Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Курманжан датканын 200 жылдыгына карата Баткен облусунун Лейлек районунан келген уздардын колунан чыккан кооз килемдер көргөзмөгө коюлду.

Элеттик уздардын айтымында, Лейлектин килемдери чет мамлекеттерге сатыкка чыгууда.

Лейлектик уздар көргөзмөгө жалпы жонунан алтымышка чукул көлөмдүү килемдерди, кичине килемчелерди, отургучка төшөөчү буюмдарды алып келишти.

Көздүн жоосун алган кооз килемдердин боегу ачык, оюлары көркөм. Буларды көрүп, "Лейлекте кол өнөрчүлүк өнүгүп барткан экен" деген ойго келесиң.

Лейлектин Кулунду айылындагы “Зейнеп” кооперативинин жетекчиси Бүзейнеп Ташбекова буларды айтты:

- Лейлек районунда беш жерде атайын кол өнөрчүлүк боюнча иштешет. Мисалы, Маргун айылында “Анаркан” кооперативи, Кулунду айылында мен жетектеген “Зейнеп” кооперативи, Кара-Суу айылында “Асан-Нур”, Баулда кол өнөрчүлөрдүн тобу бар. Андан сырткары Исфанада, Кара-Сууда жеке жамааттык топтор бар. Бизде кол өнөрчүлүк абдан өнүгүп жатат. Биздин максатыбыз кыргыздын илгертен мураска калган кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүү.



Бүзейнеп Ташбекованын айтымында, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө өкмөт, Маданият министрлиги, жергиликтүү бийлик тарабынан каржылык жардам болбогону менен эл аралык уюумдар - ПРООНдун, АБРдин долбоорлорунун колдоосунда айыл жерлериндеги уздар иш менен камсыз болушкан.

Ал өзү токуган Лейлек килемин 2007-жылы АКШга бир айлык тажрыйба алмашууга алып барып, океандын ары жагындагы кол өнөрчүлөрдү таң калтырып келген экен.

Кундуз Акунова
Баул айылынын кол өнөрчүлөрүнүн жетекчиси Кундуз Акунова 24 кыз-келинди килем токуганга үйрөтүп чыгарганын, алар өздөрүнчө чакан өнөркана ачышып, килемден түшкөн каражат менен үй-бүлөлөрүн багып жатышканын айтты.

- Мына бул килемди 28 миң сом деп турам. Менин килемдерим Түркиянын Измир шаарына чейин сатылып жатат. Узуну беш метр, эни бир метрлик үч килемге 31 миң сомду санап колума беришти. Лейлектик келин-кыздардын негизги каражат табуучу булагы ушул кол өнөрчүлүк.

Кундуз Акунова белгилегендей, килем токуу кыйла эмгекти, талап кылып, көздүн майы корогонуна карабай, Лейлекте кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын сатуу иши жолго коюлбагандыгынан улам ортодон алып-сатарлар пайда көрүшүүдө.

Лейлектик килемчилер.
Лейлек райондук администрациясынын башкы адиси Дилбара Атанова кол өнөрчүлөргө жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлгөнү менен чечилбеген көйгөйлөр көп экенин айтты.

- Азыркы убакта экономикалык оорчулук биздин райондогуларга да тартыштык жаратты. Биздин уз-чеберлер негизинен материалдык жактан жардамга муктаж. Азыркы жаштарды кол өнөрчүлүккө тартууда да көйгөйлөр бар. Нукура сырьелор да кымбат. Койдун жүнү жетишпейт, кымбат.

Бүзейнеп Ташбекова лейлектик уздар Маданият жана маалымат министрлигинен үмүт үзбөй жүрүшкөнүн белгиледи:

- Былтыр биз “Оймо” фестивалына катышканыбызда Маданият жана маалымат министрлигинин өкүлдөрү килемдерибизди көрүп аябай кубанып, “кичи насыяларды беребиз" деп кетишкен. Аликүнчө берише элек.

Бүзейнеп Ташбекова белгилегендей, жакшынакай бир килемди жасоо үчүн 4 аял 15-20 күн талбай иштеп, ага короткoн эмгек айрым учурда акталбай, килемдин наркынан ашпай калат. Маалыматтарга караганда, Баткен, Лейлектин килемдери АКШ, Европа, Түркияга жеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG