Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттар тобу баш калаада мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча демилге көтөрүүдө.

Бул боюнча түзүлгөн жумушчу топ мамлекеттик тилдин колдонулушун өркүндөтүү үчүн билим берүү тармагынын жетекчилеринин жана орто мектептердин директорлорунун кыргыз тилинде сүйлөй билишин милдеттендирүү талабын жакында Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна коймокчу. Бирок бул демилгенин каршылаштары мамлекеттик тилге өтүү таңууланбаган шартта жүрүүгө тийиш деген маселени көтөрүшүүдө.

Депутаттар тобунун демилгеси

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн чаралары боюнча программаны ишке ашыруу боюнча президенттин 2013-жылдагы жарлыгын аткаруу үчүн Бишкек шаардык кеңешинин алдында түзүлгөн жумушчу топ атайын сунуш менен чыкты. Анда мамлекеттик тилди расмий деңгээлде колдоо жана аны өнүктүрүүгө багытталган бир катар чаралар көрсөтүлгөн. Мамлекеттик тилди жайылтуу билим берүү мекемелеринен башталгандыктан, алгач алардын жетекчилерин тилди билүүгө милдеттендирүү маселеси келип чыккан.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов алгач бул иште билим берүү мекемелеринин жетекчилери үлгү көрсөтүүгө тийиш деп эсептейт:

- Биринчиден, биз быйыл шаардык кеңештин жыйындарын мамлекеттик тилде жүргүзө баштадык. Анан эми бардык шаардык кызматтар мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө тийишпиз. Биринчилерден болуп, мамлекеттик тилди окутуу билим берүү мекемелеринен башталгандыктан биз мектептердин директорлорунан тилди билүүнү талап кыла баштообуз зарыл. Бул багытта биз тиешелүү токтомдун долбоорун даярдап, жакында Шаардык кеңештин кароосуна коебуз.

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурбай жатканы сынга алынды. Маселен, бир катар депутаттар алгачкы чараларды шаардагы мектептердин директорлорун мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендирүүдөн баштоону сунушташкан.

Коркконго кош көрүнөбү?

Бул жыйында отурган вице-мэр Айгүл Рыскулова мамлекеттик тилди жайылтууга байланышкан мындай радикалдуу чаралар Украинадагыдай абалга алып келиши мүмкүн деп кооптонгон. Ошондуктан ал депутаттардын бул демилгесине каршы экенин айткан.

Шаардык кеңештин депутаты Станислав Епифанцев тил саясатында этият болууга үндөдү:

- Бизде тил маселеси тез-тез көтөрүлүп турат. Ал чынында эле аябай курч. Анткени тил жаатында көйгөйлүү маселелер көп. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү колдоого муктаж. Бирок аны мажбурлоо жолу менен эмес, башка бир чаралар аркылуу өнүктүрүүбүз керек. Ошол эле кезде президент көп тилдүүлүктү колдоо маселесин да көтөргөн. Мына ушул багытта иш жүргүзүү керек.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун барасы Чолпон Түмөнбаева тил маселесине этият мамиле кылалы деген шылтоо менен аны өнүктүрүү чаралары 25 жылдан бери ишке ашпай келе жатканын белгиледи:

- Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын 17-беренеси жетекчилерди аны өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү милдеттендирет. Бирок биздин жетекчилер тескерисинче мыйзамды аткармак тургай, аны артка тартып жатышпайбы. Мына Айгүл Рыскулова сыяктуу жетекчилерибиз ар кандай нерседен чочулап, тилди өнүктүрүүнүн конкреттүү чараларын ишке ашырууга тоскоол болуп келе жатышат. Анан албетте, булар ошентип жатса, мамлекеттик тилди жеригендердин чырагына май тамат да. Биздин чабалдыгыбыз мына ошол бар мыйзамдын талаптарын аткара албай жатканыбызда.

Мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында былтыр өкмөт атайын токтом чыгарган. Анда иш-кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү жана расмий иш-чараларды кыргыз тилинде жүргүзүү жагы каралган. Бирок мамлекеттик тил комиссиясы былтыр өкмөттө башталган мына ошол демилге бир жылга жетпей кайра токтоп калганын сынга алып чыккан болчу. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жактоочулары бул багытта бирдиктүү саясат жүрбөй жатканын айтып келишүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG