Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Учак кулаган жерди тазалоо иштери жүрүүдө


Дача СУ
Дача СУ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары учак кулаган жердеги кыйраган үйлөрдүн урандыларын тазалап жатышат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова маалымдады.

Жалпысынан тазалоо иштерине 90 куткаруучу, ондон ашуун атайын техникалары тартылган.

Куткаруучуларга ысык тамак берилүүдө, алар жылынуучу жана эс алуучу жайлар менен да камсыздалган.

16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын Дача айылына жүк ташуучу учак кулап, 34 жергиликтүү тургун набыт болгон. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсү да аман калган эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG