Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:01

Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү чараларын киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Мыйзамдын демилгечилери орус тилдүү басылмалар ал иштеп чыккан мыйзам долбоорунун маңызын бурмалап жатышкандыгы боюнча билдирүү таратты.

Ошол эле кезде айрым талдоочулар мамлекеттик тилди үйрөнүү таңуулоо жолу менен жүргүзүлбөш керек деген пикирлерин айтып чыгышты.

Макамдан чыккан демилге

Долбоор мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышына тоскоол болуп келген андагы айрым маселелерди жөнгө салууну карайт. Мисалы, "иш-чаралар мамлекеттик тилде же расмий тилде жүргүзүлөт" деген сыяктуу мыйзамдык талаптагы көпчүлүк учурда экинчисине артыкчылык берген “же” байламтасы алынып салынат. Ошондой эле иш кагаздары жана мыйзамдар алгач мамлекеттик тилде иштелип чыгып, андан кийин гана расмий тилге которулат деген талаптар киргизилди.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Урмат Аманбаеванын жардамчысы Аскар Шайбылдаев аталган чаралар мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзө турганына токтолду:

- Мамлекеттик тил мыйзамы 1989-жылы кабыл алынып, 2004-жылы кайрадан оңдолгону менен анын бир катар талаптары толук аткарылбай келген. Анын бирден-бир себеби катары мыйзамдын өзүндө орун алган айрым мүчүлүштүктөр. Бул жерде мамлекеттик тилде же расмий тилде болушу мүмкүн деген сыяктуу арасаат абалга алып келүүчү жагдайлар анын өнүгүшүнө жана мамлекеттик деңгээлде колдонулушуна тоскоол болуп келгени жашыруун эмес. Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда мына ошол “же” дегендердин бардыгын алып салып, иш кагаздары, расмий иш-чаралар толук мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, керек учурда расмий тилге которуу жагы камсыздалышы керек деген өзгөчөлүктөрдү киргизип жатабыз.

Мындан сырткары мыйзам долбоору саясий кызматтагыларды мамлекеттик тилди толук билүүгө милдеттендирет. Ошондой эле атайын административдик Мамлекеттик кызматтагылар мамлекеттик тил боюнча жыл сайын сынак тапшыруу жагы да каралган. Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын бузгандарга беш жүз минималдык айлык акы өлчөмүндө административдик жазана салуу жагы да каралган.

Мыйзам долбоорунда сунушталган мындай чараларды “Дело №...” гезитине курган маегинде сынга алган саясат таануучу Бакыт Бакетаев мамлекеттик тилди үйрөнүүнү таңуулоого жол бербеш керек деген ойдо:

- Эгерде мына ошол мыйзам кабыл алына турган болсо, биздин аткаминерлер анын аткарылышын талап кылып “бөрк ал десе, баш алгандай” абалга алып келип койуу коркунучу бар. Мында тилге өтө аяр мамиле кылуу керек. Бул боюнча өтө назик саясат жүргүзүүгө тийишпиз. Бир эле күндө “эми мындай болуш керек” деп чыксак биздин кээ бир мекендештер туура эмес түшүнүшү мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик тилди үйрөнүүгө бала бакчадан баштап көңүл буруп, аны окуп-үйрөнүүгө кызыктыруу аркылуу гана мамлекеттик тилди кеңири таратууга жетише алабыз.

Кайдыгер мамиле өзгөрөбү?

Акыркы эки аптадан бери “Дело №...”, “МК - Азия” гезиттери жана башка орус тилдүү маалымат сайттары аталган мыйзам долбоорун орус тилдүү жарандарга каршы багытталган демилге катары кабыл алышып, анын маңызын түшүндүрүп, сындаганга өтүштү.

“МК - Азия” гезитинин баш редактору Улугбек Бабакулов бул боюнча өз көз карашын мындайча билдирди:

- Биринчи кезекте экономиканы кантип көтөрөбүз деген маселени койбой, тил көйгөйүн алып чыгуу азыркы учурда керек беле? Мына ошол депутаттар мамлекеттик тилдин “күйөрманы” болуп көрүнүп, андан саясий упай топтогусу келишет. Орус тили - расмий тил – бул биздин улуттар аралык баарлашуунун тили. Эмне үчүн биз пайда алып келип жаткан орус тилинин маанисин төмөндөтүшүбүз керек? Биздин канчалаган мекендештер орус тилин билип, ошонун арты менен ал жакта иштеп, үйлөрүнө акча салып жатышат. Ушул жагын да эске алышпайбы.

Анткен менен "Кыргыз тили" коому мыйзам долбоорун мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган кадам катары кабыл алды. Коомдун төрагасынын орун басары Нуркыз Кадырбекова сунушталып жаткан долбоор кабыл алына турган болсо, мамлекеттик тилге карата кайдыгер мамиле өзгөрөт эле деген ишенимде:

- Эгерде коомдук зарылдык болбогондо буга окшогон демилге көтөрүлбөйт болчу. Биринчи кезекте мамлекеттик тил мамлекеттик бишкарууда сыйланмайынча өз ордун таппайт. Малайзияда малай эли 11 пайыз экендигине карабастан 75 пайыз кытай малай тилинде сүйлөйт. Бул мамлекеттүүлүккө байланыштуу маселе. Ошондуктан буга окшогон чараларды киргизүү аркылуу болсун мамлекеттик тилдин абалын жакшыртышыбыз керек.

Депутат Аманбаева долбоордун маңызы бурмаланып жаткандыгына байланыштуу аталган орус тилдүү басылмалардын редакторлоруна расмий кайрылуу жолдоду. Анда мыйзам долбоорунун демилгечиси сунуштар орус тилине басым көрсөтүүнү эмес, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жагын көздөй тургандыгы эскертилген.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн чаралары коңшулаш Өзбекстан менен Казакстанда 90-жылдардын башында эле кабыл алынган мыйзамга киргизилген. Кийин Тажикстан мамлекеттик тил боюнча мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, анын талаптарын катуулаткан.

Учурда Кыргызстан мурдагы СССРдин карамагындагы республикалардын ичинен жалгыз орус тилине расмий макам ыйгарган мамлекет катары белгилүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG