Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Кыргызстанда соңку жылдары кыргыз тилин үйрөнүүгө дилин салгандар саны арбып жатканы айтылууда.

Тилчи адистер кыргыз тилин үйрөткөн курстарда бош орун калбай жатканын да белгилеп жатышат.

"Эң башкысы - каалоо"

Андрей Ганкин
кыргыз тилинин башталгыч тобунда бир айдан бери окуп жатат. Кыска убакыт ичинде ал мамлекеттик тилде аз-маз сүйлөгөнгө жарап калды. Көрсө мурда мектепте, университетте окуп жүргөндө теңтуштары кыргызча баарлашып жатса тартынбай сөзгө аралашып, түшүнбөгөнүн сурап алчу экен. Ушул жазда "кыргызча эркин сүйлөгөнгө жетишем" деп алдына максат койгон жигит тил үйрөнүүгө баш-оту менен киришкен кези.

- Кыргыз тилин жакшы көрөм, кызыктуу тил. Анын үстүнө Кыргызстандын жаранымын, Мекенимден эч жакка кетпейм. Ошон үчүн кыргыз тилин билишим керек.

Андрей англис тилинен котормочу. Ал тил үйрөнүү үчүн эң биринчи кезекте каалоо күчтүү болушу керек деп эсептейт. Кыргызча үйрөнүү үчүн материалдарды табуу кыйын деген кептерге да кошулбайт. Муну ал жөн гана шылтоо деп билет. Андрей азыр Кыргызстан калк ассамблеясындагы курска бир жумада үч жолу 1,5 сааттан барып турат.

Бул ассамблеяда кыргыз тилин үйрөтүү боюнча курстар ушул жылдын март айында ачылган. Учурда анда 16 киши окуйт. Мекеменин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Папан Дүйшөнбаевдин айтымында, бардык каалоочуларды кабыл алууга азыр мүмкүнчүлүк жок, орун бошогондо гана жаңыларды чакырышат. Азыр тизмеде 30 адам кезек күтүп турат:

- Мындан сырткары башка ишкана-уюмдар дагы жылма график боюнча мугалимине чалып, окуп турушат. Алардын ичинде студенттер, мамлекеттик чиновниктер жана башка кызматкерлер бар. Алар чакан топтордо, 4-5 киши болуп окуй беришет.

Тил үйрөнүп жаткандар арасында “Мир” телеканалынын кабарчысы Александра Мучкина да бар. Александра буга чейин Кыргызстанда төрөлүп, үй-бүлө күтүп, тагдырын ушул жерге байласа да, кыргыз тилине кызыкпаган экен. Бирок жакында ою өзгөрүп, соңку эки жумадан бери кыргыз тилин окуй баштаптыр.

- Анткени кесибим ушундай. Эки тилди тең жакшы билишиң керек. Кыргызча билбесең, аймактарга чыкканда кыйналат экенсиң. Интервьюларды го мейли, кыргызча сүйлөсө, бул жактан орусчага котортуп алам. Бирок кызыкан суроолорума кенен-кесир жооп алып, эл менен ээн-эркин баарлаша албайм. Ошон үчүн курска барайын деп чечтим.

Жогорудагы каармандарыбызга кыргыз тилин Борбор Азиядагы Америка университетинин Кыргыз тил кафедрасынын окутуучусу Гүлмира Дүйшеева үйрөтөт. Ал 15 жылдан бери төгөрөктүн төрт бурчунан келген конокторго жана жергиликтүүлөргө кыргыз тилин чет тил катары үйрөтүүгө адистешкен.

Дүйшееванын айтымында, кыргыз тилин үйрөнөйүн дегендерге камбылдыгы жетиштүү мугалимдин туш келүүсү өтө маанилүү, анткени туура эмес же өтө татаал программа менен окуучуну жүктөп салса, ал кудуретим жетпейт турбайбы деп таштап коюшу мүмкүн.

- Биринчиден, арабызда башкаларды сыйлай билген, Кыргызстанда төрөлүп, кыргыздардын арасында жашап жаткандан кийин бул тилди билишим керек дегендер окуп жатат. Буларды колдоп, жардам беришибиз керек. Экинчиден, муктаждык пайда болду: иш-кагаздар кыргыз тилине өтүүдө, аймактарга чыкканда кыргыз тилин билиши керек, күндүн талабы болуп жатат да. Үчүнчүдөн, акыркы жылдары, айрыкча ушул жылы президент кыргыз тилине көңүл буруп, аны өнүктүрүү боюнча маселени өз көзөмөлүнө алган үчүн да болуп жатат.

Дүйшеева муну менен катар окуу куралдары заман талабына шайкеш жаңыртылып турса деген пикирде:

- Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн окуу куралдарды жок деп айтууга болбойт, бирок аларды заман талабына ылайык тез-тез жаңыртып, кеңири таркатып, мугалимдердин мыкты тажрыйбаларын чыгарууга мамлекет көмөктөшсө, каалоочуларга шарттар кыйла жакшырмак.

Турмуштук муктаждык

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Чолпон Түмөнбаева комиссия мүмкүнчүлүгүнө жараша андай китептерди чыгарууга аракеттенип жатканын, бирок каражаттын жетишсиздигинен көптөгөн долбоорлор ишке ашпай жатканын билдирди:

- 15-20 жыл мурдагыга салыштырмалуу азыр биздин окумуштуулар, тилчилерибиз, мугалимдерибиз окуу куралдарын жазып жатышат. Биз 2006-жылы материалдар жок деген сөздөн улам “Мыкты усулдук” деген сынак жарыялаганбыз. 51 автор катышты, 61 окуу куралы сынакка түштү. Демек жок эмес, бар экен да. Бул жерде жөн гана маалымат жок, маалымат жетпейт.

Маалыматты жана окуу куралдарды кененирээк жайылтуу үчүн аталган комиссия Бишкектен сырткары аймактардагы китеп дүкөндөр жана китепканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Ал эми Кыргызстан калк ассамблеясынын тил курсун улуттук азчылыктар жыш отурукташкан аймактарда жайылтуу ниети бар экен.

Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү мыйзамы 1989-жылы кабыл алынган. Андан бери бул маселе дайыма жандуу талкуу жаратып, биринчи кезекте орус тилдүү калктын каршылыгына тушугуп келет.

Быйыл 25-апрелде парламентте мамлекеттик кызматтарга кабыл алууда кыргыз тили боюнча экзамен киргизүү жана документтик иштерди орус тилинен кыргыз тилине өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынып, президентке жиберилген. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын аягында кыргыз тилин кыстап өнүктүрүү саясатына каршы экенин, эгер мыйзам долбоорунда тилди билбеген үчүн айып пул салуу чарасы каралса, анда ага кол койбосун билдирген.

Кыргызстанда улуттук азчылыктар кыргыз тилин үйрөнгүсү келбейт деген ой өкүм сүрөт. Бирок кыргыздар менен камыр-жумур жашап жүргөн ар кандай улут өкүлдөрү кыргызча шыр сүйлөп жүрүшкөнүнө “Азаттыктын” кабарчылары күбө болуп жүрүшөт. Кыскасы кыргыз тили бул саясаттын предмети эмес, турмуштук муктаждык болуп калганына күбөбүз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG