Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Өкмөттү жарга такаган Белокондун доосу


Латвиялык ишкер Валерий Белоконь.
Латвиялык ишкер Валерий Белоконь.

Кыргыз өкмөтү “Манас” банк боюнча эл аралык соттун чечимин аткарат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өткөн аптада Латвияга жасаган сапары учурунда сөз болгон.

Эксперттер Кыргызстан утур-утур эл аралык соттордо утулуп, өлкөнүн инвестициялык имиджине доо кетүүдө дешет.

Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы кабарга караганда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кыргыз тарап “Манас” банк боюнча эл аралык соттун чечимин аткарарын, учурда өкмөт бул багытта иштеп жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, 24-октябрда Париждеги арбитраж латвиялык ишкер, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү саналган Валерий Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16,5 миллион доллар доого жыккан. Белоконь 2010-жылдагы Апрель окуясынан соң кыргыз бийлиги Бишкектеги “Манас” банкты мыйзамсыз тартып алып, менчик укугум бузулду деп даттанган болчу.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Бул тууралуу сөз өткөн аптада, Абдылдаевдин Латвияга жасаган сапары учурунда козголгон. Министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков доону төлөп берүү боюнча сөз министрлердин сүйлөшүүлөрүнөн кийинки маалымат жыйында козголгонун билдирди:

- Бул суроо эки өлкө министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, пресс-конференция учурунда көтөрүлгөн. Кыргыз тарап бул маселе тиешелүү процедуралардын негизинде караларын белгилеген. Башка сүйлөшүүлөрдө бул маселе көтөрүлгөн эмес.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кезинде Убактылуу өкмөт аталган банкты мамлекеттин карамагына алууда мыйзам бузбаганын белгилеп, Париж сотунун чечимин туура эмес деп чыккан.

“Манас” банкынан сырткары Кыргызстан эл аралык сотто эки ирет утулган. Түркиялык “Систем мүхендислик” “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча соттошууда кыргыз өкмөтүн утуп, “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын акцияларын камакка алууга жетишкен. Андан кийин Канаданын “Стэнс энержи корп” компаниясы сейрек кездешүүчү Куттуу-Сай кени боюнча кыргыз өкмөтүн Москвадагы арбитражга берип, 118 млн. долларга утуп алган. “Кыргызалтын” ишканасы “Стэнс энержи корптун” пайдасына чыккан чечимди мыйзамсыз деп, Москвадагы арбитражга жана Канаданын сотуна кайрылган. Бирок азыр жыйынтык чыга электигин “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов билдирди:

- Биз сотко берип кайрылганбыз, биздин арызыбыз каралып атат. Бирок Москвададагы сот чечилмейинче, Канададагы Онтарио провинциясынын соту убактылуу тыныгуу алган.

Өкмөт алдындагы соттук өкүлчүлүк “Стэнс энержи корп” боюнча Кыргызстандын арызын Москва арбитражы 12-февралда карамай болгонун “Азаттыкка” билдирди. Анын чечиминин негизинде ишти Канада соту карай баштайт.

Ал эми Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда Кыргызстанга каршы сегиз компания доо коюуда. Доонун көлөмү жалпысынан 1,5 млрд. долларга жакын.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов.
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов.

- Ушул сегиз компаниянын дээрлик баары Максим Бакиев, Гуревичтин аркасы менен келген компаниялар. Ушундан улам мамлекеттин улутташтырбай койгонго аргасы жок. Бизде эки гана жол бар болчу: алардын туура эмес кылганын далилдеп туруп улутташтыруу, же болбосо эл аралык соттордон коркуп, доого жыгылабыз деп ошол эле Куттуу-Сайды,"Мегакомду", Жерүйдү эл аралык шылуундарга берип коюу. Эл аралык шылуундардын арты менен сатылган кен байлыктарыбызды эл аралык соттордон коркуп, карматып жибергенибиз да туура эмес болуп калат. Ошондуктан тобокелге салып,эл аралык соттордо чырылдап-чыркырап өз укугубузду коргогонго биз даяр турушубуз керек.

Эксперттер Кыргызстан утур-утур эл аралык соттордо утулуп, өлкөнүн инвестициялык имиджине доо кетүүдө дешет. Экинчиден, убагында чыгымга алып келчү чечимдерди чыгарган жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгилеп жатышат. Мурдагы баш прокурор, саясий ишмер Кубатбек Байболов Кыргызстандын эл аралык соттордо утулуп жатышын мындайча чечмеледи:

- Өз учурунда эл аралык мыйзамдарды дагы Кыргызстандын ичиндеги мыйзамдардай иретсиз, олдоксон, жоопкерчиликсиз кабыл алышкан. “Ак-Кеме” боюнча төлөдүк, эми Белоконго төлөсөк... Ошонун баары тең элдин акчасы да, аны оңой эле төлөп берип атышат. Эң башында калпыс чечимдерди чыгаргандардын, ушунча акчаны төлөөгө мажбур кылып аткан бир-экөөнү жоопко тартыш керек. Эч кандай жооп бербей, элди ушундай чыгымга дуушар кылып жүрө береби?! Экинчиден, мындан ары кыбыл алынган чечимдер Кыргызстандын мыйзамдарына, эл аралык мыйзамдарга туура келгендей болуш керек.

Кыргыз өкмөтү эл аралык соттордо ар кандай тобокелге барып, өлкө укугун коргоого бел байлоодо. Бул үчүн эл аралык соттордо өлкө кызыкчылыгын коргоого 135 миллион сом бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG