Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Мааниси кеткен майрамдар...


Ала Тоо аянты, Бишкек. 31-август, 2015-жыл
Ала Тоо аянты, Бишкек. 31-август, 2015-жыл

Кыргызстанда майрам күндөрүн кыскартуу жөнүндө тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси талкууну жаратууда.

Айрым майрамдар бүгүнкү коомдун кызыкчылыгына туура келбей калды, калгандарына өзгөртүү киргизүү зарыл дегендер аз эмес. Деги майрам мамлекет, анын жашоочулары үчүн кандай күн болушу керек? Аны кантип белгилөө зарыл? Совет заманындагы кайсы майрам кыргыз үчүн маанилүү болгон?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, коомдук ишмер Жыргалбек Турдукожоев, Ош шаарынан тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдимиталип Мырзакметов катышты.

«Азаттык»: Дастан мырза, мамлекеттик, улуттук майрамдарга арналган мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду сунуштап жатасыз, ага эмне себеп болду, кандай зарылчылыктан ушундай демилге чыкты?

Дастан Бекешов: Мен бул мыйзам долбоорун жөн жерден алып чыккан жокмун. Коомдо ушул убакка чейин эле талкууга алынып, бир топ сунуштар айтылып келген. Эмгек министрлиги да өз сунуштарын берген, тилекке каршы, Жогорку Кеңештен өтпөй калды. Бул маселе боюнча көп сүйлөшүүлөр болду, тарыхка да кайрылып көрдүк, бир топ сунуштарды коштум. Биздин максат – майрамдарды жоюу эмес. Менимче, саясатка байланышкан майрамдардан кетүү керек, анын ордуна үй-бүлөнү бекемдей турган майрамдарга келишибиз керек.

Мындан сырткары дагы бир мыйзам долбоору “Эскерүү күндөр жөнүндө” деп аталат. Ага кайсы даталар кирет: 17-март - Аксы окуясы, 24-март, 7-апрель революциясы, 9-май, 7-ноябрь күндөрү кирет. 7-апрель, 9-майдан башка даталар иш күнү болуп эсептелет деп сунуштап жатам. Ошол күндөрү мектептерде, окуу жайларында ал майрамдардын маани-маңызы окутулат, ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

“Азаттык”: Дастан мырза, азыркы күндө Кыргызстанда расмий майрам катары таанылган 13 күндө иштебейт экенбиз. Сиздин сунушуңуз кабыл алынып калса канча күн майрамдайбыз?

Дастан Бекешов: 12 майрам күнү болуп калат. Азыркы расмий майрамдардан үчтү чыгарып, кошумча эки майрамды киргизип жатабыз. Бири – Энелер күнү, экинчиси – 1-июнь - Балдарды коргоонун күнү жалпы элдик майрам болсо деп жатабыз.

«Азаттык»: Жыргалбек мырза, азыр Кыргызстанда совет заманынан, коммунисттерден калган майрам, анан эгемен болгондон кийинки майрам деп бөлчү болдук, мурдагы майрамдарды чанып жаткандар аз эмес, майрамдардын мааниси коомду бириктирбей эле бириндетип жаткандай сезилет, аны кантип жөнгө салып, коомдун кызыкчылыгына иштете алабыз?

Жыргалбек Турдукожоев: Улуттук майрамбы же кесиптик майрамдарбы элди бөлүп-жарып жатат дегенге анча кошулбайт элем. Башка маселе, майрам жөнүндө кеп болгондо саясатчылар саясатташтырып жатканы бар...

“Азаттык”: Совет заманындагы 7-ноябрь, 1-май майрамдарын азыркы муун чанып жатпайбы?

Жыргалбек Турдукожоев: Туура айтасыз, Совет заманында туулуп-өсүп, чоңоюп, билим алып калгандар үчүн 7-ноябрь, 1-май дагы өтө чоң майрамдардан болчу, өтө кубаныч менен тосуп алчубуз. Биздин муун ал майрамдардын тарыхый, саясий маанисин билебиз. Өзгөчө 7-ноябрь Улуу октябрь социалисттик революциясынын күнү - кыргыз элин кырылуудан, жок болуудан сактап калган күн катары тарыхта калат. Биз муну терең билишибиз керек.

Кыргыздардын башын кошуп, бириктире турган, ынтымакташтыра турган майрам бул аш-тойлор болгон. Кыргыздар аш-тойлордо черлерин жазышкан.
Абдимиталип Мырзакметов

“Азаттык”: Абдимиталип мырза, сиз тарыхчы-этнограф катары айтсаңыз, кыргызда кайсы учурларды майрам деп санашкан, кайсы бир саясий жагдайлар жалпы элдин башын бириктирген фактор боло алганбы?

Абдимиталип Мырзакметов: Мындан бир нече жыл илгери 1895-жылы Ташкенттен чыккан китеп колума тийип калды. Автору падышалык Орусия учурундагы Остроумов деген окумуштуу экен. Китептин аты да кызык, “Сарты: этнографические заметки...” деп аталат. Ошол китепти барактап отуруп, “Кыргыздын айраны көп, орустун майрамы көп” деген макалды окуп калдым. Сөз жөн жерден чыкпайт эмеспи, чындап эле орустарда ал убакка чейин ар кандай диний, календарлык майрамдары көп болсо, кыргыздарда илгертен андай деле майрамдар болгон эмес. Ушундан улам айтсак, кыргыздарда жалпы улутка тиешелүү майрамы болбогон.

Башкалар айтышы мүмкүн “Нооруз” майрамы бар эмеспи деп. Бул майрам деле бизге чейин иран маданиятына тиешелүү майрам экендигин көрөбүз. Ал эми кыргыздардын башын кошуп, бириктире турган, ынтымакташтыра турган майрам бул аш-тойлор болгон. Кыргыздар аш-тойлордо черлерин жазышкан...

«Азаттык»: Дастан мырза, Польшада 21-январь чоң энелер күнү, 22-январь чоң аталар күнү деп атап алышыптыр. Кызыл эмес, бирок жалпы эли жакшы кабыл алып майрамдашат экен...

Дастан Бекешов: Бизде дагы 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү үй-бүлөлүк майрам катары жайылып баратат. Ошол күнү ата-энелер балдарына көңүл буруп, чогуу болуп, сейил бактарга алып барып ойнотуп дегендей майрамдашса деген оюм бар.

«Азаттык»: Майрамды коом кабыл алыш үчүн эл анын баа-баркын түшүнүү керек дешет. Дегеним, Кыргызстандын көз каранды эместигинин күнү 31-августтун маанисин элибиз, өзгөчө жаштар анча түшүнө бербегендей туюлат...

Жыргалбек Турдукожоев: Бизде мамлекеттик майрамдардын идеологиялык негиздери, базалары иштелип чыккан эмес. Майрамды жарыялап коебуз, кээде эгемендүүлүк күн жөнөкөй эле кесиптик майрамдардын катарында кабыл алынып калат.

Абдимиталип Мырзакметов: Бул убакыттын иши. 7-ноябрь советтик заманда негизги майрамдардын бири эле. Бирок, дароо эле элдик майрамга айланып кеткен эмес. 9-майды деле башында майрамдашкан эмес, кийин белгилей баштаган. Ошондуктан Кыргызстандын башкы майрамы - 31-август көз каранды эместик күнү бара-бара өз ордун табат деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG