Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Кыргызстандык учкуч Ливияда камактан бошоду


Жаатташкан топтордун кагылышуусунан улам Ливиянын борбор Триполи шаарынын аба майданындагы жарактан чыккан учак. 26-август, 2014-жыл. Сүрөттүн макалага түз тиешеси жок
Жаатташкан топтордун кагылышуусунан улам Ливиянын борбор Триполи шаарынын аба майданындагы жарактан чыккан учак. 26-август, 2014-жыл. Сүрөттүн макалага түз тиешеси жок

Украин дипломаттары Ливияда камакка алынган Украина, Орусия жана Кыргызстандын жарандарынан турган учак экипажын бошотуп алды.

Мындай кабарды Украина Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Евгений Перебийнис таратты.

Буга чейин кыргызстандык учкуч Ливияда камакка алынганы тууралуу маалымат болгон эмес.

Евгений Перебийниске телефон аркылуу байланышканыбызда, ал 13-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынан гуманитардык жүк алпарган учакты, анын экипажын Ливия бийлиги “гумжардам жеткирүүдөгү талаптарды бузган” деген себеп менен Гаданас шаарында камакка алганын билдирди. Алардын арасында кыргызстандык Зыков аттуу учкуч да болгон:

- Экипаждын арасында Украинанын эки, Орусиянын үч, Кыргызстандын жана Тажикстандын бирден жарандары болгон. Декабрда биздин элчилик эки украиналыкты, бир орусиялыкты жана кыргызстандыкты бошотууга мүмкүн болду. Калган үчөө Ливияда камакта калууда. Биздин дипломаттардын аракети менен учкучтарды бошотуп эле эмес, аларга коюлган айыптардын баарын алып салууга жетиштик. Биздин элчиликтин жардамы менен алар 1-январда Ливиядан чыгып, Араб Эмираттарына учуп кетишти. Менде пилоттун фамилиясы гана бар – ал Зыков аттуу Кыргызстандын жараны.

Камактан бошотулду делген учкучтар. Арасында Кыргызстандын жараны да бар.
Камактан бошотулду делген учкучтар. Арасында Кыргызстандын жараны да бар.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин кыргыз жараны Ливияда камакка алынганы тууралуу билдирүү тараткан эмес.

Министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков бул тууралуу алар орус маалымат каражаттарынан окушкандыгын, учурда маалыматты тактап жатышканын билдирди.

- Бул маалыматтын чын-төгүнүн билип бергиле деп, биз убагында Украинадагы элчилигибизге жибергенбиз. Азыр бул маалыматты тактап жатышат”- деди Сыдыков.

Анын айтымында, “кыргыз жараны дайынсыз жоголду” деген арыз кайсы бир тараптардан ТИМге түшкөн эмес.

"Мындай арыз Кыргызстандын жарандык авиация агенттигине да түшкөн эмес",- деди агенттик директорунун орун басары Мураталы Токтобеков. Анын айтымында, Зыков кадимки мигранттар сыяктуу эле дипломун көтөрүп алып, чет өлкөлөргө иш издеп кеткен кыргыз учкучтарынын бири болушу ыктымал:

- Биздин учкучтар көп өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Негизинен Орусия, Араб өлкөлөрүндө, Африкада иштеп жүрүшөт. Каерде иштөөнү учкуч өзү чечет. Бизде аларды көзөмөлдөп, ал жерге, же бул жерге барып иште деген жоболор жок. Негизинен айлыкты каерде көп төлөсө, ошол жерде иштешет. Азыр эми чет өлкөгө чыгуу жеңил болуп калбадыбы.

Кыргызстан аба жолдору мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилеринин бири, авиация тармагындагы эксперт Маматназар Жакыпбаевдин айтымында, согуштук аракеттер жүрүп жаткан же кооптуу делген Ооганстан, Ливия, Судан сыяктуу мамлекеттерде да кыргызстандык учкучтар бар жана чет өлкөдө иштеген кыргыз учкучтарынын саны аз эмес:

- Убагында Кыргызстан аба жолдорунда иштеген беш миң кишинин миң чамалуусу учкучтар болгон. Азыр Кыргызстанда 500гө чейин учкучтар бар болсо, калганы чет өлкөлөрдө иштешет. Ал эми Ливия мамлекетине Як-40 учагын ижарага берип, биздин үч экипаж дайыма ошол жерде иштечү. Буга чейин 30-40тай учкуч ошол жакта иштеген. Биздин учкучтар үчүн Ливия мамлекети тааныш өлкө. Уча турган шарттар болсо, азыр деле бара берет.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитет төрагасынын орун басары Жоомарт Сапарбаев “эки айга жакын убактан бери кыргыз жараны камакта” деген маалыматты тактабагандыгы үчүн Тышкы иштер министрлигин сынга алды.

- Бул маалымат чыгары менен биздин ТИМ, өкмөт өкүлдөрү реакция кылышы керек болчу. Анткени, ал кыргыздын жараны да. Биздин элчиликтерге кайрылып, батыраак маалымат алып, жардам берсе болмок. Бул бир чети шалаакылык, бир чети кайдыгерлик. Жумуш башталары менен комитетте ТИМдин өкүлдөрүн чакырып, маалымат алганга мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм.

Ливияда 2011-жылы тутанган жарандык согуш оту бүгүнкү күнгө чейин басыла элек. Анын кесепетинен он миңдеген адамдар, анын ичинде өлкөнү 40 жыл башкарган Муаммар Каддафи набыт болуп, жүз миңдеген жарандар мекенден безишти.

XS
SM
MD
LG