Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Чынгыз Айтматов фондунун төрайымы Мария Айтматова жубайы - залкар жазуучунун 85 жылдык мааракесинин алдында “Азаттыктын” кабарчысы менен маектешти.

“Азаттык”: Мария айым, Айтматовдун адабий мурастарынын тагдыры кантип атат?

Мария Айтматова: Анын акыркы романы “Ак илбирс” (“Снежный барс”) экенин билесиңер. Ага чейин ал “Алтын жана кар” (“Золото и снег”) романын жаза баштаган. Жазуучуларда боло жүргөн нерсе экен, капысынан эле “Ак илбирске” кирип кетип, аны жазып бүтүргөн. Беркиси болсо башталган бойдон иш үстөлүндө калып калган. Аны деле 2008-жылы Брюсселге келгенде аягына чыгайын деп ниет кылып жүрдү. Тагдырдын буйругу ушундай болду, жазып бүтө албай калды. Архивинде жазылып бүтпөй калган башка пьесалары, повесттери, аңгемелери бар. Кийинчерээк “Жер жана флейта” деген романынын кол жазмасы табылды. Ал дагы бүтпөптүр.

Негизи аягына чыгарыш керек деген чыгармаларынын бардыгын дайыма жанына алып жүрчү. Кол жазмаларын салган атайын портфели боло турган. А бул роман (“Жер жана флейта”) архивиндеги эски кагаздардын арасында экен. Менин байкашымча бул 70-жылдарга чейинки учурдагы окшойт. Чүй каналынын курулушу, адамдардын тагдыры бар. Каармандын артында өзүнүн өмүр баянына таандык өңүттөр да жүрөт.

Ушулардын баарын басып чыгарсакпы дегенбиз. Бирок Чыңгыз Төрөкулович өлгөндөн кийин кызык жагдайлар түзүлүп калды. Чыңгыз Айтматов Кыргызстан үчүн чоң бренд экен. Бардыгы анын атын пайдалангысы келет. Андайлардын бири Лондондо жашаган Рахима Абдувалиева өзүнө пиар жасагысы келди. Ал жерде Айтматов академиясын түзүп, Англия мыйзамдарынан пайдаланып, Айтматовдун китептерин басып чыгарып жатат. Айтматовду чет өлкөдө популяризациялап жатат. Англия мыйзамдары анын тарабында экен, биз эч нерсе кыла албайбыз.

“Азаттык”: Сиздерден, мураскерлерден уруксат алыш керек беле?

Мария Айтматова: Ал жазган имиш бизге. Бирок эч кимибиз алган жокпуз.

“Азаттык”: Сиз жазуучудан “Жер жана флейта” романы, пьесалары, аңгемелери калды деп атасыз. Алардын кийинки тагдыры кандай болот?

Мария Айтматова: Биз Англияда, Түркияда, бул жерде чыгармаларын уруксатсыз басып чыгарып жаткан чайкоочулар менен күрөшүп жатабыз. Биз адегенде ушундайлардан мыйзамдуу түрдө коргонуп алышыбыз керек.


Кол жазмалар эмнеге басылбайт?

“Азаттык”: Редактордун кароосуна бересизби? Ширин (кызы, ЖК депутаты Ширин Айтматова – ред.) да бизге берген интервьюсунда күчтүү редакторлор карап чыгышы керек деп айтты эле.

Мария Айтматова: Билесизби, балким редакторлор керектир. Мен дагы кол жазмаларды бир нече сыйра окудум. Менимче аз-маз эле оңдош керек. Эгер редакциялоого жол берсек стили, башкалары бузулат. Ошол бойдон калтыруу керек. Жакшынакай эле окулат. Бүтпөгөн чыгармалар да.

“Азаттык”: Айтматовду изилдөөчүлөр ошол чыгармаларды көрө элекпиз деп атышат. Качан көрсөтөсүз? Алардын арасынан ишеним арткан кимдир-бирөө барбы?

Мария Айтматова: Мисалы, Абдылдажан Акматалиев окуса болот, ал окугусу келип атат.

“Азаттык”: Окурмандарчы? Мен, мисалы, качан окуйм?

Мария Айтматова: Басмадан чыкканда го. Билесизби, оор болуп атат. Себеби кимдир бирөөнө берсең - башталат. Мага азыр сиз кол жазмасын сатып ийген турбайсызбы, үйүн сатып ийген турбайсызбы, тигинисин-мунусун саткан турбайсызбы деп айтып атышат. Коркосуң. Биз эч нерсе саткан жокпуз, коруп отурабыз. Чыңгыз Төрөкулович да, анын кол жазмалары да элдики. Биз азыр чыгармаларын башкалар басып чыгара албагыдай кылып, мыйзамдаштыруу кадамдарын жасап жатабыз. Мисалы, Абдувалиева ага жазуучу бардык чыгармаларын басууга уруксат берген деп билдирип жүрөт.


Жазуучунун архивинин чети оюла элек

“Азаттык”: Жазуучунун 85 жылдыгына карата жаңы чыгармалары чыгабы?

Мария Айтматова: Жетишпейбиз го. Балким туулган күнүнө карата аракет кылабыз.

“Азаттык”: Алар эч ким окуй элек, жаңы чыгармалар болобу?

Мария Айтматова: Жаңы чыгармалар. Андан тышкары “Уулу менен кездешүү” (Свиданье с сыном) деген эски аңгемеси болот. Ал көп жерге чыккан. Менимче 1954-жылы жазылса керек. Бирок, жарыяланган ал нускасында кол жазмасындагыдай трагизм жок.

“Азаттык”: Кызык, “Жер жана флейта” романын эмнеге узакка чыгарбады экен?

Мария Айтматова: Балким жеке турмушка байланыштуу чыгаар. Сонун сүйүү бар ал жерде. Архив менде эмес эле, кийин өткөрүп беришти.

“Азаттык”: Жазуучунун бүтпөй калган чыгармаларын жалгыз өзүңүз карайсызбы же балдары Ширин менен Элдар да аралашабы?

Мария Айтматова: Алар да окушат. Мен эми кара жумушчумун да. Архивди, кагаздарды аңтармай, тескеп-териштирмей. Алар абдан көп. Мен совет доорун араң карап бүттүм. Совет доорунан кийинки кездеги кагаздары дагы бир бөлмө болуп жатат.

“Азаттык”: Жазуучу чыгармаларын өмүрүнүн акырына чейин кол менен жаздыбы же...

Мария Айтматова: Колу менен гана жазды. Өмүрүнүн акырына чейин колу менен жазды.


Фонд эмне иш кылып атат?

Мария Айтматова: Фонд Айтматов өзү жашаган жерде үй-музей даярдап атат. Ал - 1980-жылдан баштап туруктуу жашап, иштеген үй. Албетте, дача деп аталганы менен, ал үй эле болчу. Токтогул көчөсүндөгү үйүн мамлекетке өткөрүп берип, Чоң-Арыктагы эски үйдү сатып алган.

“Азаттык”: Азыр эми үй-музейдин канчасы бүтүп калды?

Мария Айтматова: Ошол үйдүн отуз пайыздайы мамлекеттик резиденцияга кирип турат. Тирүү кезинде эле сатып алайын деп суранган. Бирок, дароо чечилбей, мамлекет бөлүп-бөлүп, адегенде эки бөлмөсүн, 2008-жылдан кийин архивге деп эки бөлмөсүн берген. Музей жасап жаткандан кийин деп, өзү жашаган жагын бошотуп, берки жагына көчкөнбүз. Эми бизге зарыл болгон учурда бошотуп беришиңер керек болот деп жазып атышат. Ушундай маселе. Ошого карабай 85 жылдыкка карата музейди жасап атабыз, болгонун көрө жатарбыз.

Азыр кыргыз-түрк “Манас” университети да 85 жылдыкка карата “Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму” деген конференцияны уюштурганы жатат. Ал үчүн өкмөттөн токтом керек экен. Ал чыга элек.

“Азаттык”: Жазуучунун 85 жылдыгын өткөрүүнү уюштуруу боюнча өкмөт тарабынан сиз менен жолугушуу демилгелери көтөрүлө элекпи?

Мария Айтматова: Жок. Эч кандай. 100 миң сом бөлүнөт деп атышат. Ширинге ушундай иш-чарага бул эмне деген каражат десем, мамлекетте акча жок экенин түшүнүшүң керек дейт. Жок дегенде токтом чыгарып беришсе болот эле. Мааракени өткөрүү боюнча дагы орусиялыктар “быйыл биздин жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун мааракеси” деп айтышкандан кийин эстерине келишти.

“Азаттык”: Москванын жанындагы дача боюнча да талаш-тартыш жүрүп атты эле. Ал эмне болду?

Мария Айтматова: Чыңгыз Төрөкулович “Иностранная литература” журналында башкы редактор, Михаил Горбачевдун маданият иштери боюнча кеңешчиси болуп турганда, элчи болуп чет өлкөгө кеткенге чейин ал дачада жашаганбыз. Андан кийин ар башка адамдар жашашты. Небереси Айпери Айтматова балдары менен жашады. Ал жерде эмне болуп жаткандыгын мен билбейм.

“Азаттык”: Рахмат. Саламат болуңуз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG