Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

Президент Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” өзгөртүлгөн мыйзамды кошумча иштөө үчүн парламентке кайтарып берди жана мамлекеттик бирдиктүү тил саясаты жөнүндө жардык даярдалып жаткандыгын маалымдады.

Ушундан улам “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусу аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн административдик эмес кандай жолдорун сунуш кылат элеңиз, президент убада кылып жаткандай мамлекеттик тилдин өлкөнү бириктирүүчү ролу кандай болушу керек, саясатташкан тил өнүкпөйт деген көз караш кыргыз тилинин бүгүнкү жагдайына канчалык дал келет, орус, англис, кытай тилдери жалпы байланыш тилине айланып бараткан бүгүнкү коомдо кыргыз тилин расмий тил катары өркүндөтүү үчүн мамлекет кандай аракеттерди жасашы керек, дегеле кыргыз тилин атаандаш орток тилге айландыруу мүмкүнбү деген өңдүү суроолорго жооп издеди.

Талкууга улуттук тил комиссиясынын төрагасы, мыйзам авторлорунун бири Эгемберди Эрматов, президент аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен мамилелер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нуржигит Кадырбеков, адабиятчы-окумуштуу Бекташ Шамшиев катышты.

“Азаттык”: Ошентип “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды депутаттар тобу бир жарым жылдай иштеп чыгып, коомчулуктун талкуусуна коюп, парламент колдоп бергенден кийин эми минтип президент кайра карагыла деп кайтарып берди. Ал жерде негизги каршылык кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкерлерге, кыргыз тилинде иш алып барбаган мекемелерге административдик чара көрүү жөнүндөгү жоболорго жасалган экен. Мыйзамдын өзөгү деле ушу жерде болушу керек эле. Парламент президенттин каршылыгына макул болобу же өз укугунан пайдаланып, күчүндө калтыруу камын көрөбү?

Эгемберди Эрматов: Муну албетте парламенттин депутаттары чечет. Бирок президенттин каршылыгында абдан аргументтүү сунуштар, жүйөлүү пикирлер айтылган.

Мыйзамды иштөө, албетте, татаал механизм экен. Ал жерде мыйзамдык коллизиялар да болгондугун өзүнүн кайчы пикиринде президент абдан кеңири жазып бериптир. Албетте айрым өксүктөрдү байкабай калганымды азыр автор катары мойнума алып жатам.

Тил комиссиясынын төрагасы болуп келгенге чейин, депутат кезде мен башка ойлордо жүрдүм эле. Бул жердеги ишимде абдан көп иштерди жүргүзүү керектигин баамдадым. Биз чындыгында эле тил маселесин көп саясатка айландырганбыз. Ал эми өкмөт, парламент, президент буга чыныгы материалдык, каржылык жардамдарды бербей келиптир.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Нуржигит Кадырбеков: Кыргыз тилин үйрөнүш англис же француз тилин үйрөнгөнгө караганда оор эмес. Жеңил. Чет өлкөдөн келген ыктыярчылар, мисалы, аз убакытта эле үйрөнүп алып атышат. Парламент деле, президент деле кыргыз тилин өнүктүрөлү деген ниет менен аракет кылып жатат. Бирок мыйзам чыгаруу татаал процесс. Мурдагы депутат катары Эгемберди Эрматов жакшы билет.

Юридикалык техника жана мазмун жагында маселе болуп жатат. “Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү” дегендей, жакшы мыйзамды жазып келип, бирок кээ бир деталдар такталбай калган. Мисалы, тил боюнча мыйзамды бузгандыгына байланыштуу айып төлөйт деп атат. Кандай бузат мыйзамды? Мисалы, Административдик кодексте ар бир мыйзамдын аты аталган. Бул жерде ошентип тактап-тактап койсо маселе жеңил болмок. Айып ким тарабынан салынаары да каралган эмес.

Тил боюнча сынакты ким жүргүзөрү да каралган эмес. Тил боюнча ыйгарым укуктуу өкүл деп койгон. Билесиздер, субъективизм деген бар. Убагында кыргызча абдан жакшы сүйлөгөн Топчубек Тургуналиев ошол сыяктуу ыйгарым укуктуу органдын компетентсиздигинен "билбейт" деген баа алган. Билесиздер. Ушундай юридикалык - техникалык жагдайлар бар.

Президент азыр тилди өнүктүрүү ниетинде куру сөздөн практикага өтөлү деп, жардык даярдап жатат.

Бекташ Шамшиев: Бул административдик иш-чаралар аркылуу тилди өнүктүрүү, тилдин коомдук баркын көтөрүү кыйын нерсе. Себеби тил инсандын маданиятына, улуттук ариет, ар-намысына көз каранды. Эң негизгиси тил – интеллектин көрөңгөсү.

Албетте ошентип ар кандай ыкмаларды издеп жаткандыгыбыз түпкүлүгүндө жакшы эле. Бирок кандай болгон күндө да эгемен өлкө өзүнүн мамлекеттик туусун - ыйык нерсесин күчтөп, зордук менен киргизүү туура эмес. Кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн башка улут өкүлдөрүн мажбурлабай, өзүбүз сүйлөп, мамлекеттер алдында кыргыз экенибизди билдире алсак башкалар деле умтулмак. Бизде эки-үч башка улут өкүлү туруп калса эле же орус, же англис тилинде сүйлөп кетүү бизде адат болуп калган. Билген тилинде көбүрөөк сүйлөгөн жагдай бар.

Туура, жанагыдай мажбурлоо укукка шек келтирет. Бирок расмий өкүл өзүнүн мамлекетинин атынан чыгып жаткандан кийин тил маселесине маани берилиши керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG