Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

Коалициялык өкмөт кен байлыктарды иштетүүдөгү кейиштүү кырдаалды түп тамырынан бери оңдой турганын жар салууда.

Жаратылыш ресурстары министрлиги кен байлыктарды иштетүүгө лицензиялык талаптарды күчөтүп, тоо-кен тармагынан мамлекетке түшчү кирешени быйыл 583 млн. сомго көбөйтөрүн билдирүүдө.

Кен байлыктарын иштетүүнүн кейиштүү абалы

Жаңы жылдын алдында ишке киришкен коалициялык өкмөт кен байлыктарды иштетүү жаатындагы кырдаалды түп тамырынан бери оңдой турганын жар салууда. Жаратылыш ресурстары министрлиги быйыл үч алтын кенин, атап айтканда Алай районунда Жамгыр, Кара-Казык, Чаткал районунда Иштанберди кендери ишке киргизилерин жана кен байлыктарын иштетүүгө мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөрүн жарыялады. Аталган министрликтин жетекчиси Замирбек Эсенаманов тоо-кен тармагы мамлекеттик казынага быйыл өткөн жылга салыштырганда жарым миллиард сомдон ашырып киреше бере турганын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, соңку он беш жылда кен байлыктарын иштетүүгө миңге жакын лицензия берилген, бирок лицензиялык талаптардын аткарылышына мамлекет жеткиликтүү көзөмөл болгон эмес. Кен чыккан жерлерди иштетүүнүн жыйынтыгы чеке жылытпайт. Ошол себептүү өткөн жылы 550 лицензияны мамлекет кайтарып алган. Февралдын ортосунда тармактык министрлик лицензия алган ар бир ишкана компаниянын отчетун угуп, алардын пайда-зыянын кайра бир сыйра электен өткөрмөкчү болуп жатат.

Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Камеко" компаниясы 3 млрд. 681 млн. доллар пайда көрсө, Кыргызстандын энчисине 14 жылдын ичинде болгону 342 млн доллар тийген.

Кен байлыктарын иштетүүнүн кейиштүү абалын өткөн жылы өкмөттүк комиссия иликтеп чыгып, бул тармак коррупциянын сазына батып калганын жарыя кылган. Комиссиянын отчетуна карасак, мамлекеттик геология агенттиги кен байлыктарды иштетүүгө лицензияны оңду-солду дээрлик акысыз таркатып, мыйзамдарды бузуп, кен байлыктар жөнүндө жарым кылымдан ашуун убакыт бою жыйналган мамлекеттик сырдын баарын ачып, миллиондогон каражаттан мамлекет кол жууган. Мамлекеттик геология агенттиги берген тогуз жүздөн ашуун лицензианттын ичинде тоо-кен тармагында илип алар тажрыйбасы бар бир дагы ишкана болгон эмес. Ошол себептүү 19 жылда бир дагы кен талаптагыдай иштетилген эмес. Алтын кенин чалгындоого жана иштетүүгө берилген 258 лицензиядан мамлекетке бир тыйын пайда түшпөй, алар чайкоочулук кылган ондогон чет элдик фирмалар менен компаниялардын чөнтөгүнө иштеген. Ал эми Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Камеко" компаниясы 3 млрд. 681 млн. доллар пайда көрсө, Кыргызстандын энчисине 14 жылдын ичинде болгону 342 млн доллар тийген.


Коррупциялык желеден тазалоо керек

Тоо-кен тармагындагы кырдаалды иликтеген өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Базарбай Мамбетов кен байлыктарын иштетүүгө берилген бардык лицензияларды кайтарып алып, кен байлыктарды иштетүүгө уруксат берүүнү коррупциялык желеден таза моделдүү жолго салмайынча бул тармакта эзели иш оңолбойт деп билдирди.


- Мурда берилген лицензиялар боюнча жарым-жартылай иштеп аткан компаниялардын баарынын иштерин токтотуп, лицензияларын алып, элден мурда бизге керектүү оңдолгон, сыналган системаны түзүшүбүз керек. Бир алтын кенин алып, ошол жерге ошондой системаны киргизип, ошол жерде талаптагыдай моделин түзүп, калган алтын кендерин чет элдик инвесторлор менен ошол модель боюнча иштетүүнү колго алмайын биздин жер байлыктарын колдонууну эч качан оңдой албайбыз.

Кен байлыктары натыйжалуу иштетилбей жатканынын объективдүү себептери да бар экенин айта кетүү керек. Мисалы Таластагы Андаш алтын кенин иштетүү экологиялык зыян болот деп чочулап жаткан жергиликтүү элдин каршылыгынан улам убактылуу токтоп турат. Дагы бир мисал Нарындагы Солтон-Сары алтын кенин чалгындоого кыргыз-кытай ишканасы уруксат алган, бирок бул маселе жергиликтүү эл менен кеңешпей чечилген үчүн нааразылык болуп жатканын Мин-Булак айылдык кеңешинин депутаты Алмаз Өмүралиев "Азаттыкка" билдирди.

Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановдун айтымында, Кыргызстандын кен байлыктарын иштетүү мыйзамдарында жергиликтүү бийликтин, жергиликтүү калктын кызыкчылыгы каралган эмес. Ошондуктан жер-жерлерде жергиликтүү эл каршы болгон көрүнүштөр болуп жатат.

Министр мындан ары бул кемчиликти оңдоп, кен байлыктарын иштетүүгө лицензия берүүдөн мурун жергиликтүү эл менен кеңешип-кесип, ачык-айкын чечүүнү милдеттүү жолго саларын билдирүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG