Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Кечээ жакында Астанада СОС-Киндердорф балдар үйлөрүнүн жаштар бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тажрыйба алмашуу жыйыны болду. Австралиялык долбоордун беш күнгө созулган иш-чарага катышкан Бишкектеги Жаштар үйүнүн лидери Ырыс Коконбаева "Сыябан" берүүсүнүн коногу.

"Азаттык": Ырыс, "Сыябанга" кош келипсиңер! Жаштар үйү бул балдар үйүнүн тарбиялануучулары 16га чыккандан кийин жашай турган үй экен. Мен кечээ барып, силердин үйдү көрдүм. Кадимки эле көп кабат үйдөгү беш бөлмөлүү батир, эки бөлмөдө кыздар жашайт, эркек балдардын өзүнчө уктоочу бөлмөсү бар. Залыңар чоң, ашканаңар кенен экен. Жаштар үйүндө канча тарбиялануучу бар?

Ырыс Коконбаева: Тогуз тарбиялануучум бар. Бир балабыз өз оокатын өзү жөндөп калгандыктан келип-кетип тура турган "жарым-жартылай көз карандысыз" деген макам алган. Бирок ага да каралашып турабыз.

"Азаттык": СОС-Киндердорфдун бардык эле балдары Жаштар үйүнө келеби, же окугандар гана барабы?

Ырыс Коконбаева: Бардык жаштар 16 жашка чыккандан кийин бизге которулат. Бишкекте 3 жаштар үйүбүз бар.

"Азаттык": Эгерде өздөрү иштеп, үй-бүлө куруп бөлүнүп кетсе, чыгып кете беришеби?

Ырыс Коконбаева: Алар өз алдынча очор-бачар болуп, жанын багууга жарап калгандан кийин "жарым-жартылай көз карандысыз" деген макам менен жатакана, батирлерге чыгышат. Үч жыл толук биздин көзөмөлдө туруп, ошондон кийин гана өз алдынча жашоого "учурабыз".

Маектин аудио вариантын бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Жаш жагынан чектөө барбы, же 40-50гө чыккыча карай бересиңерби?

Ырыс Коконбаева: Жаш жагынан чек бар, 24 жашка чейин. Бирок ага карабай системадан чыккандан кийин деле алышып-беришип, такай телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Турмуш куруп кеткендер бала-чакасы менен келип соц-мамасы (балдар айылында баккан энеси - авт.) менен катташып турушат.

"Азаттык": Силердин үйдө дасторконго балдар өздөрү ачыткан жарма, өздөрү бышырган нан койдуңар. Мен, мисалы, андай жарма жасай албайт болчумун, буркурап, даамдуу, нан да сонун болуптур. Силердин балдар тамактын көп түрүн билишеби?

Астанадагы Жаштар үйүндөгү ашкана

Астанадагы Жаштар үйүндөгү ашкана

Ырыс Коконбаева: Соц-апалардын тарбиясы көп таасир берген. Кичинекейинен баштап эле үй жыйнаганды, тамак жасаганды, өзүнүн артынан жыйнаганды үйрөтөт. Дүкөнгө да барышат, өздөрү соода кылышат.

"Азаттык": Демек нандын баасын билишет экен да?

Ырыс Коконбаева: Ооба, билишет. Жаштар үйүнө даяр болуп келишет. Эркек балдарыбыз да тамак жасайт, камыр жууруйт.

"Азаттык": Силерде төрт тарбиясы алмак-салмак келип күнү-түнү ошол жерде болот экен, ал эми Жаштар үйүнүн лидери катары силердин милдетиңер кайсы?

Ырыс Коконбаева: Менин милдетим - балдардын окуу жагын карайм. Эгерде жогорку окуу жайга, же окуу жайларга контракт менен тапшыргандар болсо, мугалимдери менен сүйлөшүп, алардын акча маселесин чечем.

"Азаттык": Бир бала экзаменин бере албай калыптыр, ректор менен сүйлөштүңөрбү?

Ырыс Коконбаева: Ал баланын куратору менен сүйлөшүп атабыз. Бирок акырындык менен экзамен тапшырып, диплом алат деп ишенем.

"Азаттык": Пара бересиңерби?

Ырыс Коконбаева: (күлүп) Жок, өзүнүн күчү менен бүтүргөнгө аракет кылабыз.

"Азаттык": Силердин үйдөгү дубалда "Неделя откровенности" («Ачыктык жумалыгы») деп жазылып туруптур, ал эмнени билдирет?

Ырыс Коконбаева өз тарбиялануучусу менен

Ырыс Коконбаева өз тарбиялануучусу менен

Ырыс Коконбаева: Бул балдар өз ара сүйлөшүп, ар бир жуманы башкача атайлы деп чечишти. "Неделя откровенности" - ачык сүйлөшүп, ички дүйнөсүн ачык көрсөтүү деген нерсе. Бизде ар бир жуманын өзүнүн аталышы бар. "Неделя улыбок" деген болгон. Көңүлүң пас болуп турса да, билгизбей, күлүп-жайнап жүрүшүң керек. "Неделя взаимовыручки" деген бар. Ал аптада балдар бири-бирине жардам беришүүгө көңүл бурушат.

"Азаттык": Силердин балдарды мен көрүп жүрөм, мурдагы жылы СОС-Киндердорфтун 10 жылдыгында болгом. Былтыр силердин тарбиялануучуңар Жыпар Прагага келип, бир семинарга катышканда жолуккам. Силердин балдар мыкты мектепте билим алышат, силер көрбөгөн жерлерди көрүшөт, өз алдынча турмушка даярдыгы бар, өз укуктарын мыкты билишет. Ошол эле убакта бардыгы даяр болгонго көнгөн балдар өзүмчүлүрөөк болуп калбайт бекен?

Ырыс Коконбаева: Андайы да бар, "таяктын эки жагы бар" дегендей. Бир жагынан биз балдарды өзүбүздүн канатыбызга калкалап өстүрөбүз. Экинчи жагынан, арасында өзүмчүлүрөөк болуп калган балдар да кездешет. Ушул кемтикти жоюш үчүн биз карылар үйүнө барабыз, балдар кары апа-аталарга жардам беришет.

Андан тышкары бири-бириңерге жардам бергиле дейбиз. Мисалы, сиз айткан Жыпара жакында эле турмушка чыкты. Ага баарыбыз тең чогултуп белек бердик. Балдар да өзүнчө акча чогултуп, чоң духовка алып беришти.

"Азаттык": Өзүңөргө окшогон лидерлер менен Астанада жыйын болгон экен, Казакстанда СОС-Киндердорф балдар айылынын системасы Кыргызстандагыдай эле болуш керек. Бир айылда 10-20 үй болсо, ар бир үйдө бир эне 9-10 баланы багат, айылда өздүк дарыгер, психолог бар. Ошентсе да ортодо айырмачылык бар бекен?

Ырыс Коконбаева: Астанада чоң жакшы нерсесин көрдүм, мамлекет жактан аябай жардам берилет экен. Бизде мамлекет тараптан жетим балдарга жардам каралбайт. Казакстанда жетим балдарды турак-жай менен камсыздоо программасы бар экен. Ошол программа менен бир кыз үй алыптыр. Бизде турак-жай боюнча мыйзам бар, бирок иштебейт. Социалдык үйлөр курулбайт, берилбейт. Ушул жагынан жетим балдар кыйналат. Биздин үйдө кичинесинен акча каражат топтогонго шарт бар, анча-мынча иштеп алган акчасын өздөрүнүн эсебине салышат, демөөрчүлөр бар. Ошондо да кыйналышат.

Жаштар үйүнүн тарбиялануучулары карылар үйүнө да келип турушат.

Жаштар үйүнүн тарбиялануучулары карылар үйүнө да келип турушат.

"Азаттык": СОС-Киндердорф же Чукул жардам Балдар айылынан Кыргызстанда экөө бар эмеспи, бири Бишкекте, бири Чолпон-Атада. Майрам Акаева биринчи айым болуп турган кезде ачылган жайлар бүгүн да кадимкисиндей иштеп жатат. Бишкекте 130дан ашык бала болсо, бул катарга жаштар үйлөрүнүн да тарбиялануучулары да кирет.

Бул балдар баралына жеткенден кийин өзүнчө үй-бүлө куруп кетишет. Ырыс, өзүңөрдүн эки уулуңар бар, алар үйлөнө элек, ошого карабастан, силердин Жаштар үйүндө мына Жыпарды күйөөгө берип, өз энесиндей сеп берип узаттыңар. Канча кызыңарды күйөөгө бердиңер? Кудагый болгон кандай экен?

Ырыс Коконбаева: (Күлүп) Жакшы экен. Өзүм да биринчи жолу кудагый болуп, сый көрдүм. Балдар бири-бирине жароокерленип карагандарын көрүп, аябай сүйүндүм. Кызым жакшы жакка турмушка чыкты, үй-бүлөсү, кайненеси жакшы киши экен. Сүйүнүп, жүрөгүм тынчып калды.

"Азаттык": Кандай сеп бердиң?

Ырыс Коконбаева: Өзүбүз чогулткан белектерибиз бар болчу, сандык, килем бердим. Эми дагы чогултуп, дагы белек беребиз деп ойлоп атабыз.

"Азаттык": Жыпардын ата-энеси бир мезгилдерде Жалал-Абаддагы селден каза тапкан экен. Аны Киндердорфтун энеси кичинекей кезинен тарбиялады. Ошол энеси кызганган жокпу?

Ырыс Коконбаева: Тилекке каршы ал киши көптөн бери бизде иштебей калган. Кийин соц-апа болгон айым да турмушка чыккандан кийин бизден бошонуп кеткен. Бизде талап ошондой. Ушундан улам Жыпарга мен эле эне катары болуп калдым.

"Азаттык": Бардыгы болуп канча күйөө балаң бар?

Ырыс Коконбаева: Азырга чейин үч кызым турмушка чыккан. Ошондо үч күйөө балам бар. Бирок келин ала элекмин.

"Азаттык": Бардык балдарыңардын урматын көргүлө!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG