Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөргө коомчулуктун орус тилдүү катмары каршы.

Орус мекендештер бирлигинин союзу аталган өзгөртүүлөр орус тилинин макамын аныктаган Баш мыйзамдын талабына каршы келет деп эсептеп, эгер мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, Конституциялык палатага кайрыла турганын жарыялады. Адистер мамлекеттик тилди өнүктүрүү көйгөйү курч саясатташууга айланып калганын белгилешүүдө.

Өзгөртүүлөрдү өзүнө каршы алган катмар

Киргизиле турган өзгөртүүлөр мамлекеттик тилде сүйлөй албаган жарандардын укугун басмырлайт.

Мыйзамга өзгөртүүлөр президенттен баштап, айыл аймагынын башчысына чейинки жогорку кызмат адамдарын мамлекеттик тилден сынак берүүгө милдеттендирет. Ага ылайык, расмий жолугушуулар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мыйзам долбоору мамлекеттик бийликте жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарынын түп нускасын мамлекеттик тилде даярдоону талап кылат. Ошондой эле мамлекеттик тил мыйзамынын жоболорун бузгандарга тиешелүү өлчөмдө акчалай жазана салуу жагы административдик кодекске киргизилет.

Орус мекендештер бирлигинин жетекчиси Александр Иванов парламент аталган өзгөртүүлөрдү кабыл алып, президент ага кол койо турган болсо, Конституциялык палатага кайрыла турганын билдирди:

- Эгерде аталган өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартышпаса, биз Конституциялык палата ишке киришээри менен ага даттанууга мажбур болобуз. Анткени мыйзамдарга киргизиле турган аталган өзгөртүүлөр мамлекеттик тилде сүйлөй албаган жарандардын укугун басмырлайт. Баш мыйзамда орус тилине расмий тил макамы ыйгарылган. Ага ылайык кыргыз жана орус тилдерин колдонуу чөйрөсү Кыргызстанда бирдей болууга тийиш. Мүмкүн биз даттанганга чейин эле ал өзгөртүүлөрдү киргизүүгө президент каршы пикирин билдирип, аны артына кайтарат болуш керек.

Карама-каршылыктын туткунунда калган тил

Мурдагы союздук республикалардын ичинен Беларус менен Кыргызстан гана орус тилине расмий макам ыйгарган. Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил катары 1989-жылы бекитилген. Бирок ошондон бери анын мамлекеттик деңгээлдеги колдонуу чөйрөсү тар бойдон калган. Адистер ага расмий тилге кеңири мүмкүнчүлүк берген укуктук жагдайлар себеп болгонун белгилеп келишет.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрайымынын милдетин аткаруучу Чолпон Түмөнбаева мамлекеттик тилди өнүктүрүү демилгеси көп жылдан бери түрдүү карама-каршылыкка тушугуп келгенин белгиледи:

- Кыргызстан эгемендүү болгонуна чейрек кылым болду. Бирок ошондон бери эгемендүү мамлекеттин тили өзүнүн ордун таба элек. Мамлекеттик тилди өңүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкканга бир жылдан ашты. Бирок ар кандай тоскоолдуктардан улам, ушул кезге чейин талкууланып бүтө элек. Мамлекеттик тилди өнүктүрөлү десе эле, айрым саясатчылар баш болуп “биздин конституциялык укугубуз бузулуп жатат” деп кыйкырып чыгышууда. Эмне үчүн ошол адамдар укугу менен бирдей эле жарандык милдети тууралуу ойлонгусу келишпейт? Себеби ушул мамлекеттин жараны болуп туруп, мамлекеттик тилди колдонууга кайдыгер карашат.
Мамлекеттик тилде иш кагаздары жүргүзүлүп эле келе жатат. Ал эми ошону кеңири жайылтып, анын маанилүүлүгүн белгилей албай келеатканыбыз, ал башка маселе. Биздин окмуштуулар кыргыз тилин бардык тармактар боюнча колдонууга мүмкүнчүлүгү бар экенин мурда эле далилдешкен.


Ошол эле кезде парламенттин айрым депутаттары кыргыз тили мамлекеттик тилдин кызматын толук аткарууга өсүп жете элек деп эсептешет. Мурда көп жыл прокуратура органдарында жетекчи кызматтарда иштеген Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Анарбек Калматов кыргыз тилинин сөз байлыгы иш кагаздарын толук мамлекеттик тилге өткөрүүгө жетишсиз деп эсептейт:

- Бул деген сөз биз толугу менен иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрөбүз дегенди билдиреби? Эгерде андай болсо биз ошого даярбызбы? Мисалы, котормо жаатында канча кыйынчылыктар туулуп жатат. Мына кыргыз тилинде юридикалык жана медициналык терминдердин сөздүгү жок. Анан кантип биз толугу менен мамлекеттик тилде иш алып барууга өтөбүз деп жатабыз? Мен бат эле иш кагаздарын жүргүзүп, расмий жолугушууларды кыргыз тилинде өткөрүүгө каршымын.

Эске сала кетүүчү жагдай, мындан он-он беш жыл мурун да мына ушуга окшогон өксүк дооматтар кыргыз коомчулугунда үстөмдүк кылган. Ошондуктан толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүү демилгеси улам артка жылып отурган.

"Арнамысчы” депутаттын бул айткандарын парламенттин билим берүү, илим жана маданият комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев жокко чыгарды:

- Мамлекеттик тилде иш кагаздары жүргүзүлүп эле келатат. Ал эми ошону кеңири жайылтып, анын маанилүүлүгүн белгилей албай келатканыбыз, ал башка маселе. Биздин окумуштуулар кыргыз тилин бардык тармактар боюнча колдонууга мүмкүнчүлүгү бар экенин мурда эле далилдешкен. Юридикалык терминдердин сөздүгү 2006-жылы эле иштелип чыккан. Башка тармактар боюнча деле кыргыз тилинде жетиштүү колдонмолор бар.

Алсыздыктын “арааны”

“Ата Журт” фракциясынан депутат Улукбек Кочкоров мамлекет бир топ жылдан бери өзүнүн мамлекеттик тил саясатын жөнгө сала албай келатканын сынга алды. Анын айтымында, коңшулаш Өзбекстан менен Казакстанда мамлекеттик тил көйгөйү деген маселе дээрлик жокко эсе:

- Кандай гана жеке компания болбосун анын бир ички тартиптери жана талаптары болот. Анда жалданган жумушчулар ошого баш ийип эле иштеп жатышпайбы. Мамлекет ошол кызмат ордун сунуштап жаткан соң, ага ылайык өзүнүн талаптарын эмнеге койо албайт? Азыр элет жеринен кайрылуулар жана даттануулар кыргыз тилинде келет. Борбордук бийликте иштеген аткаминерлер кыргызча түшүнбөгөндүктөн, ага маани бербей кол шилтеп койгондон улам, маселе өз учурунда чечилбей калып кетип жатат.

Парламенттеги президенттин өкүлү мыйзам долбоорун конституциялык мыйзамдар жана адам укугу боюнча комитеттин экспертизалык кароосуна жөнөтүүнү суранды. Бирок Жогорку Кеңеш аталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда талкуулап, добуш берүүгө жөнөтүү чечимине келди. Регламент боюнча аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добушка койулган соң, кабыл алынып, же четке кагылышы мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG