Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Оштогу өзбек тектүү интеллигенция өкүлдөрү жаңы окуу жылынан баштап өзбек мектептеринде кыргыз класстарын ачуу жана бара-бара толук мамлекеттик тилде билим берүүгө өткөрүү демилгесин көтөрүүдө.

Бирок мындай демилге этникалык азчылыктын укугуна шек келтирет деген пикирдегилер да аз эмес.


Жаңы башаттын багыты


Ош шаардык кеңешинин өзбек тектүү депутаты Аманулло Иминов шаардагы өзбек мектептеринде кыргыз класстарын ачуу демилгесин көтөрдү. Бул боюнча шаардык кеңештин кезектеги жыйналышына токтомдун долбоорун даярдап жаткан депутат жаңы окуу жылынан баштап мындай демилгени жүзөгө ашыра баштоо зарыл экендигин айтып чыкты.

Аманулло Иминов мындай демилгени көтөрүүгө түрткү болгон жагдайлар тууралуу мына буларды билдирди:

- Өзбек мектептеринде кыргыз класстарын ачуу маселесин июль-августь айларында чечебиз. Бул маселе шаардык кеңештин жыйналышында жакында каралат. Учурда ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Натыйжада чоң класстарда да кыргыз тили сааттарын көбөйтөбүз. Биз эми башка улуттар эмнеге мамлекеттик кызматка алынбайт деген дооматты көп айтып келебиз. Бирок ошол адам иштеш үчүн кыргыз тилин билиши керек. Эгерде ал мамлекеттик тилди билбесе ал мамлекеттик кызматта кантип иштейт?

Ош шаарында жана Ош облусунун аймагындагы райондордо жайгашкан өзбек мектептеринин саны жүздөн ашуун. Кыргызстандагы өзбек мектептерде окуу куралдарынын таңкыс экендиги жана бүтүрүүчүлөрдүн андан ары билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелип калгандыгы көп айтылып келет.

Андыктан оштук өзбек тектүү журналист жана драматург Эркин Байназаров өзбек мектептеринин көпчүлүгүн мамлекеттик тилде окутууга өткөрүү зарылдыгы бар экендигин белгиледи:

- Биз жер-жерлерде, аймактык кеңештерде өзбек мектептеринде өзбек тили жана адабияты сабактарын калтырып, калган предметтик сабактар боюнча билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлсө жакшы болот эле деген демилгени көтөрүп жатабыз. Бул боюнча демилгелүү топко кирген адамдардын саны он бештен ашып калды. Учурда калктын ичинде мунун кандай жакшы жактары бар экендигин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Капачылыктын кайгайы болбойбу?


Анткен менен мындай демилге өзбек коомчулугунда тескери маанайды жаратышы мүмкүн деген чочулоолор дагы жок эмес.

Көз каранды эмес серепчи Абдымомун Мамараимов өзбек мектептеринде кыргыз класстарын ачуу менен аларды кийин толугу менен мамлекеттик тилде окутууга өткөрүү этникалык татаал маселе экендигине токтолду:

- Биз биринчи чечим кабыл алып алабыз дагы кийин аны кандай аткаруу керек экендигин билбей калабыз. Себеби биринчиден, китептер менен камсыздоо жана буга чейин предметтик сабактарды өзбекче берип келген мугалимдердин маселеси пайда болот. Буга чейин өзбекче сабак өтүп келген мугалимдер каякка барышат. Эгерде алар кыргызча билишпесе. Аларды эмне кайра кыргызча сабак окутканга даярдайбызбы? Ага канча убакыт жана канча каражат кетет? Экинчиден ата-энелер тарабынан бул маселе этникалык дискриминация катары кабыл алынышы мүмкүн. Айрыкча азыркы мезгилде, этникалык мамиле курчуп турган учурда мындай демилгени көтөрүү туура эмес.

Ошол эле учурда Ош облусунун айрым райондорундагы айрым улуттук мектептерде мындан бир канча жыл мурун эле кыргыз класстары ачылып, окутууну толук мамлекеттик тилге өткөрүү аракеттери башталган. Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы №122 мурдагы өзбек мектеп буга мисал боло алат.

Аталган мектептин директору Кадыржан Юнусов учурунда ата-энелерден чыккан мындай демилге азыр ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгына токтолду:

- Ата-энелердин ыраазычылыгы менен, ата-энелер комитетинин демилгеси менен биз Кара-Суу райондук кеңешине мына ушундай сунуш менен кайрылып, алардан колдоо тапканбыз. Мына ошентип 2009-жылдын 25-августунан баштап, окутууну кыргыз тилине өткөргөнбүз. Буга өзбек тилиндеги окуу куралдарынын жетишсиздиги да себеп болгон. Мына ошол күндөн баштап башталгыч класстардын деңгээлинде өзбекче билим берүү бизде токтотулган. Мурда өзбекче окуп калышкан жогорку класстарда болсо кыргыз тили боюнча сабактарды көбөйткөнбүз.


Кечиккен аракетпи?


Улуттук мектептерге мамлекеттик тилде билим берүүнү киргизүүнү жакында мамлекет башчысы Роза Отунбаева да көтөргөн. Ал мындай жөрөлгө этникалык топтордун өз ара аралашуусуна өбөлгө түзөөрүн белгилеген болчу.

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Анвар Артыков өзбек мектептерин мамлекеттик тилде билим берүүгө өткөрүү демилгеси кечигип болсо да жасалган жакшы кадам экендигин белгиледи:

- Негизинен мен бул демилгени колдойм. Бул жерде жашап иштеп, карьера кылам деген адам кыргыз тилин билүүгө тийиш. Башка предметтик сабактарды деле кыргыз тилинде окуп үйрөнүү менимче оңой болот. Анткени өзбекче окуу куралдары аябай эле аз. Жокко эсе десе деле болот. Бул эми көптөн бери эле көтөрүлүп келе жаткан маселе. Муну эми мамлекет мурдараак чечип койсо жакшы болот эле. Бирок эми азыр деле кеч эмес.

Эске сала кетүүчү жагдай, 2007-жылы Кыргызстандагы улуттук мектептерде орус жана өзбек тили сабактарынын эсебинен кыргыз тили боюнча сааттарды көбөйтүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок бул демилге өлкөдөгү улуттук азчылык өкүлдөрүнүн каршылыгына тушугуп, демилге кайра артка кайтарылган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG