Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тараганга чейин спайсты коркунучтуу заттар тизмесине кошуп, аны колдонууга каршы мыйзам кабыл алганы жатат.

Бул демилге жыл башында Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган болчу. Ал арада милиция бул затты жайылтууга шектелген элүүдөн ашуун кишини аныктап, түздөн-түз катышы бар жети жаранды каттоого алды. Мыйзам кабыл алынса, аларга чара көрүү маселеси каралат.

Спайс (Spice) - бул психотроптук зат. Аны колдонгон адам кумардан башы айланып, өзүн эркин сезет да оюна келгендин баарын жасай берет. Күлөт, бийлейт, айрым учурда ыйлайт. Кээде чакадагы суу көзүнө деңиз көрүнүп, ага башы менен секириши да мүмкүн. Адистердин тыянагы ушундай.

Учурда дүйнө жүзүнө тарап жаткан спайстын курамын химиялык уулуу затка каныккан жыттуу чөп түзөт. Алгач ирет 2006-жылы Европада пайда болгон. Учурда ага Орусияда жана Европанын бир нече өлкөлөрүндө тыюу салынган.

Кыргызстанда негизинен Бишкек шаарында спайстын даамын татып көрүүгө чакырык жасаган жарыялар быйыл жыл башынан бери көбөйдү. Аялдамаларда, дубалдарда көз көрүнө жазылып турат. Биз андагы телефон номурлардын бирине чалып, байланышып көрдүк:

Спайс Кыргызстанда тыюу салынган маңзаттар тизмесине кирбегендиктен, милиция аны таратып жаткандарга чара көрө албай келүүдө. Болгону аныктоо ишин жүргүзүү менен эле чектелет.

Расмий маалыматтар боюнча азыр спайстын бир граммы 1000 сомдон 1500 сомго чейин сатылууда. Ага кызыккандардын басымдуу бөлүгүн 14-25 жаштагылар түзөт.

Ички иштер министрлигинин Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын башчысы Алымжан Козубаевдин айтымында, учурда спайс жайылтууга тиешеси бар деп элүүдөн ашуун адам аныкталган.

- Ал элүү кишинин ичинен чет элден спайс алып келген, ортомчу болгон, тагыраак айтканда, түздөн-түз спайс бизнесине катышы бар жети кишини каттоого алдык. Арасында казакстандык жаран да бар. Бирок ал өз өлкөсүнө качып кетти. Кылмыш ишин козгоп, издөөгө алалы десек, бизде мыйзам жок. Эгер мыйзам кабыл алынса, каттоого алынгандарга карата чара көрүлөт.

Бишкектеги жарыялардын бири.

Бишкектеги жарыялардын бири.

Республикалык Наркология борборуна азырынча спайстан арылуу максатында эч ким кайрыла элек. Бирок абал ушул калыбында уланса, дарыгер жардамына муктаждар саны өсүшү мүмкүн экенин наркологдор белгилешет.

Ал арада Жогорку Кеңеш спайсты маңзаттар тизмесине кошуу боюнча мыйзам кабыл алганы турат. Анын демилгечилеринин бири - депутат Нуркамил Мадалиев:

- Спайстын адамдын ден соолугуна, коомдук турмушка зыян келтирүүчү факторлору көп. Азырынча, ага кумарланып өтө жаман иштерди жасагандар тууралуу уга элекпиз. Бирок акырындап жайыла баштаганы коркунучтуу. Мунун аягы жакшылыкка алып келбейт. Ошондуктан, мыйзам негизинде ага тыюу салуу зарыл. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коркунучтуу зат катары кабыл алынганынын өзү эле ага каршы күрөшүү зарыл экендигин далилдейт.

Мыйзам долбоору парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети тарабынан жактырылды. Эми депутаттар жайкы каникулга кеткенге чейин аны жалпы жыйында карап, кабыл алуу даярдыгы жүрүүдө.

Беларуста сатылып жаткан спайс.

Беларуста сатылып жаткан спайс.

"Спайс" сөзү англис тилинен которулганда түрдүү заттардын аралашмасы деген маанини берет.

Бишкектеги жарыяларда алгачкы колдонуу акысыз экени жазылган. Адистер бул чакырык көз карандылыктын башаты экенин айтышат. Себеби анын даамын бир жолу татып көргөн адам экинчи ирет андан баш тарта албайт. Андан ары маңзаттын башка түрлөрүн да колдонууга жол ачылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG