Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50
“Ал кудай-теңирин тааныбай калыптыр” дейт. Нарксыз, начар адам байып кеткенде же чоң кызматка ээ болгондо дөөгүрсүп, көөп, көзүнө эч кимди илбей, керсейип калат. Жогорудагы сөз ушундай кишилерге айтылат.

Баягы кудай албагыр, бажасы депутат болгондон бери кызылдай көөп, дагы кудай-теңирин тааныбай калды,–дейт.

“Колдун кириндей” деп койот. Колдун кири деген сууга жууп жиберери менен эле кетип калат эмеспи. Кыргыз бат эле кетип кала турган, оңой жок боло турган убактылуу нерселерди ушинтип колдун кирине салыштырган.

Курган мал колдун кириндей болгон эме турбайбы, бир жуттан кийин эле эчтекеси жок кедей болуп олтуруп калдык,–дейт.

Дүйнө, өмүр дегениң колдун кириндей болгон эме экен да, түбөлүк турбай кетип калуучу,–дейт.

Кызмат, бийлик дегениң колдун кири, көппөй, ичип-жеп ийбей таза иште!–дейт.

“Кол ийрисине тартуу” – дейт. Кызматта туруп тууган-туушкандарына, жакындарына жан тартуу, бирдеме болсо эле ошолорго берүүгө аракет кылуу, жакынсынтуу дегенди түшүндүрөт.

“Ар бир фракция кол ийрисине тартат кылып, өз партияларынан министр койо баштайт эмеспи” дейт.

“Ала канат” деген сөз бар. Бул сөз көбүнчө эркектерге карата айтылат. Мааниси – туруксуз, мүнөзү ойку-кайкы, жеңил-желпи, мактанчаак кишилерге берилген сыпаттама.

– Ала канат жигитке кыйшаңдаган кыз жакшы,–дейт.

– Ага ишенүүгө болбойт, ала канат киши экен,–дейт.

“Алкымын майлап койгондон кийин гана баламды Ак үйгө кызматка алышты, ага чейин жанына жакын жуутпай жатты эле” дейт.

“Алкымын майлоо” деген – пара берүү, жагынуу дегенди түшүндүрөт. Кээде бул сөздү “тамагын майлоо” деп да койот.

“Алкы ачылуу” дейт. Алгачкы мааниси – тамакка табити тартуу, үзүлүп түшүп, тамак ичкиси келип калуу дегенди туюнтат. Бул сөз бара-бара мамлекеттик чоң кызматтарга туруп алып элдин эсебинен жеп-ичкенди да туюнтуп калган.
“Анын барган сайын алкы ачылып, жеп-ичкени арбыды” дейт.

“Акча дегенде алкы ачылган эргулдарды кызматка коюп алган экен: мекемесин заматта ортомчу жегичтерге толтуруп жиберди” дейт.

“Акаев адамдарды жалаң алкы бузуктукка үйрөтүп кетти” дейт.

“Арасына от жагуу” деген бар – араздаштыруу, бирин-бирине жаман көрсөтүү, тукуруп кайраштыруу дегенди түшүндүрөт.

– Сен эки кишинин арасына от жакмайыңды токтот!–дейт.

“Көчүгүнө суу куюу” деп койот. Өмүрүңдө жамандык кылат деп ойлобогон жакын адамыңдын сага жасаган караөзгөйлүгү, карасанатайлыгы, жамандык кылганы.

–Көчүгүм жылый түшкөнүн бир билем, көрсө кайран эр эбак эле көчүккө суу куюп жибериптир,–дейт.

“Депутаттар эми биринин көчүгүнө бир суу куя баштайт” дейт.

“Көчүгү” жер жыттабай калды” деп коет. Жаны жай албоо, бир жерге байыр алып тынч олтурбоо.

– Жаңы ишке орношкондон бери Жаныштын көчүгү жер жыттабас болду,–дейт.
“Көрө албоо” деп коет. Ичи тардык кылуу, бирөөнүн жетишкендигине ичи таруу, ичи күйүү, бирөөгө жакшылыкты ыраа көрбөө.

– Бүгүн үйгө чейин такси менен келсем, кошунам ошону да көралган жок, саламдашпаган бойдон кирип кетти,–дейт.

–Тамымдын эски шыйпырын алып салып кызыл тунуке менен жапкандан бери кошунам салам бербей калды,–дейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG