Линктер

Шейшембиде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим жана маданият боюнча комитети Улуттук университеттин ректору менен окутуучуларынын ортосунда аттестациялоодон чыккан чатакты териштирген депутаттык топтун жыйынтыгын карады.

Акыркы жылдары мамлекеттин келечегин түзө турган адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоо жана ага окутуучу-профессорлордун каршы болушу коомдо карама-каршы көз караштардын курчушуна негиз берип, көпчүлүктү ойго салууда.

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусун мына ушул маселеге арнап, жогорку окуу жайлардын ректорлору кандай критерий менен шайланып жана тандалып жатат? Жогорку окуу жайларда реформа эмне себептен ишке ашпай жатат? Нааразылыктын негизи кесипкөй адистердин талабынанбы же башка кызыкчылыктардын кармашынанбы деген суроолорду иликтеди.

Талкууга Улуттук университеттин профессору, тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова, ушул университеттин профессору, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыков жана жогорку окуу жайлар боюнча эксперт, Мамлекеттик башкаруу Академиясынын жана Нарын университетинин мурдагы ректору Алмаз Акматалиев катышты.

“Азаттык”: Айнура айым, Алмаз мырза, мына сиз экөөңүздөр Улуттук университеттин ректорлугуна ат салышкан талапкер болгонсуздар. Демек, бул окуу жайда Жогорку Кеңеш териштире турган кризистик кырдаал эмне себептен түзүлгөнү сиздерге жакшы белгилүү. Эмне үчүн Кыргызстандын башкы окуу жайы болгон ушул университетте жетекчилик менен эмгек жамааты тил табыша албай жатат?

Дүйнө жүзүндөгү тажрыйба сыяктуу эле өтө чечкиндүүлүк менен жасалган реформа нааразылыктарды пайда кылды. Ансыз реформа болбойт, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Айнура Арзыматова: Улуттук университетте ректорду шайлоо мындан эки жарым жыл мурун болгон. Алдыга чыккан үч талапкердин бири Чынара Адамкулова жетекчиликке келген. Бул университет акыркы 25 жыл ичинде сазга батып, эч кандай шайлоо болбой, иштегендердин саны негизсиз көбөйтүлүп, окутуучу-профессордук курамдын 50 пайызы негизги иш менен башка ишти айкалыштырып иштеген адамдар болгон. Жалпылап айтканда, окуу жайдын аброю аябай түшүп кеткен. Анан Адамкулова келип, өтө чечкиндүү эрк менен реформаларды баштады. Биринчи жылы институттарды жойду. Андан кийин оптимизация жасап, кереги жок түзүмдөрдүн бардыгын кыскартты. Андан кийин окутуучу-профессордук курамды сыноодон өткөрүп, шайлоо уюштурду. Албетте, дүйнө жүзүндөгү тажрыйба сыяктуу эле өтө чечкиндүүлүк менен жасалган реформа нааразылыктарды пайда кылды. Ансыз реформа болбойт, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

“Азаттык”: Алмаз мырза, ал эми бул жагдай боюнча кандай ойдосуз? Нааразылыктын ырбашына кесипкөй адистердин талабы негиз берип жатабы же бул жерде башка кызыкчылыктардын кармашы болуп жатабы?

Шайлоонун нугу одоно бузулду. Анткени, биринчи орунду алган адам дайындалышы керек болчу, ошондо чыр-чатак болмок эмес.

Алмаз Акматалиев: Менин оюмча, балээнин баары ректорду шайлоо системасында жатат. Карама-каршылыктардын башаты ошол жакта. Анткени, Улуттук университеттин жана андан башка бир нече окуу жайдын ректорлорлугуна шайлоодо үчүнчү орунду алган адамдар дайындалып калды. Албетте, кынтыксыз система жок, бирок шайлоо өзү бөлүнүп-жарылууга алып барат экен. Айрыкча, чакан жамаатты эки-үч топко бөлүп-жарат. Шайлоого канчалык аз адам катышса, бөлүнүү ошончо катуу болуп, карама-каршылык күчөйт. Анан шайлоодон кийин бөлүнүп-жарылып турган коллективдин жетекчилигине үчүнчү орунду алган талапкерди дайындоонун өзү эле дымып жаткан карама-каршылыкты ого бетер ырбатып жатат. Албетте, кимди дайындоо премьер-министрдин укугу, бирок экинчи турду өткөрүү керек же болбосо жок дегенде бир добушту ашык алып, биринчи орунду алган адамды дайындаш керек. Ошондо кантсе да биринчи орунду албады беле деп, кандай жамаат болсо да кичине дымагын басып калмак.

“Азаттык”: Турусбек мырза, сиз ректор Чынара Адамкулованын коррупциялык системаны жоюу, талапка жооп бербеген окутуучуларды сыноо аракетин туура эмес деген профессорлордун бирисиз. Жаңы жетекчилик чын эле жаңыча башкаруу аракетин көргөн жокпу же көнгөн жерден кеткиңер келбей эле каршы болуп жатасыздарбы?

Турусбек Маразыков: Мен биринчи ректорду шайлоо боюнча оюмду айта кетейин. Албетте, шайлоонун нугу одоно бузулду. Анткени, биринчи орунду алган адам дайындалышы керек болчу, ошондо чыр-чатак болмок эмес. Ал эми өкмөттүн токтомунда жазылган кайра түзүүлөргө же оптимизацияга каршы эмеспиз. Бирок Айнура эже айткандай институттар жоюлган менен айрым институттардын лицензиясы менен жеке эсеби ошол бойдон калган. Мисалы, өкмөт токтомуна ылайык Эл аралык байланыш жана ишкердик институту жоюлган, ага карабай ал институттун жеке эсеби жабылган эмес. Жабылса 1 млн 758 миң сомдук акча каражаты кайда чыгып атат? Демек, бул жерде финансылык мыйзам бузуу болгон жана чет жерден келген студенттердин ар бирин 50 миң сомдон алып окутуп келишкен. Биз мына ушундай мыйзам бузууларга каршыбыз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG