Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Кыргызстанда интернет таркатуу үчүн уруксат же лицензия алуу машакаттуу иш болгондуктан, өлкөдө интернет тармагы өнүкпөй келет – деп билдирди Борбор Азиядагы Эркин Базар институту.

Аталган уюм провайдерлерге лицензия берүүнү токтотуу керек деп эсептейт. Ошол эле кезде интернеттин сапатын камсыз кылуу үчүн лицензия калышы керек деген жүйө да айтылууда.

БАЭБ: Лицензия интернеттин өнүгүшүн кечеңдетүүдө

Нарын шаарынын тургуну Аныкбек Өмүрбеков аймакта интернеттин жетишсиздигине кабатырланганын айтууда. "Эгер Нарынга бир эле эмес, бир нече провайдер интернет алып келсе, баа арзандап, элдин калың катмары интернет колдоно баштамак",-дейт Аныкбек:

- Учурда интернеттин өнүгүүсү абдан начар. Себеби бизге бир гана провайдер эмес, бир канча провайдер келсе аябай жакшы болот эле. Биздин шаарыбыздын элдин деңгээли да, жаштарыбыздын билимге болгон умтулуусу да өнүгөт эле деп эсептейм.

Борбор Азиядагы Эркин Базар институту өрөөндөргө интернеттин таркалбай жатканын провайдердин лицензия алуу машакаты менен байланыштырууда.

Институт жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда бир провайдер интернет таркатууга уруксат, же лицензия алуу үчүн 6 багыттагы документтердин топтомун даярдашы керек. Мындан сырткары провайдердин техникалык мүмкүнчүлүктөрү 14 пункттан турган талаптарга туура келиши керек.

Аталган институттун изилдөөлөр боюнча директору Сейитбек Усмановдун айтымында, лицензия алуу провайдерлерден убакытты жана каражатты талап кылат:

- Лицензияны алуу үчүн интернет провайдерлердин көп чыгымдары кетет. Лицензия үчүн документ топтоо, изилдөөгө аябай көп кыйынчылыктар, убакыт кетет. "КыргызТелеком" сыяктуу чоңураак интернет провайдерлер үчүн лицензия алуу анчалык деле кыйын эмес чыгаар. Майдараак компанияларга бул өтө кыйын. Аймактарга интернет жеткирейин десе деле буга лицензия тоскоолдук кылып жатат.

Маалыматка ылайык, мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген Молдовада, Азербайжанда интернет-провайдерлер эч кандай лицензия албастан, жөнөкөй гана каттоодон өтүп иш алып барат. Мындан улам аталган өлкөлөр интернеттин таркалышы боюнча Кыргызстандан кыйла алдыда турат. "Эгер лицензия алуу талабы жок болгондо Кыргызстанда да провайдерлердин саны көбөймөк",-дейт Усманов:

- Эгер лицензия жок болгондо көбүрөөк компаниялар интернет жеткирмек, Бишкекте, региондордо. Азыр болсо бул тоскоолдук болуп, региондорго "КыргызТелеком" гана интернет жеткирет. Ошондуктан биз агенттиктен, парламенттен сурайбыз, милдеттүү лицензияны тыйып салсын деп. Ошондо көбүрөөк компаниялар, анын ичинде кичирээк компаниялар интернет жеткире башташат. Ошондо интернет Кант, Кызыл-Кыя, Кербен өңдүү аймактарга чейин жетет.

Лицензия калышы керек деген пикирлер да бар

Кыргызстанда интернет таркатуу үчүн провайдерлерге Байланыш агенттиги макулдук бериши керек. Бир катар адистер интернет провайдерлерди көзөмөлдөй турган орган керек жана лицензия калышы абзел дешет. Маселен, “АзияИнфо” интернет компаниясынын жетекчиси Александр Самойленко провайдерлерди лицензиялоо сунушталып жаткан интернеттин сапатын камсыз кылуу зарыл деген оюн билдирди:

- Эгер азыр ар бир провайдер "эмне кааласам ошону кылам" дей берсе, ар кыл маселелер чыгышы мүмкүн. Лицензиялоо керек. Интернет провайдер техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшү абзел. Сен жөн гана интернет менен алек боло турган адам эмес, интернетти жеткире алаарыңды көрсөтүүгө тийишсиң. Мындан улам бул тармакты көзөмөлдөп турган орган болушу керек. Мен лицензиялоону алып салуу жакшы натыйжаларга деле алып келбейт деп ойлойм.

“Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун маалыматтары боюнча, Кыргызстанда 60ка жакын интернет провайдер бар. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарына топтолгон. Борбор Азиядагы Эркин Базар институту провайдерлердин санын көбөйтүп, аймактарга тартуу үчүн лицензияны алып салуу сунушун менен парламентке жөнөткөнү турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG