин айланасындагы парламенттик талаш коомчулукта жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева, эксперт Илим Карыпбеков.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Урмат айым, бир аптадан бери тилдин тегерегинде коомчулукта жана социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүүдө. Кыргызстанда өмүр бою жашап, окуп, анан тилди түшүнсө да сүйлөй албай жүргөндөр көп эле. Эмнеге үйрөнө албай жатышат, же үйрөтүү методикасы начарбы?

Урмат Аманбаева: Эгер биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатып, кыргыз элим, жерим деп, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлоп, салымыбызды кошобуз десек, кыргызча үйрөнүү оңой эле деп эсептейм. Биз расмий тилди кодулаган жокпуз. Бирок кыргыз тилин билүүгө ар бир адам өзү да аракет кылып, кызыгып үйрөнсө, кыргыз улутун, Кыргызстан мамлекетин сыйлагандык деп эсептейм. Мен 11-январда парламент жыйынында кыргыз тилдүү жаран, мамлекеттик чоң деңгээлдеги кызматкер деп эсептелген статс-катчыга суроо бергем.

“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын 9-беренесинде “Мамлекеттик ишке бара турган адам мамлекеттик тилди зарыл болгон деңгээлде билиш керек” деп турат. Мен ал жерде орус тилдүү, же башка улуттун өкүлүнө "кыргыз тилинде сүйлөңүз" деген жокмун. Ушуну да тактап коюш керек. Ар ким өзү аракет кылбаса, тилдин абалын 22 жылдан бери көрүп атабыз.

“Азаттык: Илим мырза, тил маселесине байланыштуу талаштардын арты эмнеге алып келиши мүмкүн? Буга чейин депутаттардын бул багытта айткандарын бир аз радикалдуу дедиңиз эле.

Илим Карыпбеков: Негизи эле кыргыз тилинин азыркы абалы өтө орчундуу. Азыр бир да кыргыз "тилди өнүктүрбөш керек, кыргыз тилин таштап коюш керек" деп айтпайт. Ошондуктан мамлекеттик тилде сүйлөш керек, же сүйлөбөш керек дегенден алысмын.

Экинчиден, бизде эң көрүнүктүү, эл тыңшап уккан аянтча – Жогорку Кеңеш. Мен "кыргыз болгондон кийин кыргызча сүйлө, докладдарды кыргыз тилинде даярдабайсыңбы" деп тилге күйгөн депутаттарды да түшүнөм. Бирок биз көп улуттуу экенибизди да унутпашыбыз керек.

Ош окуясынын изи сууй элек, жакында эле Маевкада, Жаңы-Жерде болгон окуялар талкууга алынып жатат. Ушундай учурларда тил маселесин өтө этияттык менен көтөрүш керек, болгондо да эл көп уккан аянтчада.

Дагы бир маселе: калың элге туура түшүндүрүш керек. Эми азыр биз электрондук багытта, интернетке маалыматтарды кыргыз тилинде киргизип жатабыз. Кыргыз тилиндеги макалалар аз. Мен азыр кыргызча сүйлөп жатканым менен кээ бир котормолорду билбейм. Бирок аны интернеттен издеп таппайм. Анан тил комиссиясына кайрылууга туура келет. Ыңгайлаштыруу дегенде ушундай сыяктуу шарттарды түзүп бериш керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина: Жогорку Кеңеште бардык документтер кыргыз тилинде жүргүзүлсүн деп сунушталып жатат. Кыргыз тилинде баарыбыз эле түшүнө бербейбиз. Мисалы, мен кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Бирок толугу менен өздөштүрдүм деп айта албайм. Ошондуктан мындай сунуштар кыргыз тилин билбегендердин укугун тебелеп жатат.

"Московский комсомолец Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов: Биз орус тилдүүлөр деп орустарды гана эмес, Кыргызстанда жашаган украин, немис, өзбек, уйгурларды билебиз. Муну менен катар Советтер Союзу учурунда окуп, билим алгандардын көпчүлүгү үчүн да орус тили улуттар аралык тилге айланган. Анан ушундай кырдаалда айрым депутаттардын кадамдары орус тилдүүлөрдүн нааразылыгын гана жаратпастан, кемсинтүү катары кабыл алынып жатат. Мындай кадамдар өлкөдөн кетүүгө болгон каалоону жаратууда. Ал эми алардын арасында өз ишин мыкты билген, колунан бир нерсе келгендер көп.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG