Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:35

Сокулукта жергиликтүү гезитте иштеген Абдул-Aхат Курбанов Тажикстандагы Жерге-Тал районунда иштеп жүргөндө Айтматовду чакыртууга аракет кылган.

Aбдул-Aхат Курбанов азыр Сокулук райондук «Элдик жарчы» гезитинин кабарчысы. Кезегинде Беларуста билим алган Курбанов Тажикстандын Жерге-Тал районунда чыгуучу «Кара-Тегин» гезитинде көп жыл иштеген. Тажик тилинде түш жоруган замандашыбыз алды менен Беларуста окуп жүргөндө Айтматов тууралуу уккан-көргөнүн баяндады.
Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:


Абдул-Aхат Курбанов: Беларуста студенттер концерттерге барышат. Мен көбүнчө музейге, чиркөөлөргө барчумун. Бишкектеги Чүй проспектиси дегендей, ал жерде Машеров деген чоң проспект бар.

Петр Машеров илгери Беларусияда ВЛКСМ борбордук комитетинин, кийин Коммунисттик партиянын биринчи катчысы болгон, СССР Баатыры, Социалисттик эмгектин баатыры. Согуштун учурунда партизандык кыймылдын башында жүргөн адамдардын бири.

Ошонун атындагы проспектте бир жолу кетип баратсак, эл топурап атыптыр. Жанымда бир тажик бар. «Равтам» (кыргызча: баралы) десем, «Не бар ал жерде?» деди. Бирдеме бар, менден сураба, экөөбүз барып көрөбүз дедим.

Барсак, китеп сатылып атыптыр. Эки китеп экен, бири - Чыңгыз Айтматов менен Түгөлбай Сыдыкбековдун орус тилиндеги романдары, экинчиси - Алыкул Осмоновдун ырлары. Ушул эки китепке кезекке турушуптур.

- "Менин кыргыздарымдын китеби!", - дедим. Чөнтөгүмдү карасам, акча бар экен. А, жакшы, - дедим ичимден кудуңдап. Берки балага "Китеп көбүрөөк тийсе, акча берип тура аласыңбы? Бүт сатып алабыз", - дедим.

«Кызыл кулактык кыласыңбы?» дейт. "Жок, мен алып туруп, ар бириңерге бирден белекке берем", - дедим. Барсак мага көп бербей койду. Биз да кезектин этегинде жетип калдык.

Мен тээ жолдун боюнда сүйлөшүп турган адамдар биз менен, ошолорго да бергиле, - дедим. Чындыгында, тааныбаган эле кишилерге кол жаңсадым. Ашыкча сатпай коюшту. Акыры беш-бештен экөөбүз он китеп алдык. Мен бир-бирден тажик жолдошума бердим.

Курбанов андан ары Беларуста Айтматовдун китеби боюнча тасманы көргөндө да катуу сыймыктанганын эскерди.

Абдул-Ахат Курбанов: Түркмөндөр «Найман эне» деп кино тартышкан. Режиссеру Тажикули Нарлиев. Бир күнү аны Минскидеги «Вилньюс» деген кино театрда коюп жатышыптыр. Гезиттен окуп калып, группага бүт айттым. Биздин Айтматовдун киносу болот, - деп бүт группа менен бардык.

Барсак кезек узун экен. СССР Журналисттер союзунун мүчөсү катары эки билетти кезексиз алып, бир беларус менен кирдим. Калгандары кийинки сеансты күтүштү. Айтматовдун күчүн ошондо билдим.

«Айтматов жазуучу эмес, философ»

Тажикстандагы улуттук азчылыктын өкүлү катары Курбанов нарктуу тажик адабияты менен катар кыргыз адабиятын, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын терең изилдеп окуган. Ал арада дасторконго палоо келди. Маектешибиз Айтматовду жазуучу эмес, байыркы грек философтору Сократ менен Платондун катарындагы ойчул деп билээрин айтып, сөзүн улантты.

Абдул-Ахат Курбанов: Чыңгыз Айтматовдун “Акбаранын көз жашы” деген чыгармасында Акбаранын курсагында эки бөлтүрүк бар эмеспи. Ташчайнар курсакка башын коюп жаткан болот. Үстүндө вертолет учуп жүрөт, тоону адамзат ээледи, токойду ээледи, сайды ээлдеди, ГЭС курду, жол салды, завод, фабрика, шахты... баары салынды.

Акбаранын ичиндеги күчүктөр кыймылдаганда Ташчайнар «Эми кайда барабыз, кайда жашайбыз?» деп ойлойт. Айтматов карышкырды айтып жаткан жок, өзүбүздү айтып жатат, адам баласы акыл-эс менен болсун деп жатат. Айтматовдун чыгармаларында ушундай бир кызыл жип келет.

«Саманчынын жолу» повестинде Толгонай чыгып, "Саламатсыңбы кутман талаам!" деп Жер эне менен сүйлөшөт. Касым, Субанкул, Жайнак деген балдары, күйөөсү баары согушка кетти, келини Алиман экөө калды. Эне баарын жоготту! Бүт алдырды! Энеде бир Жер гана калды. Эне келиним көз жарса, тукумданат деп күттү. Жер «Кел, Толгонай, келдиңби? Мурдагыдан өңүң башкача болуп калыптыр го» дейт.

Жер белги берип жатат. «Эй адамзат, өңүңөн кетип жатасың, акылыңа кел!» деп жатат. Айтматов ушунча кылдат айтат. Айтматов ким деп кыргыздан сурасаң, Айтматов биздин жазуучу дейт, жазуучу деп бала бакчадагы бала айтыш керек.

Айтматов ойчул! Айтматов философ! Айтматов даанышман! Бүттү...

Жаңыл Жусупжан: Анын жазганы бүгүн да жандуу (актуалдуу) тема эмеспи.

Абдул-Ахат Курбанов: Aныкы түбөлүктүү. Тарыхта кандай Рудаки калды, кандай Сократ менен Платон калды, Айтматовдун аты да тарыхта калат деп ишенем. Бүт жер жүзүнөн кыргыздар өчүп, көчүп кеткен күндө да Айтматовдун аты калат. Сoкрат, Платон, Рудаки, Гёте, маселен, мындай кишилер тарыхта калат. Айтматовдун ой жүгүртүүсү планетардык масштабда болчу.

Тажиктин Муминшо Каноатов деген мыкты бир акыны бар, “Голоса Сталинграда” деп ыр жазган. Ошол ыры үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.

Ушул кишини биздин райондо (Жерге-Талда) үч, төрт район кошулуп, СССРдин Жогорку Кеңешине депутатыкка шайлайбыз дегенде жолугушууга келип калды. Жолугушуу Жар-Мазар деген айылдын чайханасында болду.

Ал убакта мен гезитте иштечү элем, бир суроо бердим. Мен тажикче сүйлөдүм, тажикче мен таза сүйлөйм. «Урматтуу агай, Айтматовду бир алып келбейсизби?! Тажикстандын кыргыздар жашаган жерине ошол кишинин таманы бир тийсе, биз ошол жерди жыттап, өөп жүрсөк!» дедим.

Ошондо ал: «Айланайын, ал ушунча чоң киши, ага жетиш кыйын» деди. «Сен быякта тур, мен сыймыктанам Айтматов менен. Москвага барабыз, чет өлкөгө барабыз, мен тажикмин деп айтпайм, мен Айтматовдун жердешимин деп айтамын!» деди. Мен Каноатовдун чыгармаларын абдан көп окучумун.

Айтматов алп! Ал аалам!

Бир арман

Абдул-Ахат Курбанов: Бир арман – Айтматов Нобел сыйлыгын алган жок. Ар бир чыгармасын окуса, бул өзү сыйлык, бирок баарына берилип жаткан сыйлык эмне үчүн Айтматовго берилбеди. Нобел сыйлыгын берүүчү комитетке «Архипелаг Гулагдын» автору Солженицын мүчө экен. Ал Айтматовго каршы болгон, анткени Солженицын Советтер Союзунан чыгып кетти, коммунистик режим мени куугунтуктады деди, а «Айтматов коммунист, ал советтик жазуучу» деп туруп, каршы добуш берди. Бир добуш жетпей калды, бул болгон иш.

Көлдүк Муңдузбек Тентимишев деген журналист бар азыр Насирдин Исанов жөнүндө китеп жазып жатат. Мундузбек Тентимишев Айтматов кайтыш болоорго жакын теледен суроо-жооп кылып, ошондо «Сизди Нобел сыйлыгына жапондор, Орто Азия мамлекеттери, Батыш көрсөтүп жатты, а эмне болуп алган жоксуз?» десе, «Солженицын каршы добуш берип койгон» деп айтат.

Ал "өттү кетти, мейли",- дептир. Мурда таң калчумун, көрсө Солженицын каршы добуш бериптир.

ЛДПРдин лидери Жириновскийге окшоп Солженицын «Кыргызстан, Казакстан падышачыл Орусиянын мурдагы губерниялары» деп айтып жүргөн. Ага окшоп, кээ бир улуу адамдардын кээде улутчулдук жагы абдан күчтүү болуп кетет турбайбы.

Кошумча маалымат: Чыңгыз Айтматовдун Солженицын менен эски “чатагы” болгон. Айтматов Александр Солженицын менен Андрей Сахаровго каршы "Правда" гезитинде 1973-жылы жарык көргөн, экөөнү “антисоветтик аракеттерде” айыптаган ачык катка кол койгон советтик белгилүү жазуучулардын катарында болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG