Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Ноокат районуна барган вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Ушул тапта Ноокатта кырдаал кандай? Буга чейин киши колдуу болгон Ноокат райондук салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевдин туугандары менен сүйлөштүңүздөрбү? Ошол нааразы болгондор тынчып калдыбы?

Ибрагим Жунусов: Кечээ (1-мартта) Алимбаев тараптагылар чогулуп, "өлтүрүүгө буйрук берген" деп шектелген Адылжан дегендин үйүнө чейин келишкен. Бул жерде мен дароо эле айтып кетейин, айрым журналисттерден өтө ката кетип калган. Аныкталып, баары так болмоюнча журналисттер маалыматтарды бербей туруулары керек болчу. Бирок кечээ абал өз ордуна келди. Бүгүн түнү Ноокатта тынч болду. Азыр кадимкидей эле баары тынч, абал жакшы. Эки тарап тең өз тиричилиги менен жүрүшөт.

Түшүндүрүү иштери жүрүп атат. Аксакалдар жардамга келишти. Айыл өкмөттүн башчылары менен сүйлөштүк.

Бул жерде жалаң эле бир улуттун өкүлдөрү эмес, алардын арасында эки этностун өкүлдөрү да бар эле. Кыргыздар да, өзбектер да бар болчу. Алар “Буйрутма кылган адамды таап бергиле, тезирээк жазага тарткыла” деген гана талапты айтып атышат. Бул жерде кыргыз-өзбек деген нерсе жок.

Маалымат каражаттарында туура эмес маалыматтар кетип калып атат. Эми элди кайраштырууга кызыкдар адамдар да болуп кетиши мүмкүн. Кээ бир жаштарды үндөп, “мындай болуп атат, тигиндей болуп атат” деп айтылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан журналисттерге кайрылып кетер элем, маалыматты туура, түз беришсе. Антпесе кырдаалды жөнгө салууга жардам бергендин ордуна, курчутуп жиберип атышат.

“Азаттык”: Кечээ нааразы болгондор “буйрутма кылган” делген ноокаттык жарандын үйүн өрттөп жиберишкен экен. Адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот аныктайт да. Териштирүү бүтпөй туруп сууктун мизи кайта элек чакта үйү өрттөлүп кеткендер эмне болушту? Кызыгып көрдүңүздөрбү?

Жунусов:
Ал үйдө эч ким жок экен, эч ким жашабайт экен. Көптөн бери эле ал үй бош турат экен. Ал үйдүн ээлери Ноокатта да жок экен. Үй өрттөлгөнү чын. Эми жабыркагандар ызасына чыдабайт да. Бир тууган деген бар, балдары деген бар, алардын ызасы келгени чын. Ошол тараптын таламын талашкандар чын. Бул жерде эч кандай тополоң болгон жок, болгону үй өрттөндү. Ушуну менен токтосо экен деп кудайдан тилеп отурабыз.

Негизи бүгүн түнү Ноокатта абал тынч болду. Мен дагы айтып коёюн, кечээ кийин кайра өзгөртүп беришти, 24.kg агенттиги “ал жерде башталды, бул жерде башталды” деп, туура эмес маалымат беришкен. Андай нерселер жок. Эми кайсы жерде адамдар көбүрөөк топтолсо, күч түзүмдөрүнөн барышат. Абалды курчутууга жол бербейбиз.

“Азаттык”: Кечээ көчөгө чыккандардын ичинен 20 чакты адамды милиция кармаган экен. Дегеле тартип сактоо органдары бул жаатта кандай иштеп атышат?

Жунусов: 20 чакты адам кармалганы чын, бирок алар камалышкан жок. Бир сааттын айлана-тегерегинде кармап, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң койо берилди. Ал кармалгандар уюштурган адамдар эмес. Жөн гана катуураак нааразы болуп, активдүүлүк көрсөткөндөр болгон. Алар милицияга да алып барылган эмес. Спорт залында аларга түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлгөн.

“Азаттык”: Ошол окуялар боюнча тергөө-иликтөө иштери башталдыбы?

Жунусов: Албетте үй өрттөлүп аткан соң тергөө иштери башталды. Эми муну менен милиция, тергөө органдары өздөрү иштешет. Мен мисалы аларга “аны кыл, муну кыл” дегенге акым жок. Мен эл менен гана жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүм керек. Мага премьер-министр “ошол жакты жакшы билесиз, барып кырдаалды караңыз” дегенден, ошого келдим.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG