Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Кечээ, 11-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган «Айтматовдук окуулар – 2015» эл аралык илимий-практикалык конференция болуп, ага Кытайдан, Түркиядан, Өзбекстандан, Казакстандан, Азербайжандан, Жапониядан жана Орусиядан атактуу окумуштуулар катышты. Илимий жыйынга карата чогултулган макалалар көлөмдүү жыйнак болуп жарык көрүптүр. Бир гана бирок – нускасы чектелүү, 300 гана даана чыгыптыр. Арасында “Азаттыктын” авторлорунун бири Жолдош Турдубаевдин бул чакан эссеси да бар экен.

Бүт ааламды бир өзүнө сыйдырган

«Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деп Айтматов өзү эң таасын баа берип кеткен «Манастан» баштап бүгүнкү жетишкен руханий, маданий деңгээлибизге чейинки узак жолдун терең маани-маңызын кайра эле ушул залкар адамдын бийиктиги менен гана өлчөөгө болот. Бир кезде жашы улуу экендигине карабай эң жакын достор катары сыйлашып өткөн орустун чыгаан композитору Дмитрий Шостаковичтин «Чыныгы чыгармачыл инсан бүт ааламды бир өзүнө сыйдыра алат» деген сөзүн Чыңгыз Айтматов өмүр бою унутпай, кол жеткистей көрүнгөн бийиктикке умтулуудан талбай келген.

Шүүдүрүм

«Делбирим» («Кызыл жоолук жалжалым»), «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Эрте келген турналар» повесттери, соңку «Тоолор кулаганда» романы да бул дүйнөдөгү бардык түстөрдү чогултуп, кайра миң бир түспөлгө чагылдырып берген шүүдүрүмдөй таасирдүү касиетке ээ. Казак драматургу Калтай Мухамеджанов менен биргеликте жазган «Фудзиямадагы кадыр түн» пьесасы ыйман бийиктигине умтулуу трагедиясын баяндайт. «Кассандра тамгасы» романы – түйүлдүктүн пайда болушунан тартып космостук мейкиндикке чейин созулуп жаткан рух толгонуусунун туундусу. Көркөм иштелиши жагынан ар кандай бааланып, карама-каршылыктуу пикирлерди туудуруп келаткан бул китептин философиялык мааниси абдан татаал, терең экендиги анык.

Чыңгыз Айтматов

Чыңгыз Айтматов

Бирок бүт ааламды бир өзүнө сыйдыруу мүдөөсүнө залкар жазуучу «Кызыл алма» аңгемесин, «Жамийла», «Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт», «Ак кеме» повесттерин, «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» романдарын жаратуу менен кыйла толук жете алган деп ойлойм. Нукура кыргыз кыртышынан өнүп чыгып, жалпы адамзаттык деңгээлдеги көркөм туундуларды бере алган алп таланттын улут катары биздин жетилүүбүздөгү маанисин терең аңдап билүү үчүн ириде дал ушул чыгармаларды кунт коюп окуп үйрөнүүгө тийишпиз. Мезгил (тарых) жана мейкиндиктеги (дүйнөдөгү) өзү ордубузду, өнүгүү багытыбызды туура аныктап алуу үчүн бул абдан зарыл.

Студент кезинде сүйүп калган кызына алма берем деп дегдеген жигиттин армандуу баяны Адам ата менен Обо эненин ак-караны ажырата билүүсүнө себеп болгон тааным алмасы менен үндөшүп кетет. Кеп атактуу Робертино ырдаган «Аве Марияны» аңгеменин каарманы Исабеков кызы Анара менен угуп, экөө бирдей таасир алгандыгында эле эмес. Европалашкан элдерге кеңири белгилүү талаш-тартыш алмасы, шагынан үзүлгөндө жөн эле топ этип жерге түшүп калбай, Исаак Ньютондой генийдин башына тийип, бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын ачуусуна түрткү берген алма ж.б. сонундар окурмандын оюна келет деп жазуучу өзү деле ойлобогон болсо керек.

Жаңы эле тили чыгып, тигил эмне, бул эмне деп сурагандан тажабаган наристени да, жашарын жашадым, көрбөгөнүм гөр калды деген карыны да кайдыгер калтырбай турган бул ажайып аңгемени өзүңүз окуп чыгыңыз, балдарыңызга, неберелериңизге окутуңуз, урматтуу окурман! Ушул аңгеме боюнча Бишкек шаардык театры койгон оюнду да сөзсүз түрдө барып көрүңүздөр, өкүнбөйсүздөр.

«Жамийладан» «Боз салкынга» чейинки кыргыздар

«Жамийланы» кыргыз прозасынын аксакалы, «Мен миң жыл жашадым» деген Түгөлбай Сыдыкбековдон «Кышында чардаган бакалардын» автору Асанбек Стамовго чейинки замандаштар түшүнгөн жок… Демек, сынчы Кеңешбек Асаналиев таасын белгилеп кеткендей, кыргыздардын көпчүлүгү Чыңгыз Айтматовду «Эл жазуучусу», «Мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси» ж.у.с. дүңгүрөк атактын эсебинен гана үстүрт тааныйт экен. Андыктан үй-бүлөгө, баланын тагдырына кайдигер карап, сүйүүнү айбандык кумарын кандыруу деп түшүнгөн азыркы кээ бир ургаачыларды балдар «Жамийла» атап алышыптыр деп ысыккөлдүк Б.Өмүралиев агай күйүнүп жазса, каракулжалык бир жаш мугалим ушуга жакын тайыз түшүнүктү окуучуларына өзү таңуулап жатса, буга таң калбай эле коюу керек.

Даниярдын жүрөгүндө улуу сүйүү жашаган зор адам экендигине сүрөтчүлүк шыгы ойгонуп жаткан Сейиттин гана көзү жетип, ал эми караламан көпчүлүк куру намыстын деңгээлинен өйдө көтөрүлө албады. Бир кезде Жамийланы күчкө салып ала качкан садыктар бүгүн Эрнест Абдыжапаровдун «Боз салкынын» чала, үстүрт, бир жактуу түшүнүп алып, канча кыздардын убалына калууда. 1962-жылы Чыңгыз Айтматов «Советская Киргизия» гезитине «Буга силер күнөөлүсүңөр, жердештерим» («Это ваша вина, земляки») деген ачык кат менен шекерликтерге кайрылган. Тилекке каршы, кыргыздарда аялзатын кор туткан ошондогудай мамиле азыр да сакталып, атүгүл ого бетер кеңири жайылып бараткандай.

Нарциссизмден кутулуу оңойбу?

Айтматовдун жазгандарын кыргыз кыртышына жат деп жеригендер бар. Аларды шарттуу түрдө экиге бөлсө болот. Биринчилери – көралбастыктан арыла албай, «эгер Айтматов чыкпаса, мен алдыда болмокмун» деп ойлогон айрым жазуучулар. Экинчилери – улутту калпак, боз үй, комуз сыяктуу этнографиялык белгилери менен айырмалануучу биримдик гана деп түшүнгөн, тилдик туюму өнүкпөй, көркөм табити жетилбей, дүйнө таанымы наадандыктын шириси менен чектелип калган окурмандар.

Улуттук дарамет дүйнөлүк деңгээлдеги көркөм, руханий дөөлөттөр менен азыктаганда гана толук ачылат. Болбосо элдин чыгармачыл көрөңгөсү «жергиликтүү маанидеги бийиктиктерден» өйдө көтөрүлө албайт, б.а. ортозаарлардын өзүмчүл (тууганчыл, жаатчыл, жердешчил, уруучул ж.б.) тобу үстөмдүк кыла берет. Ичи тарлардын жан дүйнөсүнө түбөлүктүү дөөлөттөр менен бүт аалам эмес, учурдагы эле кыргыздын эң жөнөкөй баалуулуктары да сыйбайт. Ошолордун кесепетинен көптөгөн каада-салттар теңирден тескери бурмаланып кеткен (мисалы, накта жапайычылык болуп калгандыгын көпчүлүк түшүнбөй жаткан кыз ала качуу, ысырапкорлукка айланган кийит берүү, жыртыш ж.у.с.).

ХХ кылымдын улуу ойчулу Эрих Фромм «Сүйүү өнөрү» («Искусство любить») китебинде жеке адамдын да, бүтүндөй улуттун да жетилүүсүндө өзүнө өзү маашырланып, оркойгон кемчиликтерин көргүсү келбей калган көөдөк курак болорун жазган. Тилекке каршы, биз, кыргыздар, нарциссизм деп аталган ушул өксүктөн дегеле айыга албай келебиз.

Ширинин үч катмарын бузуп өткөн мээр күчү

(Айтматов жана дин)

Кыргыз сынчыларынын ичинен Айтматовдун чыгармаларын дээрлик конгениалдуу (автор менен бирдей даражада) түшүнүп, таасын талдоого жетишкен Кеңешбек Асаналиев «Кылым карытар бир күндөгү» ширинин (маңкуртчулуктун) үч деңгээлде чечмеленүүчү метафора экендигин далилдеген. Үч деңгээл же үч катмар – бул улуттук, жалпы союздук (же ошол кездеги социалисттик блоктун деңгээли) жана дүйнөлүк деңгээлдер. Булардын ар бирин чектеп, ички маңызын бурмалап турган түшүнүктүк, саясый, идеологиялык, диний ж.б. ширилерди жеңип өтмөк тургай, мындай опурталдуу нерселер жөнүндө ой жүгүртүүгө да башка кыйынсынган жазуучулар батынмак эмес (балким, мындай ойлор алардын башына да келген эмес).

Айтматов жана манасчы Саякбай Каралаев

Айтматов жана манасчы Саякбай Каралаев

Бир кезде ашынган атеизм үстөмдүк кылгандай эле, бүгүн кыргыздарда обу жок фанатизм кеңири жайылып жатат. Мындай шартта Айтматовдой улуу инсандын руханий изденүү тажрыйбасына таянуу керек деп эсептейм. Окурмандардын эсинде болсо керек – «Кызыл алмада» диний мазмундагы «Аве Мария» деген классикалык ыр жаңырат. «Эрте келген турналарда» Библиядагы Иовдун китебинен эпиграф келтирилип, Анатайдын атасы согушта курман болгондугун угузганда арабдардан бизге жеткен Курандын кырааттуу аяты окулат.

«Кылым карытар бир күндө» Эдигей Казангап досунун сөөгүн бир кезде Найман эне боздоп ыйлаган Малакумдуучапка көөмп жатканда да куран окуйт. Бирок, окумуштуулар туура баамдагандай, анын бул сыйынуусунда исламдан башка диндердин да элементтери жуурулушуп кеткен. Мисалы, ал «эгер адам өлгөн соң жаны башка макулукка өтөрү чын болсо, мени ушул асманда каалгып учуп жүргөн айрыкуйрук кылып жарат» деп кудайга сыйынат эмеспи. Жуң-жаңдардын колуна түшүп калган уулун издеп сапарга аттанган Найман эне желмаян төөсүнө минип жатып: «Ляа илаха ил алла» («Кудайдан башка кудай жок»), - деп келме келтирет. Бирок адамдык эң башкы сапатынан (эс-тутумунан) ажыратылып, маңкуртка айлантылган баласын көргөндөгү жүрөк титиреткен кошогунда кудайдын өзүн каргаганга чейин жеткен жери бар…

Христиан билермандарын дүрбөлөңгө түшүргөн «Кыямат» романындагы Иса пайгамбарга байланышкан сюжеттик сызык канондоштурулган төрт евангелиенин бирине да бүт бойдон туура келбейт. Тескерисинче, мында азыркы дүйнөлүк деп эсептелген диндердин жаралуусуна негиз болгон байыркы ишенимдердин (мисалы, теңирчиликтин, тотемизмдин) да белгилери даана байкалып турат. Ушуларды талдап отуруп, Айтматов «Кассандра тамгасындагы» диндерди касташуунун эмес, жакындашуунун, өз ара сыйлашуунун, түшүнүшүүнүн каражатына айлантуу үчүн сыйынуу эркиндиги жөнүндөгү идеясын өмүр бою жүрөгүндө багып, акылында бышырып, жетилтип келгендигин көрөбүз.

Кандай гана күчтүү, таасирдүү дөөлөт болбосун, адамдын бактысына, адам болуусуна, ички чыгармачыл, руханий дареметин ачууга канчалык өбөлгө түзсө, ошончолук гана мааниге ээ. Бир дагы салт, бир дагы «-изм» (идеология), бир дагы принцип же дин түпкү максат (самоцель) болбоого тийиш. Адам (улут, адамзат) өз тагдыры үчүн эң оболу өзү жооптуу. Мына ушул жобону Айтматовдун бүтүндөй чыгармачылык жолунун негизги идеялык тыянактарынын бири деп ойлойм. Муну жазуучунун соңку табериги болуп калган «Тоолор кулаганда» романы таасын далилдеп турат: бул китептин баш каарманы Арсен Саманчин Евразия медиафорумунда дин төбөлдөрүнүн үрөйүн учура турган «Кудайды да Сөз багат» деген ойду айтат.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG