Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Кыргызстанда адвокаттарды уруп-сабоо көрүнүшү кеңири орун алууда. 2-августта Ош шаардык сотунун имаратында жактоочу Татьяна Томинаны аялдар тобу төпөштөгөн

Андан бир күн мурун, 1-августта Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда да айыпталуучунун жакындарына жабырлануучу тараптын кол тийгизгени кабарланган болчу.

Татьяна Томина Ош коогалаңы боюнча айыпталып жаткан өзбек тектүү жарандардын жактоочусу. 2-августта Ош шаардык сотуна жумуштап барганда имараттын ичинен аны жабырлануучу бир топ аял ур-тепкиге алганын айтууда.

- Бирөө кайрылып келип эле мени сумка менен уруп калды. Кийин тебе баштады. Анан үч аял жүгүрүп келип, алар да мени сумка менен ургулап, тепкилей баштады.

Мени менен кесиптешим Таштемир уулу Алмаз бар эле. Ал мени сактаганга аракет кылды.

Негизинен мени эч ким коргоого алган жок. Соттун катчылары жана жардамчылары иштеп жатышкандай түр көрсөтүп, баштарын төмөн салып калышты.


Татьяна Томинанын айтымында, аны Жаза аткаруу кызматынын аскер кызматкери уруп жаткан аялдардан арачалап калган.

- Биз имараттан чыга албай калдык. Кийин алар таш көтөрүп келишти. Ал эми соттун катчылары имараттан чыгып кетишти. Биз кесиптешим экөөбүз эле калдык. Ал мени коргоп жатты. Беркилер болсо кайрадан ургулай баштады. Ошол кезде сотко айыпталуучуларды алып келген аскер сакчысы келип калып, берки аялдарды имараттан кууп чыкты. Мен милицияга чалып, анан ошолор мени сыртка алып чыгып кетишти.

Сот залындагы бири-бирин урмай

Томинанын
билдиришинче, бул окуя эртеси күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына барганда да кайталанган. Жабырлануучу тарап аны ар кандай жаман сөздөр менен тилдеп, коркутушканын белгиледи.
Биз имараттан чыга албай калдык. Кийин алар таш көтөрүп келишти. Ал эми соттун катчылары имараттан чыгып кетишти.

Адвокат бул окуя боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Томина адвокаттарга ар тараптан кысымдар болуп, анын ичинде тартип коргоо жана сот органдары иштөөгө шарт түзүп бербей жаткандыгын айтып даттанууда. "Бирок буга көңүл бөлгөн адам жок" дейт жактоочу.

- Басым болуп жатат. Иш боюнча эмне болуп жатканын баары билет. Менин иш менен жакшылап таанышуума мүмкүн болбой жатат. Мен "соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын бергиле, таанышайын" деп өтүнсөм, бүгүнкү күнгө чейин бербей келе жатышат.

Адвокат Татьяна Томинанын сабалышы боюнча эл аралык Human Rights Watch адам укугун коргоо уюму камтамасын билдирди.

Ал эми 1-августта Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотундагы кезектеги сот жараянында мурдагы депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө тиешелүү делген адамдар менен Кадыралиевдин жакындарынын ортосунда чыр чыккан.

Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан Мурасбек Маташовдун агасы Назарбек Маташовдун айтымында, Санжар Кадыралиевдин жакындары айыпталып жаткандарга, анын туугандарына жана жактоочусуна кол тийгизишкен.

Сотко плакат даярдап келген жабырлануучулар. 23-ноябрь, 2010-жыл
- Иш боюнча айыпталып жаткан менин инимди жана Алтынбек Итибаевди, бизди, туугандарды кошуп сот жараяны учурунда сабап кетишти. Ыргал Кадыралиева өзү да спортсмен балдарга кошулуп, менин инимди бут кийимин чечип алып уруп, башын жарып койду.

Бирок Санжар Кадыралиевдин карындашы, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева муну куру жалаа деп атады.

- Сотто Мурасбек Маташевди жана Алтынбек Итибаевди алып келе жатканда кыйкырыктар, айтышуулар болуп кетти. Бирок ошолордун туугандарына жана башкаларга кол салуу болгон жок деп так айта алам. Мен өзүм да ошол жерге барган болчумун, бирок булардын мага коюп жаткан күнөөлөрүн жалаа деп гана айтам.

Кыргызстанда өткөн жылдагы июнь коогалаңынан башка да апрел окуясы боюнча сот жараяны жүрүүдө. Апрель сотунда да жабырлануучу тарап менен жактоочулардын ортосунда бир нече ирет кайым айтышуулар жана кагылышуулар орун алганы маалым.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бакытбек Рысалиев жактоочулардын гана эмес, соттордун коопсуздугу да бүгүнкү күндө арасат абалда болуп жаткандыгын айтат.

Апрел окуясы боюнча сот иши
- Коопсуздукту сактоо соттун милдетине кирбейт. Тартипти тартип коргоо органдары камсыздаш керек. Азыр адвокаттарды гана эмес, сотторду да уруп кеткен учурлар болуп жатпайбы. Ошондуктан соттордун да коопсуздугу да тиешелүү деңгээлде сакталбай жатат. Бул өтө курч маселе болуп жатат.

Ички иштер министрлигинин Коомдук-коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Турсунбек Чаловдун айтымында, апрель жана июнь окуялары боюнча сот процесстериндеги коопсуздук чаралары толук көрүлгөн. Бирок ага карабай мыйзам бузуулар орун алууда.

- Аябай көп мыйзам бузуулар болуп жатат. Негизи жабыр тарткан адамдар тарабынан болууда. Эми аларды да түшүнсө болот, жакындарын жоготкондордун ачуулары келет. Ошолор тараптан көп мыйзам бузулууда.

Адвокатты душман тутпа

Турсунбек Чаловдун
оюнча, көпчүлүк учурда жарандар адвокаттын милдетин толук түшүнүшпөй, аларды душман санап алышат.

- Жактоочу деген мейли айыптуубу же жабыр тартуучубу, алардын укуктарын коргоп, мыйзам жагынан жардам кылат. Аны кээ бирөөлөр түшүнбөй эле адвокаттар туура эмес айтып жатат, айыпталуучуларды колдоп жатышат деп айтышууда.

“Укук жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков Кыргызстанда адвокаттардын коопсуздугу такыр эле корголбогонун белгиледи.

"Буга чейин да келтектелген адвокаттар болгон", - дейт Кубатбеков.

- Мыйзам чегинде да, иш жүзүндө да жактоочулардын коопсуздугу толук камсыз болгон эмес. 2006-жылдары Улукбек Эралиев деген адвокат бар болчу. Улукбек Эралиев белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынып, кийин алган жараатынан каза болуп калды.

Кыргызстанда адвокаттар Юстиция министрлигинен уруксат алып иштегендиктен, мыйзам чегинде ушул мекемеге караштуу болушат. Идирис Кубатбековдун адвокаттардын коопсуздугун камсыздаган атайын орган болсо, бул маселе бир топ жеңилдемек деген ойдо.

Адвокаттардын билдиришинче, Кыргызстанда адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү мыйзамда жактоочулардын кол тийбестиги боюнча берене бар. Бирок тажрыйбада бул мыйзам иштебей келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG