Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Кыргызстанда мектепти 10, 20, 30 жыл мурда бүтүргөндөр кантип майрамдашат, мектебине кандай инвестиция жасашат?

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мааракелик жолугушуусу деген салтка айланган майрам бар. Акыркы коңгуроо менен удаа келген бул салт бир чети мектептер менен мугалимдерге салым салуу болсо, бир чети ысырабы көп иш-чара болуп саналат.

"Арай көз чарай" талкуусуна журналист Уланбек Эгизбаев, Ош облусуна караштуу Алай районундагы Сатар Карыев атындагы орто мектептин директору Замир Сарыбаев катышты.

“Азаттык”: Замир мырза, быйыл сиздин мектепте да бүтүрүүчүлөрдүн 10, 20 жылдык юбилейлик кечелери өтсө керек. Негизи эле ушундай иш-чаралардын өтүп турганы жакшыбы, алардан мектепке кандай жардам болот?

Замир Сарыбаев: Мектеп директору болуп иштеп жатканыма 13 жыл болду. 10, 20 жылдыкка чогулуу салтка айланып калган көрүнүш. Бул туура эле деп эсептейм. Анткени ар бир бүтүрүүчү окуучулук кезин эстеп, классташтары менен жолугуп, бул күндү чоң майрам катары кабылдашат.

Экинчиден, азыр мамлекет мектептерге көп каражат бөлө албай жаткан шартта айрым маселелерди чечип алганга болот. Мисалы, 10, 20 жыл мурда бүткөндөр акыркы коңгуроого чейин эртерээк келип, өз шарттарына жараша мектеп жетекчилиги, мугалимдер менен акылдашып, макулдашып, кандай жардам берели деп сурап кетишет.

Мисалы, мындан 10 жыл мурда бүткөн бүтүрүүчүлөр быйыл 80 миң сомдой каражатка жайкы спорттук аянтчасын жасап беришти. Келечек муундарга анын чоң жардамы тиет деп ойлойм. Биз муну жасагыла деп мажбурлабайбыз, андайды бүтүрүүчүлөр деле кабыл албайт. Ал эми 20 жылдыктар 25 миң сомдук музыкалык аппаратура алып беришти. Өз демилгелери менен келип, мектепке колдоо көрсөтүп жаткандарына ыраазычылык билдиребиз.

Бардык жерде бирдей деп айта албайм. Балким бүтүрүүчүлөр 10 жыл билим берген мугалимдерин сыйлап, белек-бечкек алып келиши мүмкүн. Бирок бизге бүтүрүүчүлөр келгенде мугалимдерге деле өтө көп белектин, ысыраптын кереги жок деп айттык. Бүтүрүүчүлөрдүн мектепке берген белектерин директор катары мага берген белектей эле сезем. Бирок ал келечек муунга кызмат кылат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Уланбек, сиз 10, 20 жылдык кечелердин кереги жок, бул ысырапкорчулук деп айтып келесиз. Мындай иш-чаралар эмнеси менен зыян деп ойлойсуз?

Уланбек Эгизбаев: Негизи эле 10, 20 жылдык деген иш-чаралардын кереги жок. Балким айылга барып, классташтары менен жолугуп келиш колунда бар адамдарга оюн-зоок болушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө тилекке каршы колунда жок, оокатын араң өткөргөн адамдар аз эмес. Ошолор үчүн кыйын эле болуп калат. Эгер шаардан барам десе аялы, жолдошу болуп эки адам барышы керек. Бул жерде жол киреге акча кетет. Андан сырткары кийим-кече алат, бирөөнүн алтын сөйкө, шакегине чейин прокатка алып тагынып кеткендер бар. Ал тургай "10, 20 жылдан бери классташтарымды көрө элекмин, алар эмне дейт?" деген сокур намыска жеңдирип, машинага чейин прокатка алып, минип кеткендер болот.

Мындай шаан-шөкөттү өткөрүш үчүн бери дегенде 20 миңден 40-50 миң сомго чейин кетет. Мунун баары эле чыгым да. Башкы максат классташтар менен жолугушуу болсо, аны башка күнү деле жаратылышка чыгып, көп акча коротпой уюштурса болот.

Албетте, мектеп директорлору, мугалимдер бүтүрүүчүлөрдөн өз белектерин, үлүшүн алып жатышса керек. Мен бул иш-чараларды ысырапкорчулук деп эсептейм. Ошого канча акча кетип атат, максаттуу пайдаланып жатабы? Каражаттын бардыгы эле ичип-жегенге кетип жатат да. Анткени 10, 20 жылдыкка баргандар 3 күндөн бир аптага чейин чардап жүрүшөт. Алар мектепке деле жарытылуу салым кошот деп ойлобойм. Быйыл ушундай иш-чара болот эле деп Казакстан, Орусияга чейин барып иштеп келгендер бар. Бир жылда кашыктап тапканын беш күндө чөмүчтөп чачып атпайбы. Ошондуктан бул туура эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG