Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгелери боюнча коомдук ишмер, дипломат Ишенбай Абдуразаков ой бөлүштү.

- Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, өкмөт мүчөлөрү менен статс-катчыларды кыргыз тилин билүүгө милдеттендирип, тилдин эрежелерин бузгандарга айып пул салууну көздөөдө. Бул демилгелер Кыргызстандагы өзгөчө орус тилдүү коомчулуктун каршылыгына туш болууда. Сиздин пикириңизде соңку демилгелер канчалык жүйөлүү?

- Менимче, азыр ушундай маселелерди талкуулоонун эч кереги жок. Тил деген нерсе бул тирүү организм. Бул акырындап акырындап өсөт. Акырындан эскисинин ордуна жаңылары келет. Бүт дүйнөдө болуп жаткан илим менен техниканын багытына жараша кыргыз тили да бара-бара өнүгө баштайт. Муну камчы менен чапкылап, өнүгүүнү эрте кылабыз дегенден эч нерсе чыкпайт. Экинчиден, албетте кыргыз тилин билиш керек. Кыргыз болгондон кийин белгилүү деңгээлде тилди билүү керек нерсе.

Азыр эми кыргыз тилин туура эмес колдонгондорго айып салуу киргизилсе, анда Кыргызстандын 90 пайызына айып салыш керек болуп калат. Ошол эле депутаттардын өздөрүнө айып салыш керек болот.

- Тил дайыма саясаттын бөлүгү болуп келген. Соңку демилгелер орус тилдүүлөр тарабынан каршы пикир менен кабыл алынгандыктан, орус-кыргыз алакасына да таасир тийгизиши мүмкүнбү?

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



- Азыр бул турмуштук да маселе болуп жатат. Бир миллионго жакын кыргызстандык жыргаганынан Орусияга барып иштеп жаткан жери жок. Бизде шарт болбогондуктан ошол жакка кетип жатат. Тил билбегендерди алар кээ бир учурларда сүрүп чыгарып жатат.

Ошолор орусча билбесе, барганда кор болуп жатпайбы. Ошондуктан кыргыз тилин да өстүрүп керек. Ошол эле учурда орус тилин да билиш керек. Албетте кыргыз тилине артыкчылык берүү керек. Бирок ага акырындап берүү керек. Кысып жатыптыр деп орустардын жини келеби? Келбей койбойт.

- Анда эки өлкөнүн алакасына да таасирин тийгизиши мүмкүн турбайбы?

- Таасирин тийгизбей койбойт. “Мына орус тилинде сүйлөгөн адамдарды силер кысып салдыңар, мамлекеттик кызматка кирүүгө жолтоо болуп жатасыңар, жаран болуп эсептелгени менен силер аларды четке сүрүп чыгып жатасыңар” деген күнөө болушу мүмкүнбү? Болот.

Аны орус өкмөтү жасабаса да, Орусияда улутчул дегендер чыгып жатат, ксенофобия деген да күчөп баратат, эми ошолорго шылтоо болуп жатпайбы. Биз ошолорго жем таштап коюп жатабыз.

P.S. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Урман Аманбаева “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр орус тилине каршы эместигин, болгону кыргыз тилин өнүктүрүп, жайылтууну көздөрүн билдирүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG